Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, журналист, публицист.
1998-2005-жж. "Азаттыктын" Бишкек бюросунун башчысы болгон.
Сары-Өзөн Чүйдөн чыккан айтылуу Чынгыш баатыр Түлөкабыл уулунун өмүрү, доору жана анын инсандык бейнеси тууралуу тарыхчынын блогу.
1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн башкы шылтоосу жергиликтүү элдин 19 жаштан 43 жаштагы эркектерин оорук жумуштарына чакыруу тууралуу 25-июндагы падышанын жарлыгы болчу. Жарлыктын тегерегиндеги жагдайлар тууралуу Алматыдагы архивден табылган жаңы документтер жайында кеп кылабыз.
1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу илимий маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Тарыхчы К.Молдокасымов бул көтөрүлүштүн жолбашчыларынын бири Канаат хан Ыбыке уулу тууралуу жаңы архивдик табылгаларын сунуштайт.
Аксыдагы элге ок атууну убагында бийлик коомчулуктан жашырып калууга аракет кылган. Ошол 17-март күнү окуяны “Азаттык” радиосу коомчулукка кандайча жеткиргени жана башка жагдайлары тууралуу мурдагы кызматкерибиз Кыяс Молдокасымовдун макаласын сунуштайбыз.
1916-жылкы Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы, улуттук боштондук кыймылдын өбөлгөлөрү бул жылдан кыйла мурда эле падышалык оторчул саясаттын натыйжасында калыптана берген.
Чүй өрөөнүндөгү Кара-Балта болуштугунда орусиялык келгиндердин ээлеп алышынын айынан жергиликтүү кыргыздар өз жерлеринен ажырай баштаган доор.
Кыргызстандын учурдагы президенти А.Атамбаевдин ата-жотосу тууралуу санжыралык маалыматты бурмалаган айрым макалалар жарыяланган эле. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул маселеге архивдик даректерге таянуу менен кайрылат.
1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн 100 жылдыгына байланыштуу архивдик документтердин сериясын сунуш кылабыз.
Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жогорку кеңеште бийликтен четтетилген Президент Аскар Акаевдин арызы кабыл алынып, алдыдагы Президенттик шайлоо 10-июлга белгиленди.
Жакында "Атажурт" кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева өлкөнүн түштүгүн кыдырып, нааразы болгон эл менен жолугуп кайтты. Саясатчынын пикирине караганда учурда элдик нааразычылык алда канча күчөп, оппозиция алардан артта калып калган. Ал эми бийликтин таасири, кадыр-баркы эл арасында жокко эсе. Мына ушундай шартта оппозиция кандай иш аракеттер менен алектенип жатканы тууралуу Роза Отунбаева «Азаттыкка» интервью берди.
2004-Акыйкат жылында Кыргызстан кандай ийгиликтерге жетишти? Жакырчылык кыскарып, коррупциянын күчү тайдыбы? 30.12.2004.
Сентябрь айында коомчулукта кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланыштуу ар кандай пикирлер жанданды. Кытай менен болгон чек ара тилкесине мамылардын орнотулуп бүтүшү, Премьер-министр Н.Танаевдин Шахимардан Өзбекстанга эмес, Кыргызстанга тиешелүү жер экенин ачык айтып чыгуусу жана маалымат каражаттарында депутат К.Бакиевдин чек ара маселесине байланыштуу суроолор менен Кыргыз өкмөтүнүн Аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановго кайрылдык.
2004-жылы 18-апрелде Бүткүл дүйнө эли Тарыхый эстеликтер жана жайлардын күнүн белгиледи. Ага байланыштуу атайын иш чаралар өткөрүлдү. Бул күнү Тарыхый эстеликтер менен тарыхый жерлерге аяр мамиле жасоо жана аларды келечек муун үчүн бапестеп сактоо маселеси көтөрүлдү. Ал Кыргызстанда да өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселе болуп келүүдө. Анткени соңку кезде Кыргызстанда бир жагынан тарыхый эстеликтерге дурус көңүл бурулуп жатса, экинчи жагынан экономикалык кыйынчылыктан улам, тарыхый эстеликтер таланып-тонолуп, каралбай калган учурлар да болууда.