ЭЛДИК ОЮНДАР ЭСКИРБЕЙТ

Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын III Спартакиадасы 13-июнда дагы улантылды. Мелдештерге 7 облустун жана Бишкек шаарынын командалары катышууда. Ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөш боюнча атаандашуулар аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргыз айыл чарба академиясынын спорт аянтчасында ордо мелдеши 4 күндөн бери өткөрүлүп, 13-июнда жеңүүчүлөр аныкталды. 7 команданы тең утуп алган Бишкек шаарынын ордочулары чемпиондук наамын сактап калышты. Байгелүү экинчи орун Талас облусунун командасына ыйгарылды. Үчүнчү орунду көлдүктөр ээледи. Кыргыздын ордо оюнун кеңири жайылтууга кандай аракет көрүлүп жаткандыгын Ордо федерациясынын президенти Төрөбай Кудайбергенов мындайча билдирди:

- Мектептерде ордо боюнча биринчиликтер өткөрүлүп турчу. 3-4 жылдан бери окуучулар үчүн мелдештер болбой калды. Бишкекте үстү жабык ордо аянтын куруш үчүн спорт комитети бир аз каражат бөлүп жатат. Бул демилгени өзүбүз да колдоп, демөөрчүлөрдү издеп атабыз. Жыл өткөн сайын ордочулардын деңгээли жогорулап баратат.

13-июнда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында Спартакиаданын тогуз коргоол акыл таймаштары да соңуна чыкты. Мында жалпы командалык биринчиликти Бишкек шаарынын өкүлдөрү жеңип алышты. Экинчи орун Нарын облусуна ыйгарылды. Кыз-келиндердин тогуз коргоол мелдешинде бишкектик эгиз кыздар Эльвира менен Эльмира Кудайбергеновалар III Спартакиаданын чемпиондору болуп калышты. Алар тогуз коргоол оюну жөнүндө мындай дешти:

- Биз 8-9 жылдан бери тогуз коргоол менен машыгып, эл аралык мелдештерге да катышып жүрөбүз. Бул оюн шахматтан да татаал, ары кызыктуу. Айрыкча адамдын акыл жөндөмүн, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, эс тутумун жакшыртат. Тогуз коргоолду мектеп программасына да киргизиш керек. Казактар бул оюнга өзгөчө көңүл бурушат.

Ушул эле Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын күрөш залында кыргыз күрөшү боюнча да III Спартакиаданын таймаштары аяктады. Жалпы командалык биринчиликти таластык балбандар жеңип алышты. Таластыктар Үрүстөм Дүйшөбаев, Нурдин Айталиев, Алтынбек Бабашев жана Кенжебек Бапиев III Спартакиаданын алтын байгесин утуп, чемпион болушту. Бишкектик балбандар Нурдин Кудайбергенов, Рамазан Мамадалиев жана Айдар Бейшебаев да III Спартакиаданын баш байгесин жеңип чыгышты. Оор салмакта гана чүйлүк Нияз Курманалиевге алтын медаль тапшырылды. Кыргыз күрөшүн Алатоо аймагына кеңири жайылтуу керектигин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Марсель Мураталиев мындайча айтып берди:

- Кыргыз күрөш федерациясынын президенти болгонго Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев макул болду. Биз да кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бул күрөш Талас, Ош, Жалалабад облустарында жакшы өнүгүп жатат. Нарын аймагында бул демилге колго алынбай келүүдө.

13-июнда Бишкектеги «Аккула» ат майданында ат оюндары боюнча да мөрөй талашуулар улантылды. Кунан чабыш жарыштарында көлдүк саяпкерлер таптаган күлүктөр марага озуп келди. Нарын - экинчи, Бишкек шаары - үчүнчү орундарды ээлешти. Бул күнү кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш боюнча да атаандашуулар болуп өттү. Спартакиаданын көкбөрү мелдешинде нарындыктар Талас облусунун командасын 5:4 эсебинде жеңип алышты. Чүйлүк улакчалар да бишкектиктерди утуп алышты. Ат оюндарынын финалдык таймаштары 14-июнда «Аккула» ат майданында болмокчу.