20-сентябрда Койташ айылындагы аскердик бөлүктө Улуу жеңиштин 60 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында «Жеңиш» аскердик-спорт оюндары жыйынтыкталды.
Союз учурунда мектеп окуучулары үчүн “Зарница» аскердик-спорт оюндары үзбөй өткөрүлүп турчу. Кыргызстан эгемен болгону өспүрүмдөр арасында аскердик-патриоттук тарбия берүүгө көңүл бурулбай калган. Мындай өксүктү толтуруу максатында өлкөдөгү «Алтын түйүн» балдардын инженердик- техникалык академиясынын демилгеси менен быйыл мектеп окууучулары арасында «Жеңиш» аскердик- спорттук оюндары кайрадан жандана баштады.
Алгач райондук, анан облустук деңгээлдеги мелдештерде мыктылар иргелип, республикадагы финалдык таймашуулар 17-сентябрдан 20-сентябрга чейин Койташтагы аскер бөлүгүндө өткөрүлдү.
Өспүрүмдөрдүн аскердик-спорт оюндарына Алатоонун 6 облусунун жана Бишкек шаарынын 12 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. Финалга Жалалабад облусунан гана команда келген жок.
Оюндардын салтанатуу ачылыш аземи Бишкектеги Жеңиш аянтында болду. Бул демилгени өлкөнүн коргоо, ички иштер, билим, илим, экологоия жана чукул кырдаалдар министрликтери колдоого алды. Оюндун жеңүүчүлөрүнө байгелерди жана Өтмө кубокту өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети даярдады.
Оюнду өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Базанова мындай деди:
-Эң негизгиси - жаш муундарга патриоттук тарбия берүү, мектеп окуучуларында Атамекенин сүйүү сезимин ойготуп, аны коргой билүүгө үйрөтүү жана келечектин мекен сакчыларын алгачкы аскердик даярдыктан өткөрүү болуп саналат. Оюндарга 11 команда чакырылган, бирок 7 команда келип, 80 бала катышты.
Оюндар 5 конкурстан түзүлдү. «Баатырлардан үлгү алгыла» деген үй тапшырмасында ар бир команда өз аймактарындагы аскердик-патриоттук иш-аракеттер тууралуу баяндашты. Ал эми «Достук оту алоолойт» конкурсунда улуттук каада-салттын тегерегинде мекен идеясы чагылдырылды. «Тууга түздөнгүлө» конкурсу жүрүштөгү ыр менен коштолуп турду. Окуучулардын мамлекеттик символдорду, өлкөнүн аскер тарыхын жана аскердик белгилерди билүүгө арналган сыноо «Мен - өз өлкөмдүн атуулумун» деп аталды.
Оюндардын эң негизи - ар кандай 6 сыноодон өтүп, өзгөчө кырдаалдагы аракеттерге багытталган «Түрдүү тоскоолдуктардан өтүүчү жүрүш» конкурсу жеңүүчүлөрдү аныктады. Өспүрүмдөрдүн даярдыгы тууралуу Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкери Калыс Шадыканов мындай деди:
- Жакшы даярдык менен келген Нарын облусунун өспүрүмдөрү баш байгенин жана Өтмө кубоктун ээси болушту. Алар дээрлик бардык конкурстарда жеңип чыгып, жалпы командалык эсепте да биринчи орунду утуп алышты. Экинчи орун Бишкектеги «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясынын командасына ыйгарылды. Ош облусунун өкүлдөрү үчүнчү орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды, мектеп окуучуларга керектүү окуу куралдары тапшырдык.
Эмдиги жылы бул оюндар эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, Орусия, Украина жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өспүрүмдөрү да чакырылмак болду.