ООГАН ЖАШТАРЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ БҮДӨМҮК

Ооганстанда калктын жарымынан ашыгы – 30га чыга элек жаштар. Көбү 20 жылдан ашыкка созулган согуштун шартында бой жетишти. Бир катары Иранда, Пакистанда качкын болуп чоңоюшту. Азыр алар келечекке бир чети үмүттөнүп, бир чети тынчсыздануу менен карашат. «Азаттыктын» кабарчысы Голназ Эсфандиари жакында Кабул университетинде ондогон студенттер менен жолуккан эле.
Ооган жаштары болгону ишибиз болсо, жакшыраак билим алсак деп тилешет. Бирок узак уруштар жаңы басылган ооган жергесинде бул - өтө эле чоң үмүт.

21 жаштагы Мухаммад Кабул университетинде мыйзам жана саясат таануу факультетинде билим алат. Ал «Азаттыктын» кабарчысына ооган жаштарынын башындагы эң башкы оорчулук – жумушсуздук экенин билдирди:

- Ооганстандын жаштарынын бири катары, жолум болуп, Кабул университетин эки жылда бүтөм деп турам. Бул университет Ооганстандагы эң мыкты билим берүү борбору. Мен анлгисче сүйлөйм, компьютерди да билем. Бирок окууну бүтсөм иш таба албай каламбы деп, такай сар-санаамын.

Мохаммадын пикиринде, ооган коомчулугу жаштардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карайт, тааныштарың болбосо иш да таба албайсың. 18-сентябрда Мохаммад парламенттик добуш берүүгө катышты. Азыр эми талапкерлер ооган элине кызмат кылам деген убадаларын аткарат, деп үмүттөнөт.

Аталган окуу жайдын дагы бир студенти Фарзане тескерисинче, шайлоого барган да жок, ал талапкерлер кур убада беришкени менен, кыйратып иштеп беришпейт, деп эсептейт. 22 жаштагы кыз келечекте иш таба алаарынан күмөндөр:

- Бир күнү дипломду колго алаармын. Анан эмне болоорун билбейм. Үйдө отуруп, эмнеге убара болдум, университетте окугандан көрө кийим тиккенди үйрөнсөм, пайдасы тийбейт беле деп ойлой берем.

Ал эми Нажибе Бадахшандан. Түрк маданиятын окуп жатат. Нажибе шайлоого барып, добуш берген. Ал баары болбосо да, депутаттардын бир бөлүгү пайдалуу иш кылаарынан үмүттөнөт. "Биз парламенттен жаштарга көңүл буруп, жумуш орундарын түзүүгө кол кабыш кылат деп күтөбүз" дейт 23 жаштагы студент кыз. Нажибенин сөзү боюнча, окууга келгенге шаардык унаанын акысын да төлөй албаган студенттер бар. Ал эми кыздар дискриминацияга дуушар болуп, дагы башка кыйынчылыктарга туш келишет .

22 жаштагы Акмалды Ооганстанда чет элдик аскерлердин турганы кооптонтот:

- Ооганстанда согуш токтогону менен, баары телегейи тегиз болуп калган жок да. Кабулда аз гана киши иштеп, акча табат, элетте элдин жумушу жок, жакыр. Экономика начар, эл жада калса курсагын тойгуза албайт. Америкалык, дагы башка аскерлердин турганынан оңдуу бир нерсе чыгаарына көзүм жетпейт. Алар өз көмөчүнө гана күл тартышат болуш керек.

Бирок 25 жаштагы болочок юрист Кадыр башкача көз карашта:

- Биздин өлкө чет элдик аскерлерсиз боло албайт. Ансыз согуш чыгат, жер-жерлердеги кол башчылар баш көтөрөт, биз окуй албай калабыз. Америкалык аскерлердин турганы бизге керек.

Кадыр 18-сентябрда добуш бергени барды. Ооганстанда келечек парламент жаштарга көңүл буруп, өлкөнү алгалатат, деп ишенет ал.