“ТАПАНЧА” БАЛБАНДЫН ТАГДЫРЫ

  • Ырысбай Абдыраимов
Түштүк аймагына «тапанча балбан» деген аты менен таанымал Ибрагим Узаковдун азыр жумушу жок. Тапанча балбан деген ат ага Өзбекстанда коюлган. Азия чемпиону Раатбек Санатбаев, олимпиадалык чемпион Юрий Мельниченко жана алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү маркум депутат Баяман Эркинбаев кезегинде Ибрагим Узаковдун мектебинен өтүшкөн. Спорт мектебин негиздеген Тапанча балбандын пикиринде азыр спортко жетиштүү көнүл бурулбай калды. Улуттук, же алыш күрөшүн жайылтуу жайында болбой жатат.
Ибрагим Узаковго «тапанча балбан» деген ат Өзбекстанда удаасы менен оор салмактагы бир нече балбандарды жыкканда коюлган. Күрөштү ал жети жашында баштаган, эмгек сиңирген машыктыруучу жана СССР спортунун, Борбор Азиянын чемпиондук наамын 18 жана 48 жашында жеңип алганы менен азыр жумушсуз. Кезегинде андан байге талашып, кыр көрсөткөн тажикстандык жана өзбекстандык балбандар да болгон. Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмдөрүндө 250дөй балбанды жыккан тапанча балбан коркутууларга карабай, улуттук күрөштөн кайра тартпай, атаандаштарын жыгып келген:

- Өзбекстандын Карасуусунда чоң байге күрөш болгон. Ошол мезгилде жалаң оор салмактагы балбандардан 11 балбанды жыгып, лидер болуп чыга калгам. Ошондо 9-10ун жыгытканда күрөштү токтотуп туруп, күрөштү башкарып аткан адамдар бул чыныгы тапанча экен. Бүгүндөн баштап тапанча балбан деген ат берели деп, ошол жерден бата кылышкан. Ал бул жерде үй-бүлөм турат, мен бул жердин жыгылбай жүргөн балбаны элем, бир күн мурда күрөшүп жыгыттың, бүгүн сиз жыгыласыз деп туруп алды. Анан мен кой андай болсо күрөшпөй эле коелу, байгени барып ала бер деп чыгып кеткен учурлар да болгон

Ибрагим Узаков мезгилинде Азиянын чемпиону Раатбек Санатбаев менен олимпиадалык чемпион Юрий Мельниченкону жана алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү, маркум депутат Баяман Эркинбаев менен жүздөгөн спорт чеберлерин машыктырган. Сузак районундагы өзү туулуп-өскөн Карадарыя айылында балдардын спорт мектебин ачкан. Мектепте 200дөн ашык бала машыгат, бирок спорт мектеби кемчиликтен кур эмес. “Тапанча балбан” – Ибрагим Узаковдун пикиринде, тармакка жетиштүү көңүл бурулбаса, кыргыз спортунун абалы келечекте кандай болот, бул маселе түшүнүксүз. Өлкөдө конкреттүү жумуштун ордуна саясий оюн менен алпурушу басымдуулук кылат.

- Күрөш, волейбол, баскетбол, футбол секциялары бар. Бардыгы болуп эки жүздөй бала машыгышат. Бош убактыларын тамеки чегишпей, арак ичишпей залда өткөрүшөт. Мунун тарбиялык мааниси өтө чоң. Имаратты оңдоп ремонт кылганбыз, бирок төшөлө турган маталары тытылып, жокко эсе болуп калган. Балдар күрөшсө буту түшүп, травма алышы мүмкүн. Мындайча айтканда, спортко Кыргызстан карабай калды. Себеби спортко карашка бийлектегилердин чолосу да тийбей атат, алар бийлик талашмай менен алек.

Анын шакирттеринин бири Сулайман да улуттук күрөш боюнча СССР спортунун чебери нормасын толтурган. Сулаймандын айтымында, Ибрагим Узаковду тааныткан улуттук же алыш күрөштү эл арасына жайылтуу абзел:

- Тапанча, Баяман балбандардын эмгектери чоң. Балбанчылыкты калтырбай, колдон келсе чоңойтуш керек. Керек болсо бүт Кыргызстан боюнча мектептерге таратыш керек. Бул - илгерки ата-бабадан калып келген кыргыздын улуттук накта күрөшү.