ИСЛАМ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН 1 ОЮНУ

8-апрелде Сауд Арабияда Ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндары башталды. Бул спорттук таймашууларга Кыргызстандык спортчулар да катышууда.
Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык спортчулар үчүн эл аралык мелдештерге команда катары катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1993- жылы Ирандын борбору Тегеранда өткөн ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин тилектештик оюндарында Кыргызстандын командасы баш байгенин ээси болуп, Азия аймагында сенсация жараткан. Ошондо кыргызстандык кыз-келиндер командасы 27 алтын медалдын ээси болушкан.

Быйыл Сауд Арабия өлкөсүнүн олимпиадалык комитети Ислам өлкөлөрүндө спортту кеңири жайылтуу максатында 8-апрелден 18-апрелге чейин ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндарын спорттун 12 түрү боюнча өткөрүп жатат. Мелдештин шарты боюнча бул оюндарга катышкан бардык командалар мейманкана, тамак- аш, жергиликтүү унаа менен бекер камсыз болмокчу.

Кыргызстандык спортчулар бул оюндарга спорттун 9 түрүнөн катышып, ийгилик жаратууга ниет кылып, даярдык көрүшкөн. Тилекке каршы, бул мелдешке даярдык көрүлүп жатканда өлкөдө ыңкылап болуп, Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси да алмашып, Улуттук олимпиада комитетиндеги талаш тартыштын айынан команда толук курамы менен бул оюндарга барбай калды.

Ушул мелдешке катышууга аттанган 30дан ашуун спортчуга өлкөнүн Улуттук олимпиада атайын форма, кийим- кечек беришти. Мындай эл аралык оюндарга Кыргыз туусун кимдер көтөрүп барганын, спорттун кайсыл түрү боюнча ийгиликтер болуусу мүмкүндүгүн Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин спорт бөлүмүнүн башчысы Мамыт Акеров айтып, мындай деди:

- Оор атлетчилердин даярдыгы дурус. Алардан Улан менен Кутман Молдодосов байгелүү орунга жетип калуусу ыктымал. Замир Ашырбаевден дагы үмүт кылса болот. Ал эми фехтование боюнча Мирсаид Миржалилов менен Андрей Ханадеев эл аралык мелдештерде утуп жургөнүн, чеберчилигин эске алсак, байгелүү болушу ыктымал. Жеңил атлетчилер дагы болгон мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Баскетбол боюнча биздин команда кучтүулөрдүн катарында турат.

Ислам оюндарына катышуу менен араб мамлекеттерине өлкөдөгү жагдайды туура түшүндүрүп, Кыргыз спорту үчүн кызматташуу, жардамдашуунун зарылдыгын өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев айтып, мындай деди:

- Кыргызстандын спорту үчүн Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетти өкмөттөн жетимиш тогуз миллион акча алат. Базалардын баары, спорт мектептер, машыктыруучулардын баары ошолордун колунда. Ошондуктан бийлик алмашуунун айынан Ислам оюндарына команда толук курамы менен катышпай калды.Мелдешке катышуу менен чектелбей араб өлкөлөрү менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүү максат.

Ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандан жеңил атлетика, сууда сүзүү, фехтование, оор атлетика, стөл тенниси жана баскетбол боюнча команда Сауд Арабияга барып, 8-апрелде оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине катышат. Бул жолу Кыргызстандын намысын коргоо үчүн жаштарга артыкчылык берилип, аларды сындан өткөрүү максаты алдыга коюлду.

Кыргызстанда кийинки учурда бийлик талашуулардын айынан спортко көңүл бурулбай жаткандыгын спорт күйөрманы Такин Рыспектегин айтып, өз пикирин мындайча билдирди.

- Деги эле спортко болгон жергиликтүү калктын кызыгуусу төмөн болуп жатат. Башка өлкөлөргө кыргыз жигиттери саналуу гана барса, көбүнчө башка улуттардын өкүлдөрү үстөмдүк кылууда. Бизде айрыкча айыл жергесинде спортко шыктуу балдардын багы ачылбай калууда.. Кыргыз жигиттери чыкса, Кыргызстандын намысын коргосо жакшы эле болмок. Өкмөттөн жардам жок да. Кыргыз спортун реформалоо зарыл.

Ошондой эле Сауд Арабиядагы Ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндарына каражат жетишсиздигинен Кыргызстандын теннис, таэквандо жана кичи футбол боюнча командалары катышпай калды.