Алыскы Будалык айылындагы таза суу көйгөйүн үч аялдын турмушу аркылуу айтып беребиз.
Будалык тоо койнундагы айыл, алты чакан кыштактан турат. Алардын бири – биз барган Кум-Шоро айылы. Бийик тоолор курчаган айыл кооптуу саналган кызыл зонада. Жошолонуп аккан чоң суудан мал-жандык дагы, адамдар дагы ичишет.
Алай району чоң аймакты ээлеп, бийик тоолуу болгонуна карабастан дарыя-өзөндөрдө аккан суу ичкенге дээрлик жок. Бул калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына таянсак, 2021-жылы өлкө аймактарында таза суусу жок айылдардын саны аныкталган:
- Баткен облусунда - 86
- Ош облусунда- 61
- Жалал-Абадда - 46
- Ысык-Көлдө – 2 (Таза суусу жок конуштардын эң азы ушул облуста)
- Чүй облусунда – 3
- Талас облусунда – 10
- Нарын облусунда – 19.
Бул айылдардын баары төмөндөгү картада көрсөтүлгөн. Түштүк аймакта абал өзгөчө оор.
Таалайгүл
Таалайгүл Будалыкка келин болуп келгенден кийин гана таза суу көйгөйүнө туш болгонун эскерди. Ал чоңойгон аймакта таза суу чоргодон шаркырап агып турчу. 1994-жылдан бери үй-бүлө күтүп, ошондон бери эшек менен флягага суу толтуруп, ташып келишет. Ылайланган суу бир топто барып тунуп, анын даамы такыр башкача болот.
Башында сууну ташып, ал тунганча күтүп, Таалайгүл чоң түйшүк тартар эле.
Ага көнгүчө бир топ убакыт өттү. Азыр Таалайгүл келиндерине сууну ташып, тундурганды үйрөтүп, өзүнүн жаш кезин эстейт.
“Азыр эми бул дарыядан эмес, башка жактан суу ичкенде мага даамсыз сезилет. Анткени мен башкалар үчүн ылайланып көрүнгөн өзүбүздүн сууга эле көнүп калыптырмын”, - дейт Таалайгүл.
Суу ташуу - күнүмдүк эң маанилүү жумуш
Булактан чыккан суу айылдарга жеткиче чополуу боорлорду аралап агып олтуруп, жошолонуп калат. Кышында суук түшүп, жер тоңгондо гана суу мөлтүрөп тунуйт.
Таалайгүл таң атпай турат. Биринчи эле дарыядан суу ташып келиши керек. Суусуз кантип турмуш болсун.
“Суу ташуу – күндөлүк турмуштагы эң маанилүү иш”,- дейт Таалайгүл.
Сууну ташып алып келген соң, аны тундуруу да өзүнчө бир мүшкүл. Таалайгүлдүн үй-бүлөсүнө күнүгө төрт фляга суу керектейт.
“Бизде төрт фляга бар. Анын экөөнү тундуруп коюп, берки эки флягадагы сууну ичип түгөтөбүз. Бошогон экөө менен барып суу алып келебиз”.
Таалайгүл неберелери менен сууну дарыядан эшекке артып келет.
"Мен эки чоң фляганы эшекке артып берем, анан дарыяга барабыз, ал жерден чака менен флягага сууну толтуруп, үйгө жөнөйбүз".
Таалайгүл үйдө жокто суу ташуу түйшүгү келиндерине жүктөлөт.
“Биздин үй-бүлөбүз чоң. Бул үйдө күйөөм, уулум жана келиним бала-чакасы менен чогуу жашайбыз. Экинчи келинимдин дагы балдары бар. Анын күйөөсү Орусияда иштейт”,- дейт Таалайгүл.
Флягалардагы сууну бир суткадай тундурушат.
“Флягадагы сууну 24 саат бою тундурууга аракет кылабыз, бирок кээде күтүлбөгөн жагдайлар чыгат. Мисалы, коноктор келип, аларга чай бериш керек, анан туна элек сууну эле ичүүгө туура келет”.
Шашылыш маалда эмне кылуунун жолун Таалайгүлгө кайненеси үйрөтүп кеткен. Эгерде таза суу жок болуп калса, анда сууга бир аз ун себелеш керек. Ошондо ун суудагы кирди фляганын түбүнө чөгөрүп, суу тезирээк тунат.
“Бизди жамгыр куткарат”
Дарыянын суусу менен жуунганда терини абдан кургатат. Таалайгүл вазелинди көп колдонууга туура келерин кеп салды. Көп учурда айыл тургундары жамгырдын суусун колдонушат. Алар жамгырды күтүшөт. Жамгырдын суусун чогулутуп алып, ага жуунуп, кир-когун да жууп алышат. Булактын суусуна кир жууганда самын көбүрбөйт.
Таалайгүл күйөөсү экөө жамгырдын суусун чогулткан челек коюп алгандан кийин жашоо-турмуш кыйла жеңилдей түшкөн. Бирок челектеги суу эки аптадан кийин эле бузула баштайт. Балыр басып, тез арада пайдаланбаса эч нерсеге жарабай калат.
