Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

Зимбабведеги кризис: президенттен кабар жок


Түндө Харареден атылган октун жана жарылуулардын үндөрү угулуп турду.
Түндө Харареден атылган октун жана жарылуулардын үндөрү угулуп турду.

Африканын түштүгүндөгү Зимбабвенин саясаты туңгуюкка кептелди. Армия башкалаадагы маанилүү мекемелерди блоктоп, башкы телеканалды басып алды. Бирок анын өкүлдөрү муну "төңкөрүш эмес" деп билдиришүүдө. 93 жаштагы президент Роберт Мугабенин кайда экени белгисиз.

Шейшембиден тартып Зимбабвенин борбору Хараренин көчөлөрүн аскерлер ээлешти. Алар сотко, парламентке жана өкмөткө барчу жолдорду бууп, мамлекеттик башкы телеканалды басып алышты. Түндө Харареден атылган октун жана жарылуулардын үндөрү угулуп турду.

Көчөдөгү аскерлер.
Көчөдөгү аскерлер.

Бирок аскерлер бул аракеттерин "төңкөрүш эмес" деп сыпатташууда. Армиянын генерал-майору Сб Мойо телекайрылуусунда мындай деди:

- Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе жана анын үй-бүлөсү коопсуз жерде. Биз аларды коргоого кепилдик беребиз. Биздин аракеттер анын айланасындагы коомго жана өлкө экономикасына зыян келтирип жаткан кылмышкерлерге гана багытталган. Биз аларды жоопко тартабыз. Миссиябызды аткарып бүтөрүбүз менен жагдай кайрадан калыбына келет.

Зимбабвенин армия жетекчилиги.
Зимбабвенин армия жетекчилиги.

Саясий кризис ноябрдын башында вице-президент, а тургай кийинки президент катары саналып келген Эммерсон Мнангагва кызматтан алынганда башталган. Байкоочулар аны кызматтан алуу менен президент аялына, башкаруучу партиянын аялдар канатын жетектеген Грэйс Мугабеге мураскерликке жол ачты деп баалай башташкан.

Биринчи айымды башкаруучу партия колдойт. Ал эми вице-президенттин армияда баркы зор. Ал кызматтан алынганда армия башчысы Мнангагванын тарапташтары куугунтукталбашы үчүн саясатка кийлигишүүгө даяр экенин билдирип чыккан эле.

Ошондо башкаруучу партия армия жетекчилигинин кылыгын чыккынчылык катары айыптаган.

Бүгүнкү аракеттеринин натыйжасында Коргоо министрлиги башкаруучу партиянын бараандуу мүчөсү болгон каржы министрин кармаганы кабарланууда. Ал социалдык-экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып жатат дешет.

Зимбабвенин борборундагы аскерлер.
Зимбабвенин борборундагы аскерлер.

Ал арада АКШ менен Британиянын элчиликтери өз жарандарын “учурдагы саясий белгисиз абалга”, “адаттан тыш аскердик аракеттер жөнүндөгү маалыматтарга” байланыштуу үйлөрүндө отурууга чакырды. Кытай да билдирүү жасады:

- Зимбабвеге дос өлкө катары, андагы окуяларга дыкат көңүл буруудабыз. Тынч жана туруктуу өнүгүүнү колдоо - Зимбабвенин жана аймактагы өлкөлөрдүн негизги кызыкчылыгы, ошондой эле эл аралык коомчулуктун каалоосу. Зимбабведеги тиешелүү тараптар ички маселесин талаптагыдай чечет деп үмүттөнөбүз, - деди тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ген Шуан.

Кытай бул мамлекет менен тыгыз кызматташып келет. Жакында эле 150 млн доллар кытай насыясына өлкөнүн башкы аэропорту оңдолуп, Мугабенин аты берилген.

Зимбабвени 37 жылдан бери башкарып келе жаткан дүйнөнүн эң кары президенти былтыр өзүнө эстелик да орноткон. Быйыл августта болсо ансыз да каржалган бюджеттен миллиард долларды өзүнүн аты бериле турган университетти курууга бөлгөн.

Президент Роберт Мугабе.
Президент Роберт Мугабе.

Зимбабве - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири жана азыр оор экономикалык кризисте. Бирок бийлик ага карабай "президенттин эл арасында кадыры зор" деп айтып келет. Мугабе өзү да о дүйнө кеткенге чейин кызматынан кетпесин буга чейин ырастаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG