26-августта Бишкектеги «Аккула» ат майданында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө президентинин көкбөрү боюнча кубогуна арналган мөөрөй талашуулар башталды.
Быйыл 13 августта Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын түзүлгөнүнө 7жыл толду. Жети жылдын ичинде эле кыргыздын улуттук сыймыгы болгон көк бөрү оюну эл аралык деңгээлге көтөрүлүп, дүйнө элинин кызыгуусун жаратты. Кыргызстандыктар иштеп чыккан көк бөрүнүн жаңы эрежеси Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн колдоосуна арзыган.
Быйыл президенттин кубогу алтынчы ирет өткөрүлүп жатат. Мурдакы жылдары көкбөрү эл аралык деңгээлге жетип, Президенттин кубогуна арналган турнирге Ооганстан, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын курама командалары катышып келген. Былтыркы турнирде баш байгени Казакстандын жигиттери утуп кетишти.
Ошондуктан мелдеш быйыл өлкөдөгү күчтүү командалар, облусттардын чемпиондору сыртта калбасын деген чечим менен республикалык деңгээлде өткөрүлүп жатканын эл аралык көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Болот Шерниязов айтты:
- 2001-жылы Бишкекте «Көкбөрү» эл аралык федерациясы түзүлгөн. Анда тажиктер бул оюнду-«бозкашы», өзбектер «купкари-улок» , казак туускандар «көкпар» дешпей кыргыздын «көк бөрү» деген сөзүн эл аралык термин катары кабыл алышкан. Эл аралык көк бөрү федерациясынын штаб квартирасы Бишкекте жайгашкан. Ар жыл сайын президенттин кубогун өткөрүү салтка айланып баратат. Быйыл өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын, өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен коңшу өлкөлөрдү чакырган жокпуз. Байгелери да такталып жатат, финалдык таймашуу 31-августта болмокчу. Ошондуктан кандай байгелер берилээрин азырынча табышмак кылып туралы.
Быйылкы Президенттин кубогуна арналган турнирге облусттардын чемпиондору жана Бишкектин 2 командасы катышууда. Баткен облусунан гана команда келген жок.
Президенттин Кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Нарын облусунун чемпиону “Намыс” командасы менен Ош облусунун жеңүүчүсү “Бүркүт” командасы күч сынашты. Быйылкы турнирдин биринчи улагын Оштун “Бүркүт” командасынын чабуулчусу Мырзабек Мамаев тайказанга салып, оюндун эсебин ачты. Натыйжада 3:2 эсебинде Нарын облусунун “Намыс“ командасы алгачкы оюнда Оштун “Бүркүт“ командасын утуп алды. Нарындык жигиттерди машыктырган устат, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жетиген Мааданов азырынча кубануу эртелик кылаарын, негизги таймашуулар алдыда турганын белгиледи.
- Биздин команданын курамы жаш жигиттерден түзүлдү. Жаштык кылып атаандаштарга алдырып коебу дегем. Аттарыбыз бир аз чабал болуп турат. Эми алдыда анык таймашуулар күтүүдө. Кимдин даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору жана жолдуу экенин мелдеш көрсөтөт. .
Бул күнкү экинчи оюн Чүй облусунун көп жолку чемпиону ”Рассвет” командасы менен Талас облусунун чемпиону “Ынтымак” командасынын ортосунда болуп, мында Сокулуктун “Рассвет” командасы таластык жигиттерден жеңилүү ызасын тартышты. Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, президенттик кубокту эки ирет уткан Сокулуктун “Рассвет” командасынын машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бөкөмбаев Кыргызстандагы көкбөрүнүн мыкты аттарын казактар менен өзбектер сатып кетип жатышканын, учурда ат көйгөйүү пайда болгонун өкүнүү менен белгиледи:
- Көк бөрүчүлөр үчүн дагы бир чоң проблемалар пайда болуп турат. Илгертен эле эр жигитти мыкты кылган алдындагы минген аты болуп келген. Кыргыздын көк бөрүсүнө жараган мыкты аттарын казактар, өзбектер жана тажиктер да баасына карабай сатып кетүүдө. Бул бир чети жакшы көрүнүш болгону менен кыргызга да намыс керек .Мыкты аттарды колдон чыгарбай, ат ээсине федерация каражат төлөп берсе дурус болоор эле. Учурда ат көйгөйү курч маселеге айланып баратат.
Президенттик кубоктун үчүнчү беттешүүсүндө Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” жана “Аракет” командалары күч сынашып, натыйжада 2:1 эсеби менен Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын жигиттери мөөрөй алды.
26-августтагы төртүнү оюн Ысыккөл облусунун “Жолчоро” командасы менен Жалалабад облусунун чемпиону “Элдик кошун” командасынын ортосунда болуп, жалалабаддыктар чеберчилигин көрсөтө алышты.
Көкбөрүнүн күйөрмандары быйылкы Президенттик кубокко Нарындын белгилүү “Дордой” командасы катышпай калганын өкүнүү менен белгилеп жатышты. Учурунда ушул “Дордойдун көкжалдары” командасын негиздеген, кийин бул командадан четте калган өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматов өз пикирин мындайча билдирди:
- Мен гана эмес жалпы күйөрмандар “Дордойдун” катышпаганына капа болууда. Команда мүчөлөрү жетекчилери менен тил табыша албай, өлкөдөгү эң күчтүү команда тарап кеткени өтө өкүнүчтүү.
Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 300 миң сом каражат бөлүп жатат. Анын канчасы жеңүүчүлөргө ыйгарылаары азырынча белгисиз. Мелдештин жеңүүчүлөрү 31-августта финалдык таймашта аныкталат.
2000-жылы Англиянын королдук коомунун «ICON FILMS» киностудиясы бир жума жүрүп, Көкбөрүнүн «Президенттик кубогун» тартып дүйнөгө тараткан. 2001-жылы Токионун таанымал «Фуджи» телекомпаниясы атайын келип, Көкбөрү жөнүндө толук метраждуу фильм тартып, бүткүл Жапонияга, Азия өлкөлөрүнө көргөзгөн. Италиялыктар Римде жана Миланда “Кыргыздардын көкбөрүсү” деген атайын фотокөргөзмөлөрдү уюштурган. Жыл сайын Германия, АКШ, Канада, Англия, Голландия, Жапония жана башка мамлекеттерден күйөрмандар атайын келип, Кыргызстанда өткөн турнирлерди көрүп жатышат. Алар качан, кандай турнир болоорунан кабар алып турушат.