Анан дагы эртең менен дарыядан суу алганы барганда калкып жүргөн кишинин сөөктөрүн көргөн учурлары болгон. Эл буга көнүп деле калгандай.
“Мен бул жерде көптөн бери жашайм, жогоруда көрүстөнүбүз бар. Кээде суудан кишинин сөөктөрүн көрүүгө болот. Анткени катуу сел жүргөндө көрүстөндү суу каптап кетет”, - дейт айыл аксакалдарынын бири.
Айылдын аксакалдарынын айтымында, үч жыл мурун арабдардын “Ас-Сафа” фондунун демөөрчүлүгү менен түтүк аркылуу таза суу чыгарып беришкен. Бирок бир жылдан кийин түтүктөн тамчы акпай калды.
Айыл өкмөтү түтүк орнотуп, сууну кайра чыгарып берүүгө такай убада берет. Бирок ушул убакка чейин андан майнап чыга элек.
Аткарылбаган убада
2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” ири долбоору ишке кирип, жакында эле Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотту. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түздү.
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин(АРИС) аткаруучу директорунун орун басары Аскар Сатыбековдун айтымында, “Таза суу” долбоору эки багытта каржыланган: Азия өнүктүрүү банкы Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарын, Дүйнөлүк банк Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын субсидиялаган.
Долбоор негизенен суу чыгаруу жана канализация системаларын реабилитациялоо аркылуу калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртууга тийиш болчу. 2010-жылы ал биринчи жолу күтүүсүздөн токтотулган. Андан кийин АРИСке үч донор кайрылган: Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Дүйнөлүк банк (ДБ) жана Эл аралык кызматташтык агенттиги (DFID).
Эксперттер долбоорлорду ишке ашырууда өтө олуттуу мыйзам бузууларды табышкан. Аскар Сатыбеков белгилегендей, АРИС башында “Таза сууга” катышуудан баш тартууну чечкен. Бирок кийин кайра долбоорго кошулган.
Натыйжада 2011-жылдын 21-июлунда долбоорлор Суу чарба жана мелиорация комитетинен АРИСке өткөрүлүп берилген. Агенттиктин кызматкерлери аларга чейинки аткарылган иштерге аудит жүргүзгөн. Буга катар эле АӨБнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү да текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүлөрдүн натыйжасы өтө кейиштүү болуп чыкты: чыгаша ашып, сатып алуу жол-жоболору, курулуш нормалары жана эрежелери бузулган, эски жабдыктар орнотулган. Долбоордун аткаруучусу бул каражатты өз эсебинен кайтарып берүүгө аргасыз болгон.
Аскар Сатыбеков белгилегендей, АӨБ долбоорго гранттык негизде 30 миллион долларга жакын каражат бөлгөн. Каржылоо токтотулган учурда 10 миллион долларга жакыны өздөштүрүлүп, калган 20 миллион доллары убактылуу токтотулган.
Каражаттын баары коррупциянын артынан жок болуп кеткени аныкталып, бардык демөөрчүлөр жана долбоорду ишке ашыргандар 2-4 жылда суу менен камсыздайбыз деп убада беришкен. Бирок 2022-жылы көп айылдар, жада калса шаарлар дагы деле таза сууга зар.
2019-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков “Аймактар үчүн таза суу” форумунда жакынкы беш жылда республиканын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген. 369 айылга жаңы системаларды куруу планы айтылган. Мунун баарын эл аралык уюмдардын колдоосу жана бюджеттин эсебинен ишке ашыруу каралган. Бирок анын ишке ашарынан күмөн санагандар да жок эмес.
Ал кездеги бийлик 2014-жылы ичүүчү суу маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнүп, 2018-жылы 250 миллион сомго чейин көбөйгөнүн жарыялаган. Бул сумманы 500 миллион сомго чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылган.
Экс-президент Жээнбеков бул сумма кайрымдуулук жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен жыл сайын көбөйүп жатканын айткан. Бирок ал толук ишке аша элек.
Махабат
Махабат өзү Алайдын кызы. Ал Будалык айылына турмушка чыккан. Азыр анын жети баласы бар. Жаңы келин болуп келгенде таза суунун баа-баркын анчалык деле сезген эмес экен. Сууну кенен-кесири пайдаланчу. Анткени ал маалда суу ташыганы барчу эмес. Качан гана кайненеси сууну кандай кыйынчылык менен ташып келишерин айтып, сууну үнөмдөөгө кеңеш бергенден кийин гана түшүнгөн.
Махабат үй-бүлөсү менен таң атпай турат. Балдары мектепке барат, кээ бири түштөн кийин окуйт. Анын беш кыз, эки уулу бар. Улуу кызы 19да, кичүүсү эки жарым жашта. Балдары кеткенден кийин ал уйду саап, мал-жандыкка чөп салат.
Махабаттын үй-бүлөсү дарыядан алыс жашагандыктан арыктан суу ташып келет.
