“ДӨӨ-ШААЛАР” МЕНЕН КАРМАШУУ

Тегеранда футзал боюнча Азиянын бешинчи чемпионаты курч мүнөздө аяктады.Мында Азиядагы 16 мамлекеттин тандалган мыкты командалары чемпиондук үчүн ат салышты. Кыргызстандын футболчулары «С» тобунда Иран, Кытай, Ливан өлкөлөрүнүн командалары менен күч сынашты. Биринчи оюнда эле Кыргызстандын командасы Кытай Эл республикасынын тандалма командасын 9 : 4 эсебинде жеңип, көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле. 31- июлда Ирандын футболчулары менен таймашка чыгып, Азиянын төрт жолку чемпиону ирандыктарга алдырып койгону менен, кийинки оюнда ливандыктарды 5 : 2 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыгышкан . Ал эми чейрек финалда Тайланд өлкөсүнүн командасы менен беттешүү курч мүнөздө өттү. Мурдакы Азия чемпионатында кыргызстандыктар аларды артыкчылык менен утуп алышкан. Бул жолу Тайланддын жылдызы жанды. Бирок, алар жарым финалда Жапан өлкөсү менен күч сынашып, жапандыктар баш байгеге талапкер болду.
Алгачкы таймашууда кытайлыктар дарбазага биринчи топ тээп киргизишкени менен кыргызстандык Данияр Абдураимов эсепти теңеп, биринчи тайм 3 : 1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады. Экинчи таймда кыргызстандык футболчулар демилгени колго алышып, удаасы менен 6 топту Кытайдын дарбазасына таамай тээп, утушка ээ болушту. Кытайлык атаандаштар кыргызстандыктардын дарбазасына 4 топту киргизишти. Бул оюнда кыргызстандык Сыргак Мамбеталиевдин чеберчилиги жогору бааланды.

Кийинки беттешүүдө Азиянын 4 жолку чемпиону Ирандын командасына утулуп калганына карабай, үмүт бар эле. Үчүнчү таймашууда Ливан өлкөсүнүн футболчуларын 5 : 2 эсебинде жеңип, чейрек финалда ойноо укугуна ээ болушту. Мында кыргызстандык Данияр Абдураимов эсепти ачып, Нуржан Жетибаев менен Сергей Садовский айырмаланышты. Бул оюнда кыргызстандык чабуулчу Нуржан Жетибаев мыкты футболчу катары таанылды.

Кыргызстандык оюнчулар жарым финалга чыгуу үчүн Тайланд өлкөсүнүн командасы менен беттешти. Оюндун , акыркы мүнөттөрүндө бир топ айырма менен 2 : 1 эсебинде намысты колдон чыгарып жиберишпеспи. Тайланддыктар жарым финалдык оюнду Жапан өлкөсү менен өткөрүшүп, 2 : 2 эсеби менен тең келатышып, кошумча убакытта гана утулуп калышты. Экинчи жарым финалдык оюнда Ирандын командасы Кувейтти 10 : 2 эсеби менен жеңилүү ызасын тарттырды. Азия чемпиондугу үчүн эми Иран жана Жапан өлкөлөрүнүн ортосунда таймаш жүрүп, Иран өлкөсү бешинчи ирет чемпиондугун сактап калды.
Азия чемпионатына Кыргызстандын командасын баштап барган Медет Букуев мындай деди :

- Кыргызстандын командасы быйыл күчтүүлөрдүн тобуна кошулуп, сыноо кыйын болду. Азырынча Азияда футзал боюнча Иран мыкты болуп алдына эч кимди чыгара элек. Кытай менен Ливан чоң футбол ойногон командасын тандап алып келишкен экен. Жалпы жонунан бардык командалардын спорттук деңгээли өсүп жаткандыгына күбө болдук. Бразилия чоң футболдон гана эмес, футзалдан дагы эң күчтүүлөрдүн катарына кирет. Азиядагы спорт державалары: Жапония, Тайланд, Сингапур,Малайзия, Кореяда бразилиялык машыктыруучулар иштеп жатат. Кувейтте Иранды 2 жолу чемпиондукка жеткирген устат эмгектенүүдө . Азияда футзалдын өсүп-өнүгүшүнө өтө кунт коюлуп, камкордукка алына баштады. Азия футбол конфедерациясынын генералдык катчысы Питер Велапан жана Азия футзалынын төрагасы жапандык Жан Жак Агура жана ФИФАнын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын футзалынын деңгээли өсүп келатканын баса белгилешти. Азиядагы биринчи 5 мыкты команданын катарына Кыргызстанды кошуп, келечегинен үмүттөндүргөн команда катары баалашты. Финалдык топко кошулууга бир аз гана күч-кубат жетпей калды. Экономикалык кыйынчылыктар биздин командага да терс таасирин тийгизди. Ошого карабай Кыргызстандын намысын коргоого аракет кылдык. Өлкөдө футзалды өнүктүрүп, ийгиликтерди жаратууга мүмкүн экендигин Азия чемпионатындагы таймаштар айгинелеп койду.

- Футзалдын тегерегинде иштегендердин баары коомдук башталышта иштегендер. Өздөрүнүн негизги иштеринен сырткары бош убактыларында гана футзалда ойношот. Чынында, футзалды өнүктүрүш үчүн биринчиден, профессионалдык деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Биздин өлкөдө чоң футболдун келечеги жок болуп, Азия өлкөлөрүндө да деңгээли төмөн экендигин моюнга алыш керек. Бирок, «жыл сайын ФИФАдан Кыргыз футбол федерациясына бөлүнгөн каражат, чоң футболго гана берилген жардам», - деп келишкен: биздин футбол жетекчилери биз. ФИФА, Азия конфедерациясынын жетекчилеринен тактап сураганыбызда , алардын айтымында бул каражаттар өлкөдөгү футзалды колдоого да берилген жардам экен. Ошондой болгондо биз да футзал боюнча машыктыруучулар үчүн семинар-кеңешмелерди, методикалык окууларды уюштуруп, командаларга жардам берип, бутуна тургузууга мүмкүндүк алат элек.


Кыргызстанда азырынча футзал боюнча элүүгө жакын команда бар. Алардын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап баратат. Ал эми дүйнө жүзүндө футболдун бул түрүн келечекте олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө азыртан аракеттер көрүлүүдө.