Германияда парламенттин төмөнкү палатасы консерватор Ангела Меркелди канцлердикке шайлады. Ошону менен өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бул кызматка аял киши, болгондо да чыгыш германиялык саясатчы келди.
Германия парламентинде шейшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгын Бундестагдын төрагасы Норберт Ламмерт жарыялады:
- Ошону менен, мыйзамгер доктор Ангела Меркел канцлер болуп шайланды. Ал, немис парламентиндеги добуштардын жетиштүү көпчүлүгүн алып, Федералдык Германия Жумуриятынын биринчи канцлер-айымы болуп калды.
Меркелдин консерваторлору жалпы шайлоолор орто заар аяктагандан эки айдан кийин гана кызматынан кетип жаткан канцлер Герхард Шрөдердин социал-демоократтары менен коалициялык өкмөт түзө алды.
Меркел Германиянын экономикасын көтөрөм, жумушсуздукту азайтам, өлкөнүн Кошмо Штаттары менен алакасын оңойм, деп сөз берген. Ангела Меркел Германиянын эң алгачкы аял жетекчиси, ошону менен катар, мурдагы коммунисттик Чыгыш Германиядан чыккан алгачкы канцлер болуп калды. Бирок анын оңчулдар менен солчул күчтөрдөн куралган коалициясы канчага чыдаары белгисиз.
Берлиндеги Фрайе университетинин саясий серепчиси Инго Петерс коалицияда социал-демократтар менен оңчул партиялардын өкүлдөрү теңме-тең болгондуктан, бир беткей багытты кармануу кыйын болот деп шектенет:
– Эки теңата шериктен турган бул коалициянын өзгөчөлүү курамы – негизги маселе. Эгер күчтөр мынча тең салмактуу болбогондо, канцлерге аны башкаруу жеңилирээк болмок.
Коалиция биринчи кезекте экономиканы көтөрүү менен алек болот, тышкы саясаттан Меркел Вашингтон менен жылуу-жумшак мамиледе болгону менен, Кошмо Штаттары менен алаканын кескин жакшырышы күтүлбөйт, себеби солчулдар мурдагыдай эле немис аскерлерин Иракка жиберүүгө каршы. Түркия да коалициянын баш оорусу болот. Герхард Шрөдер Түркиянын Евросоюзга кошулушун колдоп келген, бирок Меркелдин консерваторлору Анкарага толук мүчөлүк берүүгө каршы.