ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШТАРДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН ЖЕҢИШИ

Мындан бир ай мурда Вильнюс шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 2 алтын жана 2 коло медаль утуп алышкан. Ал эми 10 күн мурда Жапониянын Ибараки шаарынан Азия чемпионатында кыргызстандык уландар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгелүү болуп келишкен. Күч сынашуулардын жыйынтыктары Кыргыз туризм, спорт комитетинде бир айдан кийин белгиленди.
58 мамлекеттин 566 балбаны катышкан дүйнөлүк таймашка каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан 6 жигит, 2 кыз катышкан. Жеңил салмакта кыргызстандык спорт чебери Илияс Өзүмбеков ирандык, түркиялык жана грузиялык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн таймашта акыркы көз ирмемде индиялык балбанды утуп, дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынды.

Ушул жеңиштен кийин Ильясты Иран өлкөсүнүн спорт клубу өзүнө чакырып жатканына, команда толук курамы менен барганда дагы ийгиликтер болмоктугуна жаштар командасынын улук машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов токтолду:

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам 6 жигит жана 2 кыз дүйнөлүк таймашууга катышты. Эркин күрөштөн Илияс Өзүмбеков жана грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев дүйнө чемпиону болушуп, Кыргызстанды даңазалады. Калыстардын айынан дагы бир алтын, бир коло байгеден куру калдык. Илиясты ирандыктар чакырып жатышат.

Вильнюстагы кыздардын дүйнөлүк эркин күрөш таймашына Жылдыз Эшимова менен Нурзат Шайлообаева катышкан. Кыргыз спортунун тарыхында алгачкы ирет Жылдыз Эшимова 51 кг. салмакта дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду. Ошондой эле Вильнюста грек-рим күрөшүнөн дүйнөлүк чемпионатта кендирди кескен каражаттын айынан Кыргызстандын намысын 3 балбан коргоду.

Жаштар, уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло медалын жеңген, Афина олимпиадасынын катышуучусу Жанарбек Кенжеев 84 кг. салмакта бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, жаштар арасында дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып келди. 60 кг. салмакта Ринат Усупжанов да финалдык топко кошулуп, дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон.

Эркин күрөштөн үч балбанды таптап, дүйнөлүк таймашка алып барган өлкөнүн жаштар командасынын улук машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов калыстардын айынан Самат Толубаев менен грек-рим күрөшүнөн Ринат Усупжановдун жолу тосулуп, финалдык топко кошулбай калганын, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге Кыргызстандан калыстар барбай калганын өкүнүү менен белгиледи:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айынан Самат Толубаев менен Ринат Усупжановдун чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Ошондуктан Кыргызстандан калыстар барса, алардын да таасири болмок.

Июль айынын аягында Жапон өлкөсүнүн Ибараки шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпионатынын күч сынашуулары өтүп, 12 өлкөнүн 200гө жакын балбаны катышкан. Мында Кыргызстандан грек-рим күрөшүнөн 6, эркин күрөштөн 3 балбан мөрөй талашкан. Грек-рим күрөшүнөн 50 кг. салмактагы бишкектик Алексей Ялома өзбекстандык, индиялык атаандаштарын утуп, финалда жапониялык Кожи Масахаруну 4:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынып, Азиянын чемпиону аталды.

Ал эми 58 кг. салмактагы балбандардын таймашында кыргызстандык Султан Мухтаров үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болуп келген. Ошондой эле 63 жана 69 кг. салмактар боюнча Азия чемпионатынын таймашында Атай Койчукулов менен Могамед Мутаев да коло медаль утуп алышкан.

Эркин күрөш боюнча Азиялык таймашка барган үч жигиттен 58 кг. салмакта Максат Жакшылыков күмүш медаль утуп келген. Калыстар финалда монголиялык Пережав Унарбатуга бир упай тартып, Максат алтын байгени колдон алдырганына өкүнүп, келме кезегин күтүп жатканын айтты.

Мамлекеттик деңгээлде жаштарга көңүл бурулбай, ата-энелерге оорчулук түшүп, каражат издеп убара болуп жүрүшкөнүн Максаттын апасы Азимгүл Жакшылыкова белгиледи:

- Азия чемпионатынан келгенине 2 жумадан ашса да бир да жетекчи куттуктап, балдардын көңүлүн сурап койгон жок. Ата-энелер балдарга каражат сурап, дубанадай ар кимдин эшигин жыртып бүттүк. Мындай жигиттер көчө таптап, оюн- күлкү менен жүрүшсө, булар күндө 2 маал машыгып, эл намысы деп башын сайып, баарынан кечип жүрүшөт. Жаштарга шарт түзүлүп, камкордукка алынса, стипендия берилсе дейбиз.

Азия жана дүйнө биринчилигинде мөрөй алып келген балбандарды Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети чогултканы менен куру убада берип, акчалай сыйлыктарын кийин беришээрин айтты.

Эми кыргызстандык балбандарга каражат табылса күзүндө Венгрияда болчу дүйнө чемпионатына, Самарканда өтчү Борбор Азия оюндарына барышмакчы.