ООГАНСТАНДА 18 ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЛТҮРҮЛДҮ

Ооганстандын ички иштер министрлигинин малыматына ылайык, дүйшөмбү күнү өлкөнүн батышындагы Хелманд провинциясында буктурмадан кол салууда кеминде 18 полиция кызматкери өлтүрүлдү. Кол салуу үчүн талибдердин калдыктарын айыпташканы менен, провинциянын полиция командачысы чабуулга Пакистан менен чек ара аймагындагы баңги аткезчилери да аралашкан деген божомолун билдирди.
Ооган өкмөтүнү өкүлдөрү ушул күндөрү Кошмо Штаттарында инвесторлорду тартуу боюнча семинарларды өткөрүп жүрүшөт. Кабул өкмөтү америкалык бизнесмендерди Ооганстанда кырдаал тынчып калды деп ишендирүүгө далалаттанууда, бирок соңку кол салуу өлкөдө бейпилдик али бекем орной элек экендигин айгинелеп койду. Бул Ооганстандын жаңы тирдигип келаткан улуттук полициясына каршы эң кандуу чабуул болуп калды.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Юсеф Станзайдын айтымында, кербенде 150 чакты полиция кызматкери баратканда куралчандар күтүүсүздөн чабуулга өтүшкөн:

- Дүйшөмбү күнү Кабул убактысы боюнча кечке маал саат 5-6ларда Ооган улуттук полициясынын кербени Хелманд провинциясында жаңы бекиген аймактык коопсуздук полиция башчысын офицерлерге тааныштырууга бараткан. Бирок аларга Ооганстандын душмандары буктурмадан кол салышты. Кагылышуу түнкү бирге чейин созулду. Натыйжада Ооган улуттук полициясынын 18 мүчөсү шейит кетти, алардын арасында Хелманд полиция башчысынын орун басары Аманулла Хан да бар.

Чабуулдун башкы бутасы чынында да жакында Хелманд провинциясынын Регистан ооданынын коопсуздук кызматын жетектөөгө бекиген Мохаммад Вали болду окшойт. Кол салуудан Вали аман кутулду. Чабуул жасагандардан канчасы жапа чеккени кабарланган жок. Тергөө ишине байланыштуу Хелманд провинциясынын полиция башчысы генерал Абдул Рахман шейшемби күнү Бахрам Чах шаарына барды. Ал телефондон “Азаттыкка” буларды билдирди:

– Бул жерде капчыгай бар. Кол салгандар капчыгайды бардык тарабынан курчап алышкан. Полиция кербени түз эле ошол жакка кирип барган. Чабуул башталганда полициячылар дөңсөөлөрдүн бирин көздөй чегинүүгө аракеттеништи. Бирок аларды бардык тараптан аткылашты.

Беш полиция унаасы жок кылынган, кабарларга Караганда, кол салгандар алтынчы унааны тартып алышты. Талиб согушчандарынын маалымат катчысы шейшембиде кол салууну биз уюштурдук, деп ырастады. Бирок генерал Рахман Бахрам Чахда жашаган баңги аткезчилери да аралашкан болушу керек деп шектенет. Ал бул тарапта суу тартыш, калкы жарды, айыл-чарбасына же башка ишке шарты начар экендигин айтып, буларды кошумчалады:

- Бахрам Чахда элдин мыйзамдуу иши же кирешеси жок. Алар бир гана аткезчилик менен жан багышат. Бул аткезчилер борбордук өкмөттүн бул жакта бекемделишин каалашпайт. Ошондуктан, албетте Бахрам Чахтын тургундары бул чабуулга аралашты, бирок биз кырдаалды териштирип жатабыз.

Хелманд провинциясында акыркы эки жылда баңгиликке байланышкан башка да зордук-зомбулуктар болуп келген. Борбордук өкмөттүн алардын апийим айдалган аянтарын жок кылуу аракеттерине тиш кайраган бул жактык апийим өстүрүүчүлөр коопсуздук күчтөрүнө бир нече ирет кол салышкан.