ПАРАЛИМПИАДАЧЫЛАР АФИНАДАН КЕЛИШТИ

Майып спортчулардын паралимпиадалык 12-оюндары Грекиянын борбору Афинада аяктап, Кыргызстандын чакан делегациясы 3-октябрда Бишкекке кайтып келишти.
Кыргызстандыктар үчүн паралимпиадалык оюндардын эшигин 1992-жылы Барселонада пауэрлифтинг боюнча Роман Өмүрбеков ачып, ал 7-орунга жеткен. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргон.

Ал эми Афинадагы паралимпиадалык оюндар тууралуу өлкөнүн майып спортчулар федерациясынын президенти Климентий Эпельман мындай деди:

- Афинадагы паралимпиадалык оюндарга 142 өлкөнүн алты жарым миңдей майып спортчулары жана машыктыруучулар катышты. Күч сынашуулар спорттун 21 түрү боюнча курч мүнөздө өттү. Афинадагы олимпиадалык айылда жашап, оор атлетикалык мелдештер болгон спорт ордосунда пауэрлифтинг таймаштары болду.
Майып спортчулар үчүн бардык шарт түзүлүп, паралимпиада майрамдык маанай тартуулады. Абдан жакшы таасир менен кайтып келдик.
Командалык эсепте баш байгени Кытайлык майып спортчулар жеңип алышты. Экинчи орунду Улуу Британиянын командасы ээледи. Үчүнчү орунду австралиялыктар камсыз кылышты. Ал эми Украинадан оюндарга 140 майып спортчу катышып, алар 26 алтын медаль утуп, 6-орунду ээледи. Орусиянын командасы 16 алтын байгелүү болуу менен он биринчи орунда калышты. Биздин үч майып спортчудан 4 паралимпиадалык оюндарга катышкан Роман Өмүрбеков гана байгелүү 6-орунга жетти.

Өлкөдө майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн майып спортчуларды колдоого жумшаса, алар ооруну жеңип, спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним оту жанат эле. Себеби, жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз-жигиттер арбын.



Олимпиадалык оюндарда 6-орунга да упай берилип, диплом тапшырылат. Афинадагы паралимпиадалык оюндарда байгелүү алтынчы орунга жеткен ,эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков мындай дейт:

-Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен бизге машыга турган спорт зал таап, аны жабдып, өкмөттүк деңгээлде камкордукка алып, шарт түзсө, мындан дагы мыкты ийгилик жаратууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, биз унутулуп калып, ушундай мелдештер үчүрунда гана эске алынабыз. Биздин спорттук чебердигибиздин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартуу да ылайык . Себеби, бир топ жылдан бери биз өзүбүз эле машыгып жүргөн элек. Мага окшогон майыптар үйдө ооруунун айынан чүнчүп жата бербей, бизге кошулуп, машыгып, ден соолугун чыңдап, алдыга максат коюп, үмүт менен жашаса деймин.

Мурда Сидней паралимпиадасында катышкан 56 кг. салмактагы кыргызстандык Эдуард Гисов быйыл апрель айында сокур ичеги болуп ооругандыктан, Афинада ийгилик жарата албады.

Ал эми кыргызстандык үчүнчү паралимпиадачы Шаукат Мугалимов да пауэрлифтинг боюнча 82,5 кг. салмактагы майып спотчулар менен таймашка чыгып,155 кг. оордукту көтөрүп, 11-орунга илинди.