Жол чырак иштебей калганда жолдон өтө албай кыйналган окуучулар, Ала-Букадагы жылыбаган ооруканада үшүгөн бейтаптар, Майлуу-Сууда канализация жана суу түтүктөрү жарылып жүдөп жаткан тургундар... "Эл үнү" берүүсүнө бул жолу кайрылгандардын көбү электр жарыгы өчкөндөн бери келип чыккан көйгөйлөргө даттанышты.
“Жарык өчкөндө окуучулардын коопсуздугу ойлонтот”
Бишкек шаарынын тургуну Рита Кашкараева суук түшүп, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жаткандыктан жолдон өткөн окуучулардын коопсуздук маселеси курчуп жатканына кабатыр.
“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө ал борбор калаанын Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак жарык өчкөндө иштебей жолдон өткөн тургундар, өзгөчө окуучулар үчүн кооптуу болуп жатканын айтты.
“Жок дегенде окуучулар мектепке барган күндөрү жарыкты өчүрбөй эле коюшса жакшы болмок. Жолдон машиналар токтобойт, айрым айдоочулар катуу айдайт. Мен дүкөнгө барган сайын балдар “ии, мени жана машина тебелеп кетейин деди, жаныма келип токтоп калды” деп сүйлөшүп жаткандарын көп угам. Аялдаманын жанында жашайм. Бул жакта №46 мектеп бар. Жарык балдар мектепке бараткан маалда жана кечке жуук үйгө тарап жаткан учурда өчүп жатат. Сарсанаа болгонум эле жол чырактан өткөн 1-2-класстын окуучулары. Алар 12лерде чыгат, жарык ошол убакта өчөт. Саат 5-6ларда 8-9-класстын балдары чыгат. Ошол учурда дагы жарык өчүп, жол чырак иштебей калат. Суук түшкөндөн бери ушул көрүнүш. Негизи эле биздин аймакта жарык дайыма өчөт. Бир күндө 24 саат болсо анын 12 саатында жарык жок”, - деди Кашкараева.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматтык башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев жарык өчүп, жол чырактар иштебей калган аймактарда тийиштүү кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.
Ал жарык өчкөн учурда кайгуул кызматынын өкүлдөрү мектеп, бала бакча, эл көп жүргөн аймактарда жол кыймылын кол менен жөнгө салып жатканына токтолду.
“Жарык өчкөн учурда мектеп жайгашкан аймактарда, коомдук жайларда, жарандар көп болгон аймактарда кызматкерлер жетишинче иштеп жатабыз. Андан тышкары негизги көчөлөрдүн кесилишинде, жарандар эртең менен жумушка бараткан маалда, түштө жана кечинде үйгө кайткан учурда, мектептерден, бала бакчалардан балдарын алган учурларда кызматкерлер жол кесилиштеринде туруп автоунаалардын каттамын жөнгө салып жатат. Жол тыгындарын жоюу иштерин аткарып жатат”, - деди ал.
Ала-Бука: ичи жылыбаган оорукана
Ала-Бука районунун тургуну Кубанычбек Турдалиев Ак-Коргон айыл аймагындагы ооруканада жарык күндө өчүп бейтаптарды беймаза кылып жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал аймактык ооруканага ден соолугун чыңдоо үчүн келгенин, бирок кадимки шарт да каралбаганына нааразы.
“Оорукананын эшик-терезелери СССРдин убагында жыгачтан жасалгандыктан эскирип, арылдап суук кирет экен. Имараттын ичи жылыбай койду. Өзүбүз кошумча жылыткыч алып келип колдонсок да такыр жылыбайт. Анысы аз келгенсип жылыткыч сайсаң эле жарык өчөт. Суу бирде чыгып, бирде чыкпайт. Ажаткана болсо сыртта, -20 градуста барып келүү өтө кыйын. Айтор айткандын оозу жаман болуп, айтсаң эле күнөөлүүсүң, эл кыйналып, сыздап аткандары менен иштери да жок!”, - деди ал.
Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгердик практикалык борборунун директору Бактыгүл Алибаева сөз болуп жаткан оорукананын имараты 1960-жылдары курулгандыктан эскирип, кайра курулушу керектигин айтты:
“Бул оорукананын имараты 1965-жылы курулган. Чындыгында анын эшик-терезеси эскирген. Бүгүн (18-январда) электр энергиясы үчүн коюлган автоматты алмаштырдык дешти. Бул имарат кайра курууга муктаж. Сооронбай Жээнбеков президент кезинде титулдук тизмеге кирип, тендер өткөн бирок курулбай калган. Быйыл кайра курууга бердик”, - деди Алибаева.
Ал ошондой эле Ак-Коргон айыл аймагындагы бул жай жалпы дарыгердик практикалык борборунун бөлүмчөсү экенин кошумчалады.
Майлуу-Суу: суукта көп кабаттуу үйлөрдө канализация менен суу түтүктөрү жарылып жатат
Майлуу-Суу шаарынын тургуну Нурила Мамытова калаада жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандан кийин бир топ кошумча көйгөй жаралганын айтып “Азаттык” радиосуна кайрылды.
Ал көп кабаттуу үйлөрдөгү канализация жарылып, жагымсыз жыт жашоочуларды кыйнап жатканына капа. Андан сырткары суу түтүктөрү жарылып, суу ысыткан жабдуулар да иштен чыгып жатканын кошумчалады.
“Төрт кабат үйдө жашайм, канализация жарылып, аны тазалап кетишти. Бирок дааратканасы жок калдык, биотуалет деле коюшкан жок. Аристонум жарылып, суу тамчылап жатат. Мен аны сатып ала албайм. Андан сырткары үйдү жылыткан батареяларым да жарылды. Инсульт болгон апам бар, өзүм экинчи топтогу майыпмын. Бир кызым бар. Өткөндө мэриядан келишкенде көрсөтөйүн десем кирбей коюшту. Мага окшоп жабыркагандар көп. Трубалар тоңуп жарылып, коңшуларым ыйлап жатат. “Өзүңөр сатып аласыңар” деп жатышат. Эми кандай болот, билбейм? Ушундай абалда отурганыбызга бир жумадан ашты”, - деди ал.
Мамытова ошондой эле иштен чыккан тиричилик буюмдарынын баасы кымбат болгондуктан аны сатып алууга чамасы келбей турганын, бийлик өкүлдөрү кенемте маселесин да чечип берсе деген пикирин айтты.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат башчысы, учурда жарандык коргонуу штабын жетектеп жаткан Рахманалы Султанбаев жабыркаган тургундарды аныктап, тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Андан сырткары келтирилген зыян дагы такталып жатканына токтолду. Анын айтымында, учурда 10 бригада мэрияга түшкөн кайрылуулар боюнча жерине барып иштеп жатат.
“19-январда штабга бир күндө 26 кайрылуу түштү. 10 бригада иштеп кайрылгандардын көйгөйүн чечип жатат. Ал эми кенемте боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын жобосу болот экен. Ар бир тарткан зыян боюнча Майлуу-Суу шаарынын жарандык коргонуу комиссиясынын инженердик кызматы зыян тарткан ар бир батирге үй башчысы (домком) жана аймактык башкармалыктар менен кирип акты түзүп жатат. Толук кандуу актылар түзүлгөндөн кийин Министрлер кабинетине жолдойбуз”, - деди ал.
Султанбаев күн жылыса, кайрылгандар көбөйүшү мүмкүн болгондуктан Кочкор-Ата, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарынан кошумча үч бригада сурашканын кошумчалады.
Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” программасына 0550 988 755 номери менен WhatsApp жана Telegram аркылуу кайрылсаңыз болот. Ошондой эле биздин социалдык тармактагы баракчаларыбыз аркылуу да кайрылыңыз.