Чыгыш европалык сегиз өлкөнүн өкмөт башчысы ушул шаршембиде Болгариянын баш калаасында чогулуп, ромалардын абалын жакшыртууну караган эл аралык атайын программаны талкуулашты. Европанын эң ири улуттук азчылыгы болгон ромалардын же цыгандардын билим деңгээлин көтөрүү жана алардын дискриминациасына бөгөт кою сыяктуу чаралардын бараандуу программасы "Ромаларды Кабылдоонун Декадасы" деп аталат.
А дейбиз, бу дейбиз, көп балалуу бүлөлөр, жаш балдардын арасындагы өлүмдүн жогорулугу, билим деңгээлинин төмөндүгү, жумушсуздук бул кайсы өлкөдө болбосун, биринчи кезекте калктын жакыр жана басмырланган катмарларына тийешелүү көрүнүштөр. Буга Түркиядагы күрдү эли менен катар, Европадагы ромалар же цыгандар ачык-айкын мисал боло алат. Алыс барбай эле, Кыргызстанды алсак, жергиликтүү лөлүлөрдүн арасында сабатсыздык жана жумушсуздук башкаларга караганда алда канча жогору.
Улуттук, диний, сексуалдык азчылык болобу, же аялдарбы, айтор калктын колдоого муктаж катмарларын көтөрмөлөп, жөлөп-таего келгенде, оңой менен эч кимди алдыга чыгарбаган Европа Биримдиги чыгыштан жаңы мүчөлөрдү кошуп алганда, алар менен кошо континенттин эң көлөмдүү азчылыгы болгон 10 миллиондон ашык ромалардын көйгөйлөрүн кошо кабыл алды.
Биримдикке киргенден кийин, Болгария, Чехия, Румыния сыяктуу чыгыш европалык өлкөлөр азчылыктардын укуктарын коргоо жаатында Брюсселден бир топ кысымга туш болушту. Агартуучулуктун жана маалымат каражаттарындагы түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, коомдук пикир да бара-бара өзгөрдү. Акыры көчмөн менталитетиндеги, көпчүлүк европалыктардан айырмалуу маданияты бар, ушундан улан көп түшүнбөөчүлүктөргө кабылган, жакырчылыктын жана жумушсуздуктун сазына белчесине баткан, балдарын акыл-эс деңгээли төмөн деп көпчүлүгүн мектепке албаган рома калкын коргоонун 10 жылдык программасы иштелип чыгып, ишке киргени турат.
Программанын сүрөөнчүлөрүнүн бири болгон Дүйнөлүк Банктын жетечиси Жеймс Уольфенсон мындай дейт:
– Чыгыш европалык өкмөттөргө ромалардын маселесин чечүү кыйын болуп келгендигин белгиледи. "Алар маселени жаңы мүмкүнчүлүк эмес, проблема деп көрүшөт, маселе өтө талаштуу болгондуктан, ага кай жагынан киришип, кантип чечээрин билбей чайналышат.
Ромаларды Кабылдоонун Декадасын пландоо мындан эки жыл мурда башталган. Чехтер, сербдер, болгарлар менен катар Македония, Черногорие, Словакия ар бири ромаларды коомго жуукташтырып, алардын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча ченеп-өлчөөгө боло турган белгилүү сандагы мамлекеттик милдеттемелерди кабыл алышууда.
Жорж Соростун Ачык Коом Институту да сүрөөнгө алган программага Европа Комиссиясы, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму, Европа Кеңеши жана Европалык Өнүктүрүү Банкынын кеңеши колдоо көрсөтүүдө. Былтыр декабрда донорлор программага 42 миллион доллар бөлүүгө убада кылышкан.
Дена Риңголд Дүйнөлүк Банкта ромалар программасы үчүн жооп берет. Ал мурдагы коммунисттик өлкөлөр ромалардын абалын жакшыртууда сөзгө алаарлык жылышка жетише албаганын белгиледи. Декада программасынын чегинде алар бир-бири менен маалымат жана тажрыйба алмашып турушмакчы.
Риңголд ошондой эле ромалардын өз тагдырын өз колууна алууга далалаты күчтүү экенине жогору баа берди: – Бул программага ромалардын кеңири катышып жатканы айрыкча маанилүү. Декада идеясы ромалардын кызыгуусу жана катышуусу менен башталган. Алар Эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги бардык даярдоо жыйындарына катышышты, - дейт Дүйнөлүк Банктын өкүлү. Ал эми Дүйнөлүк Банктын жетекчиси Жеймс Уолфенсондун ишениминде, "Ромаларды Кабылдоо Программасы" бүгүн Европа туш келген эң бир курч моралдык проблемалардын бирин жоюну максат кылат.