РОЗА ОТУНБАЕВА: «БИЙЛИК ЭЛДИ БАШКАРАЛБАЙ, ЭЛ БИЙЛИККЕ БАШ ИЙБЕЙ КАЛДЫ»

"Атажурт" кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева

Жакында "Атажурт" кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева өлкөнүн түштүгүн кыдырып, нааразы болгон эл менен жолугуп кайтты. Саясатчынын пикирине караганда учурда элдик нааразычылык алда канча күчөп, оппозиция алардан артта калып калган. Ал эми бийликтин таасири, кадыр-баркы эл арасында жокко эсе. Мына ушундай шартта оппозиция кандай иш аракеттер менен алектенип жатканы тууралуу Роза Отунбаева «Азаттыкка» интервью берди.

- Сиз жакында эле өлкөнүн түштүк облустарында нааразы болуп жаткан элдер менен жолугуп келдиңиз. Бүгүнкү күндө нааразычылык иш-чарасына чыккан элдин жагдайы кандай?

- Биз азыркы болуп жаткан абалга баасын берели, көрөлү деп Жалалабаттан баштап Ошко чейин кыдырып көрүп келдик. Мен үчүн бул унутулгус учур болду. Жалалабатта 4-марттан баштап миңдеген адамдар, имараттын ичинде да, сыртта да жаштар, абдан көп аялдар отурат. Мен кайрылып айттым, биз саясий күчтөрдүн форуму, жалпы Жалалабаттан коюлган талаптарга кошулдук, президенттин мөөнөтүнөн мурда кетүүсү, шайлоону жаңыдан кайра жүргүзүү жөнүндө талаптарга толук кошулабыз, деп элге айттым. Аялдар бир добуш менен кыйкырып, айтып атышат «Кетсин президент. Биз ушунчалык нааразыбыз. Шайлоо деген шайлоо болбой калды. Ушунчалык булганыч түрдө өттү» деп. «Биз келип ушул жерде өкмөт менен сүйлөшөлү десек, алар биз менен сүйлөшкүсү келишпейт. Биз аргасыз ушул жерде отурабыз» дешти. Акүйдүн эч эл менен сүйлөшө турган, эл аларды уга турган каалоосу калбаптыр. Ошону өзүм барып көрдүм. Өзгөнгө келсек Өзгөн райондук акимчиликтин ичинде эки жүздөй карапайым адамдар, кемпир-чал, аялдар отурат. Аларды келип сураган эч ким жок. Ошентип Кыргызстан боюнча эл ээн калды. «Ау, бийлик» десе да бийлик жок. Азыркы бийликтин позициясын уксаңыз, "эл ошол жерде отура беришсин, тажаса тарайт" деп өкмөт башчысы сүйлөп атат. Бул эмне деген сөз?!

- Кыргызстандагы элдик нааразычылыктардын Украинадан, Грузиядан өзгөчөлүгү эмнеде?

- Биздин өзгөчөлүгүбүз бар экен. Баягы күндөн бери чет элдиктер Кыргызстанда кандай революция болот? Же "розабы?" же "жоогазынбы?" деп сурап жүрдү эле. Бүгүн биз айтып атабыз "бозүй революциясы пайда болуп атат" деп. Эл туш-туш жерде бозүй тигип атат. Жалалабатта беш бозүй турат. Башка жерлерде да бозүй пайда болду. Ошентип эл бозүйлөрдү тигип, кетпей атат обладминистрациянын аянтынан. Бул эмнени көрсөтүп атат? Көтөрүлүш Жалалабаттан башталды, Ошто кечээтен бери сегиз жүздөй адам турат. Өзгөндү айтып кеттим. Карасууда эки миңдеген эл турат. Бул эмне деген көрүнүш? Менин оюмча, Кыргызстанда эл облустарда өтө эле бышып, активдүү болуп жатканын көргөзөт бүгүнкү күндө. Биз оппозиция керек болсо элдин аркасынан жете албай атабыз.

- Кошумча суроо, чындыгында жер-жерлерде элдин азыркы бийликке карата нааразычылыгы өтө күч экенин эксперттер да айтып келип атышат. Бирок ошол элди башкарып кеткенге бүгүнкү күндө оппозициянын, бирдиктүү, күчтүү лидердин жоктугу сезилип атат дешет. Буга кандай карайсыз?

- Мен айтып кеттим, чын эле жанагыдай элдик кыймыл биздин уюмдардан, оппозициядан күчтүүрөк болуп атат. Ошондуктан абалды биз анализдедик. Биз Элдик кыймыл менен бирге кечээ координациялык кеңешти түзүп, «Эл биримдиги» деп атадык. Ага кыймылдардын аттарынан эмес, жеке өзүбүздүн атыбыздан кирип жатабыз. Ким кирем десе ошол жерде аттуу-баштуу адамдардын баарын ачык койдук, келгиле, кошулгула деп туруп. Азыр биздин мамлекетибиз коркунучта, көзөмөл жок республика боюнча. Жанагыдай «өзүңөр билгиле, бирөөңөр кал, бирөөңөр өл же отура бергиле, тажасаңар тарайсынар» деген саясат болбойт. Канчадан бери президентти эл көрбөйт. Кечээ кайрылуу менен чыгып атат элге. Дареги жок ажобуздун. Майда-чүйдө визирлеринин сөзү элдин ушунчалык кыжырын келтирет. Алар ушунчалык элге каршы сөздөрдү сүйлөйт. Бул Акаевдин душмандары. Ошондуктан биз кошулдук, кеңешти түздүк, баарыбыз кирдик, башыбызды кошуп штаб түздүк, талаптар белгилүү – бул президенттин мөөнөтүнөн мурда кетүүсү, жаңы президенттик шайлоону үч айдан кийин өткөрүү, азыркы шайлоолордун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, ошондой эле алты айдан кийин жаңы парламентти шайлоо деген төрт талап. Ушуларды ишке ашырганга атайын штаб түзүлдү. Ошондой ишти азыр баарыбыз бирге топтолуп жүргүзүп жаткан кезибиз.

- Азыркы Кыргызстандагы кырдаалды айрым эларалык уюмдар, ЕККУ баш болуп кандайдыр бир деңгээлде сынга ала баштады. Анткени мамлекеттик администрациянын имараттарын ээлеп алуу, жолду тосууга каршы өзүнүн пикирин билдирди. Чындыгында бүгүнкү абалга эларалык уюмдар кандай карап атат?

- Мен булар менен али жолуга элекмин. Бүгүндөн баштап жолугам. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун жетекчиси Мюллердин сөзүн келтирип өкмөттүк басылмалар билдирип жатат. Мен аны окудум, бирок ал киши менен сүйлөшө элекмин. Билбейм ал эмне деген сынды берип атат. Анткени эларалык уюмдарды биздин тажрыйбабыз боюнча булар колдонгонго аракет кылышат. Жанагыдай сөз чынбы, так сөзбү, аны биз далилдешибиз керек. Анткени ал сүйлөп жаткан сөзү болсо, контексттен жулуп алып эле, анан өкмөт өзүнүн адатынча очойтуп айтып аткандыр. Мүмкүн ал киши андай деп айткан жоктур. Ошондуктан биз аны менен өзүбүз таанышып чыгып анан айтышыбыз керек.

- «Азаттык» радиосунун студиясына келип интервью бергениңиз үчүн ырахмат.