СПАРТАКИАДА САБАКТАРЫ

Жалалабад шаарында Кыргызстандын 4-спартакиадалык оюндары 14-октябрда башталып, 20-октябрга чейин өткөрүлдү. Андагы мелдештердин деңгээли, уюштуруу иштери жөнүндө кайчы пикирлер айтыла баштады.
Жалалабадда болгон 4-спартакиада спорттун олимпиадалык 12 түрү боюнча өткөрүлдү. Мелдештерде Алатоонун 7 облусунун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары мөрөй талашты.
Спартакиаданын таймаштарында өлкөнүн 1 миң 198 спортчусу күч сынашты.

Спартакиадага айрым облустардын командалары толук катышпаганын жана оюндарды өткөрүүгө Жалалабаддагы спорт имараттары толук даяр болбогонун туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин спорт башкармасынын жетекчиси Маамыт Акеров мындай деди:

-Быйыл Ош шаары биринчи ирет өз алдынча команда болуп катышып, алтынчы орунду алды. Баткен, Ысыккөл жана Нарын обулустары командалык оюндарга толук курамы менен катышкан жок. Спорт имараттары да толук даяр болбогондуктан чеберчиликтин деңгээли да төмөн болду. Стадиондун чуркоо жолу да бүтпөй калган экен. Көп каталыктар, кемчиликтер кетти.

Спартакиадалык оюндарда баш байгени төртүнчү жолу Бишкек шаары колдон чыгарган жок. Экинчи орун Чүй облусунун командасына ыйгарылды. Жалалабаддыктар байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту.

Спартакиадалык оюндар айыл жергесиндеги спортун жандандырып, айылдык таланттардын, спортко шыктуулардын жолун ачса деген тилек орундалбай калганын, мындай начар деңгээл менен өткөрүүнүн кажети жоктугун Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов мындай белгиледи:

-Командалардын даярдыгы өтө төмөн болду. Уюштуруу иштери да чийки, чала. Спартакиаданы мындай деңгээлде болсо, өткөрүп кереги жок деген ой кетти. Облустардын жетекчилери элдин ден соолугун ойлоп, спортко болгон мамилесин өзгөртөт деп ойлогом, бирок андай болбоду.

Эми эки жылдан кийин бешинчи cпартакиаданы өткөрүүнү Ысыккөл облусу моюнга алды. Жалалабадга айрым облустардын командалары эч даярдыксыз келиптир дейт спартакиаданын башкы катчысы Кудайберген Исмаилов:

-Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен райондук, анан облустук этапта спартакиада уюштурулса, мыктыларды иргеп алууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, облустарда спортчулар унутулуп калып, ушундай мелдештер учурунда гана эске алынат. Себеби бир топ жылдан бери облусттарда мындай масштабдуу мелдештер өткөрүлгөн эмес. Ысыккөлдө эми 2 жылдан кийин өтүүчү 5-спартакиада да начар өтөбү деп кооптонуп турам. Себеби Караколдо спорт жайлары, залдар жокко эсе. Бир гана эски стадион жана бир жогорку окуу жайдын залы бар. Жатакана маселеси да кыйынга турчудай. Ошондуктан, көлдүк жетекчилер азыртан ойлонуп, даярдык көрүшү зарыл.


Мурдакы спартакиадада жеңип чыккан командаларга ири өлчөмдөгү акча сыйлык катары берилчү. Быйыл жеңүүчүлөргө акча берилбей, үч даражадагы диплом жана медалдар гана ыйгарылды.

Жалалабаддагы спартакиада Кыргызстанда спорттун деңгээли төмөндөп, спортко болгон мамиле салкын тартып баратканын далилдеди дешет адистер. Биринчи жана экинчи спартакиаданы президент Аскар Акаев өзү ачып, салтанат менен өтсө, Жалалабаддагы оюндарга өкмөт башчы да, өкмөт мүчөлөрүнөн бирөө да барган жок.

Спартакиада жөн гана көрсөтмөлүү оюндарга айланып, таасири жоголуп баратканын спорт адистери өкүнүү менен белгилешүүдө.