УНИВЕРСИАДА - ЖАШТАРДЫН ЖАРЫШЫ

Универсиада – студенттердин спорттук мелдештери. Бүткүл дүйнөлүк Универсиада француз Жан Петижандын демилгеси менен 1924-жылы Варшавада алгач ирет өткөрүлгөн. Универсиаданын регламенти Олимпиадалык оюндар менен бирдей. Урааны - «Илим, спорт, достук жана тынчтык». Дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндары эки жылда бир өткөрүлүп турат. 1960-жылдан бери так жылдары – жайкы, ал эми жуп жылдары - кышкы Универсиада мелдештери уюштурулуп келет. Бул күндөрү Кыргызстанда Универсиада оюндары cпорттун 15 түрү боюнча өтүп жатат. Жаштык мелдештерине 30 жогорку окуу жайынын командалары катышууда.
Эгемендүү Кыргызстандын студенттери, суучулдар Константин Андрюшин менен Сергей Ашихмин 1995-жылы Япониянын Фукуока шаарында өткөн Универсиадага катышып, Атланта Олимпиадасына жолдомо жеңип алышкан. 1997-жылы Кытайдын борбору Бээжинде, 1999-жылы - Италиянын Сицилия шаарында жайкы Универсиада өтсө, быйыл күзүндө Түштүк Кореяда кезектеги оюндар болмокчу. Кыргызстанда студенттердин мелдештери 10 жылдан бери ар жыл сайын үзбөй өткөрүлүп келет.

Былтыр Универсиада оюндарына 26 жогорку окуу жайынын командасы катышкан. Баш байгени Кыргыз дене тарбия институту 10 жылдан бери колдон чыгарбай келатат. Быйылкы таймаштарга өлкөдөгү 47 жогорку окуу жайынын ичинен отузу гана өз командаларын чыгарды. Мөрөй талашуулар спорттун 15 түрү боюнча курч мүнөздө жүрүп жатат.

Мурдакы атаандашуулардан айырмаланып, быйыл күчтүү делген 12 жогорку окуу жайынын спортчулары биринчи лигада күч сынашууда. Калган 18 команда экинчи лигада жарышка чыгып, жеңүүчүлөрү эмки жылы биринчи топко кошулат. Алатоо аймагынан Нарын, Каракол жана Ош шаарларынан гана студенттердин командалары келишти. Жалалабад менен Таластын жөө күлүктөрү 22-апрелде башталчу жеңил атлетика жарыштарына катышууга ниет кылууда.

Студенттердин Универсиада оюндарынын башкы калысы, «Жаштык» спорт коомунун төрагасы Зулумбек Исабеков мындай дейт:

- Универсиаданын башкы максаты - студенттик спорттук деңгээлин жогорулатып, мыктыларын иргеп алып Кыргызстандын намысын коргоочу тандалма команда түзүү. Ошондой эле, жаштарды спортко жакындатып, алардын ден соолугун чыңдап, сергек жашоого көнүктүрүү да негизги максаттардын бири. Ал эми эки лигага бөлүп өткөргөнүбүздүн себеби - командалардын деңгээлине жараша атандаштыкты күчөтүп, спорттун таасирин арттыруу болуп саналат. Студенттердин таймаштарына жакын туруп Чүй жана Жалалабад аймактарындагы окуу жайларынын катышпай жаткандыгы өкүндүрөт. Кыйынчылыктарга карабай, жаштардын демилгесин колдоого алып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырып жатабыз.

11-апрелде шахмат боюнча экинчи лиганын Универсиада мелдештери аяктады. Кыздар арасында баш байгени Бишкектеги Экономика жана менеджмент институтунун студенттери Анара Керимкулова менен Нурия Иманалиева жеңип алышты. Жигиттердин шахмат таймаштарында биринчи орунду Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери Эдил Койчиев менен Андрей Мазыцин камсыз кылышты.

Универсиаданы жеңген мыктылардан иргелип, Кыргызстандын студенттер командасы куралып, каражат маселеси чечилсе күзүндө Түштүк Кореяда өтчү Бүткүл дүйнөлүк Студенттердин Универсиада оюндарына барууга шарт түзүлөт. Жазга жарашкан жаштык мелдештери 26-апрелде жыйынтыкталат.