МАЙРАМДЫК ЖАРЫШТАР

1- майда Бишкектеги Алатоо аянтында эларалык тилектештик күнүнө карата жеңил атлетикалык “Тынчтык жарыштары” болду.
Алатоо аянтына Улуу атамекендик согуштун ардагерлери, шаардагы 4 райондун акимчилик кызматкерлери, студенттер жана шаардын коомчулугунун өкүлдөрү чогулушту. Алгач Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков , өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Осмоналиев жана Улуу Атамекендик согуштун ардагери, СССР спорт чебери Владимир Баеев “Тынчтык жарыштарынын” катышуучуларына ийгилик каалап, майрамдык куттуктоо айтышты.

Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө арналган “Тынчтык жарыштары” мелдешинин мааниси тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков мындай деди:

- Ар жыл сайын Алатоо аянтында 1-Май майрамына арналган жеңил атлетикалык жарыштарды өткөрүү салтка айланган. Быйыл өзгөчө шаани менен өтүп жатат. Себеби, өлкөдөгү ыңкылап ушул Алатоо аянтында башталса, бир айдан кийин элди ынтымакка, достукка, биримдикке жана ден соолукка чакырган мелдештер өтүп жатканы менен баалуу. Кары-жаш дебей майрамдык маанай менен 500, 1000 жана 3000 метрдик жарыштарга жаш өзгөчөлүгүнө карата катышып, байге алып жатышат. Ушул “Тынчтык жарыштарын” өткөрүү жана уюштуруу үчүн мэрия 70 миң сом каражат бөлдү.


Өлкөдөгү тынчтыкка данакер болгон мындай мелдештер көп болсо, ден соолуктун чың болушуна өбөлгө болоорун белгилүү жөө күлүк, Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаров белгилеп, мындай деди:

-Бул колдоого алчу, мааниси зор демилге. Мындай мелдештер, жарыштар мурда болгон эмес. 1- Май – эмгекчилердин эларалык тилектештик күнү делип, майрамдык демонстрация, оюн-шоок болчу, эгемендүүлүктүн шарапаты менен пайда болгон мындай мелдештерди өткөрүүнү салтка айландыруу зарыл. Бул демилге башка облустарда дагы колдоого алынса дурус болмок. Спортту жана тынчтыкты даңазалоонун бир ыңгайы жана үлгүсү болуп калууда.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орунбасары Бообек Кадыркулов “Тынчтык жарыштарына” бир айдан бери даярдык көрүлгөндүктөн мелдешке 8-9 миңдей шаар тургундары келип, 20 жолу жарышка старт берилгенин, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылганын айтып, мындай деди:

- Бул майрамдын мааниси зор, биздин жалпы калктын, эл достугунун майрамы. Мелдештин арасында өлкөдө жашаган ар улуттун өкүлдөрүнүн ыр-бийлери майрамдык маанайды шаңдантып турду. Карасаңыз, Алатоо аянты майрам шаңына жарашып турганын. Биз үчүн чоң сыймык. Марага озуп келип жатышкан окуучу, студенттердин жана жаш-карынын ар улуттун өкүлдөрү экени да кубандырат. Алатоо аянтында мындан ары ушундай тынчтык жарыштары болуп, ыр- күү гана жаңырып турса дейбиз.

Жогорку окуу жайларынын студент кыз–келиндеринин 500 метрлик жарышында баш байгени жеңип алган Медициналык академиянын студенти Айтолкун Назарбекова кубанычын жашырбай мындай деди:-

- Өмүрүмдө биринчи ирет жарыштан алдыга чыгып келдим. Спорт- ден соолук жана сулуулук экенин айтып жүргөнүбүз менен кыздар маани берчү эмес элек. Эми, мындан ары мелдештерге катышам, өзүмө ишеним пайда болуп калды.

Алатоо аянтында эларалык тилектештик күнүнө арналган жеңил атлетикалык “Тынчтык жарыштарында” уландардан Бишкектеги №9-мектептин окуучусу Фархат Темирбулатов, кыздардан Элина Мамырбаева, студенттердин жарышында Бишкектеги экономика жана финансы университетинин өкүлү Юлия Соломкина, жигиттерден Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинин студенти Петр Чигинцев баш байгенин ээси болушту. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.