Кыргызстанда Кулатуу күрөшү пайда болгонуна 13 жыл болду. Андан бери күрөштүн бул түрү боюнча республиканын 12 чемпионаты өткөрүлдү. Быйыл жалпы командалык биринчилик Кыргыз дене тарбия институтуна ыйгарылды. Кулатууга чет өлкөлүктөр да кызыгууда.
Кулатуу - кыргыз элинин күрөш, кармаш өнөрү. Чыгыштын жоокерчилик өнөрүнүн башка түрлөрү сыяктуу эле кулатуу күрөшүнүн башка сыяктуу эле өз эрежелери, ыкмалары бар. Анын түпкү максаты - кыргыз жаштарынын ден соолугун, ички рухий дүйнөсүн, адамкерчилигин жакшыртуу. Кулатуу спорттун Кыргызстандагы эң жаш түрү катары 13 жылдан бери гана өнүгүп келатат. Ал кыргыз элинин жашоо шартына, адеп-ахлагына, өзгөчөлүгүнө жараша иштелип чыккан. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү - физика-математика илимдеринин кандидаты, СССР спорт чебери, карате-до боюнча кара белбоонун ээси Темир Турусбеков. Ал Кыргызстандын Кулатуу федерациясынын президенти. Кыргыз жергесинин бардык аймактарындагы спорт мектептеринде кулатуу секциялары иштеп жатат. Жыл сайын облустарда мыктыларды иргеп ала турган мелдештер өткөрүлүп турат.
- Кулатуу эл аралык аренага да тааныла баштады. Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда кулатуу секциялары иштеп жатат. Астанада ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан чыгыш эр өнөрүнүн фестивалына да кулатуу күрөшүнүн балбандары катышууда. Кулатуунун эрежелерине да өзгөртүүлөрдү киргизип, толуктап жатабыз. Эң негизги айырмачылыгы сакталып кала берет. Кулатуудагы түртүшүү, жылаан, найза, куш, калтек ыкмаларына спорттун панкратион түрүн да айкалыштырып жатабыз, - дейт Кулатуу федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Темир Турусбеков.
Бишкекте 25-февралда кулатуу күрөшү боюнча Кыргызстандын XII чемпионаты өткөрүлдү. Мында Нарын, Ысыккөл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек шаарынын 200дөн ашуун балбандары күч сынашты. Жалпы командалык биринчиликти Кыргыз дене тарбия институтунун командасы ээледи. Экинчи орун Сокулук районунун, үчүнчү орун - Талас шаарынын балбандарына ыйгарылды. Сокулуктук жигиттер Жеңишбек Сапаралиев менен Максат Сүйөров Кыргызстандын чемпиону аталышты. Кыргыз дене тарбия институтунун студенттери Айбек Эсенбаев, Бектур Кыдырмаев жана Нарис Сулайманов чемпиондук арнамысын сактап калышты. Оор салмакта бишкектик Максат Пазылов жеңишке жетишти. Ал эми кыздардын таймашында бишкектик Юля Борисова, токмоктук Нургүл Чалышова, сокулуктук Калиса Ташкеева, көлдүк Элнар Токтогонова айырмаланышты. 7 жашар таластык Дастан уулу Ислам кулатуу боюнча Кыргызстандын эң жаш чемпиону болуп калды. Жеткинчектерден чүйлүк Бакыбай уулу Нурсултан өнөрү менен таанылды. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
Чынында кулатуу күрөшүнө анча көңүл бурулбай келатат. Кыргызстандын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети жылына бир мелдеш үчүн гана каражат бөлөт. Каражаттын жоктугунан улам кулатуу күрөшүнүн эрежелерин, ыкмаларын баяндаган усулдук китеп чыкпай турат. Машыктыруучулардын адистигин өстүрүү боюнча семинар-кеңешмелер 2-3 жылдан бери өткөрүлө элек. Эл аралык мелдештерди уюштурууга демөөрчүлөр табылбай, улам кийинкиге калып келатат. Байыртадан балбандарын, баатырларын даңазалап келген кыргыз элинде кулатуу күрөшү улуттун өзгөчөлүгүн чагылдырган спорт түрүнө айланат деген ишеним бар.