Эки жылда бир ирет өтүп туруучу Улуттук оюндардын спартакиадасы Талас облусунун уюшулгандыгына 60 жана Манас ордо комплексинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналып быйыл Таласта өтүп жатат. Улуттук оюндар боюнча мөөрөй талашууларга Алатоонун 7 облусунун жана Бишкек шаарынын командалары катышууда.
Кыргызстан эгемендүүлүк алганы өлкөнүн улуттук спорт түрлөрү боюнча биринчи Спартакиадасы 1997-жыл Бишкекте өткөрүлгөн. Мында спорттун 12 түрү боюнча 6 облустун жана Бишкек шаарынын 313 спорт чеберлери катышкан. Жалпы командалык биринчиликти Чүй областы, 2-орунду Ысыккөл, 3-орунду Нарын облустары жеңип алышкан.
Ал эми 2-Спартакиада Кыргыз Республикасынын 10 жылдыгына жана Курманбек баатырдын 500 жылдыгына арналып Жалалабад шаарында 2001-жылы өткөрүлгөн. Мында командалык биринчиликти Ош областы, 2-орунду Нарын, 3-орунду Ысыккөл областтарынын командалары ээлеген.
2003-жылы 3-Спартакиада Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналып, спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн. Буга да 7 облустун жана Бишкек шаарынын командалары катышкан. Мында бишкектиктер баш байгени камсыз кылышкан.
Таластагы 4- Спартакиадага Бишкектин командасын баштап барган шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов эгемендүүлүктүн шарапаты менен улуттук спортту өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп, мындай деди:
- Жакында эле Жогорку Кеңеш улуттук оюндар боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Бул дагы кылымдардан бери мурас болуп келаткан элдик оюндарыбыздын өсүп өнүгүшүнө жакшы шарт түзмөкчү. Кыргыз дене тарбия академиясында улуттук спорт боюнча кафедра ачылып жатат. Алгач адистерди даярдап алсак, Бишкекте улуттук оюндардын спорт мектебин ачуу тилегибиз бар. Спартакиаданы 2 жылда бир өткөрбөй, баркын кетирбей олимпиадалык оюндар сыяктуу 4 жылда бир өткөрсөк мааниси да жогоруламак.
Улуттук оюндарга аш-тойлордо гана көңүл бурулуп, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мектеп жоктугун ысыккөлдүк ордочу Бекен Калдыбаев билдирди:
- Мектептерде ордо боюнча биринчиликтер өткөрүлүп турчу. 3-4 жылдан бери окуучулар үчүн мелдештер болбой калды. Караколдо эмес Бишкекте да үстү жабык ордо аянты курула элек. Бул демилгени колдоп, улуттук спорт түрлөрү боюнча атайын адистешкен спорт мектебин ачуу - мезгил талабы. Улуттук оюндарды мектеп программасына да киргизүү керек.
Кыргыз күрөшүн Алатоо аймагына кеңири жайылтуу керектигин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Марсел Мураталиев да белгиледи. Анын айткандарын спорт ардагери Мухит Кайбылдаев да кубаттап, улуттук оюндарды унутууга болбостугун айтты.
Алгачкы таймаштарды тогуз коргоолчулар Талас шаарында 21-сентябрда баштап, акыл сынактары улантылууда. Ордочулардын мелдеши да Талас шаарындагы стадиондо өтүп, 23-сенятбрда бишкектиктер баш байгени жеңип алышты. Улуттук күрөштүн балбандарын күч сынашуулары 23-сентябрь күнү башталды.
Ал эми Манастын күмбөзүндөгү атмайданда ат оюндарынын 7 түрү боюнча мелдештери өткөрүлүүдө. Төртүнчү спартакиадага жети облустан жана Бишкектен баш аягы сегиз жүздөй адам, 135тен ашуун жылкы катышууда. Спартакиаданын салтанатуу ачылышы 23-сентябрда Манастын күмбөзүнүн жанындагы ат майданда болду.
Мелдештердин финалдык таймаштары 25-сентябрь күнү өтөт да, жалпы командалык биринчи орунга татыктуу болгон командага 150 миң сом байге берүү каралган. Экинчи орунга 100 миң сом, үчүнчү болгон командага 50 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылат. 4-Спартакиадасынын ат оюндары жана финалдык таймаштары ушул күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.