ИРАК СОГУШУ БОЮНЧА БУШКА КЫСЫМ КҮЧ АЛУУДА

Оппозициядагы улук конгрессмен Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылгандан кийин, АКШнын президенти Жорж Буштун Ирак саясатынын айланасындагы талаш кескин курчуду. АКШнын Өкүлдөр палатасындагы Демпартиянын эң аксакал өкүлдөрүнүн бири Жонн Мурса ушул бейшембиде "Куралдын күчү менен Кошмо Штаттары Иракта мындан артык эч нерсе кыла албайт" деп айтты. Буштун администрациясы дароо Мурсанын кадамына дүрбөлөң салуучулук деп баа берди.
Конгрессмен Жонн Мурсаны Америкада куралдуу күчтөрдү айныксыз колдогон саясатчы катары билишет. Ошондуктан, анын Вашингтондогу пресс-конференциядагы бул сөздөрү дароо көпчүлүктүн көңүлүн бурду:

- Багытты өзгөртүүгө мезгил келди. Биздин аскерлер кыйналып кетишти. Биздин өлкөнүн келечеги коркунучта. Биз азыркы багытты уланта албайбыз. Ирактагы куралдуу операцияларды улантуу Америка Кошмо Штаттарынын да, Ирак элинин да, Перси булуңундагы башка өлкөлөрдүн да кызыкчылыктарына такыр жооп бербейт.

Мурса - АКШ армиясынын эс алуудагы полковниги, Вьетнам согушунун ардагери. Убагында АКШнын Иракка басып киришин колдоп добуш берген. Бүгүн бирок америкалык аскерлерди Ирактан мүмкүн болушунча тез арада, эң эле создугуп кетсе, алты айда алып кетиш керек деп эсептейт.

Мурса Өкүлдөр палатасында коргонуу чыгымдарын көзөмөлдөгөн суб-комитеттин мүчөсү. Ушуну эске алганда, бул таасирдүү консгрессмендин чабуулуна Буш администрациясынын айрыкча кападар экендигин элестетүү кыйын эмес. Ак үйдүн маалымат катчысы Скотт МакКленнан Мурсанын саясий билдирүүсү Демократиялык партиянын ашынган либерал канатынын турумун колдоого тете деди. Президент Буш контрчабуулду мурдараак баштаган. 11-ноябрда ал мындай деп айткан:

– Айрым демократтар жана согушка каршылар азыр бизди чалгын маалыматын бурмалап, Ирак согушуна байланыштуу Американын элин алдаган деп айтып жатышат. Бирок бул сынчылар жакшы билгендей, Сенаттагы эки партиянын өкүлдөрү жүргүзгөн тергөө Ирактын ядролук курал программасы боюнча чалгын жамаатынын маалыматтарын өзгөртүүгө саясий кысым болбогонун көрсөткөн.

Буш администрациясы чалгын маалыматтарын бурмалаганын далилдеген ондогон изилдөөлөр жарык көргөн. Бирок кимдики чын, кимдиги жалган экенин балким эч качан түбүнө жете албашыбыз да ажеп эмес, деп баш чайкашат айрым изилдөөчүлөр.

Кандай болгон күндө да, соңку окуялар "Америка эмнеге Иракка басып кирди? Америкалык аскерлер качан мекенине кайтып келет? - деген суроолордун айланасында жүрүп жаткан кайым-айтышка дагы май чачаары шексиз.