“Эртең мененки саат 9-10го чейин суу алып алганга аракет кылабыз. Анткени саат ондо кошуналар малын арыкка сугарганы чыгара баштайт. Ага чейин суу ташып алышыбыз керек”, - деди ал.
Кышында суу тоңгондо кыйла алыстагы дарыяга барып-келүүгө мажбур болушат. Жол тайгак болгондуктан суу ташыган эшек жыгылып, өзүнчө эле чоң мүшкүл. Кыш - айыл эли үчүн эң оор мезгил.
Айылга агып келген шор суу бар. Махабат үй-бүлөсү менен ага жакын жашагандыктан көбүнчө ошол жерден суу алышат.
Айылга келин болуп түшкөндө бир жолу кышында үйдө эч ким жок Махаббат өзү жалгыз сууга баргананын эскерди. Ал эшегин жетелеп, суу аккан жерге 20 мүнөттө жеткен. Эшекке суу артып кайра келе жатканда кыя жолдо аркан чечилип кетип, флягалар жерге кулап, Махаббат ыйлаганын айтып берди.
Ал жерден өтүп бараткан киши флягаларды кайрадан эшекке артып берген. Фляганы эшекке артканда арканды жакшы тарта албаганы үчүн бейтааныш адамдын алдында уялганы азыр да эсинде.
Кечинде үйгө келгенде Махабат кайненеси менен кайнатасынан арканды кантип туура тартканды үйрөнгөн. "Ошондон кийин эшекке арткан суу төгүлгөн жок", - дейт.
Азыр Махабаттын үй-бүлөсү жалпы айыл элиндей эле шор сууга көнүп калган.
“Суунун туздуу даамына көнүп бүттүк”, - дейт.
Махабат бул айылга жаңы келин болуп келгенде суусуна көнбөй, ичи ооруп, көпкө чейин кыйналып жүргөн. Күйөөсүнүн боору ооруп, ооруканага кайрылгандан кийин дарыгер сарыкка чалдыкканын аныктаган.
"Гепатит А – коркунучтуу жугуштуу оору, анда боор жабыркайт. Көбүнчө Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда көп катталат. Ал жакта сарыктын тарашына таза суунун жетишсиздиги себеп болууда," – деди Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун эпидемиологу Насиба Бурханова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, суу таза болбосо бир катар ооруларды, анын ичинде сарыкты пайда кылышы мүмкүн. Таза сууга жетпеген түштүк аймагындагы көптөгөн айылдарда сарык менен ооругандар көп.
2021-жылы сарык менен ооругандардын саны:
- Баткен - 184
- Жалал-Абад - 100
- Ош - 91
- Чүй - 39.
- Ысык-Көл – 10. Сарыкка чалдыккандар эң аз ушул облуста катталган.
- Нарын - 18
- Талас - 19
Жамгыр суусу
Махабаттын үй-бүлөсүнө дагы жамгырдын суусу өтө баалуу. Күзүндө жамгыр бат-баттан жааганда челек, фляга ж.б. идишке топтоп алууга аракет кылышат.
Айылдын кээ бир тургундарынын атайын казып койгон чуңкурлары бар, ал жерге жамгырдын суусун чогултушат. Тилекке каршы, Махабаттын үй-бүлөсүнүн андай чуңкуру жок. Жамгыр суусун жуунганга жана башкага керектешет. Бирок тамак-ашка жарабайт.
Кышында тоодон суу ташыган оңбогон түйшүк. Мындан улам алар көбүнчө карды чогултуп, казанга салып эритишет.
"Эң көп дегенде 500 литрдей суу топтойбуз. Көбүнчө казанга, челекке, чакага, флягага толтурабыз. Жамгыр жаабаган маалда коңшу айылдардан суу ташып келчүмүн. Анткени ал жакта суу түтүктөрү бар. Ал жакка ат менен барыш керек. Анын үстүнө биз кир сууну флягага тундурабыз. Ага бир суткадай убакыт кетет."- деди Махабат.
Махабаттын үй-бүлөсү күн сайын жамгыр суусуна жуунат. Дарыянын суусу өтө туздуу, чачты аябай бузат. Баш жууганга жаандын суусун алып коюшат. Анын үстүнө балдарды да жамгыр суусуна жуунтуу жакшы. Дарыянын суусу алардын терисин кургатып ийет.
"Негизи жамгырдын суусу бизге бардык жагынан пайдалуу. Дарыядан же арыктагы суудан айырмаланып, самын жакшы көбүктөнөт. Кийим-кеченин кири жакшы кетет. Бир зыяны - жаандын суусуна жуулган кийим бат эле сапатын жоготот. Дарыядагы сууга кир жуусаң, туздуу болгондуктан, кийимде ак тактар калып калат. Кургаган кирдин тактарын кетирүү үчүн нымдуу чүпүрөк менен сүртүш керек. Ошондой эле дарыя же түтүктөгү сууда самын такыр көбүрбөйт. Кийимди бир сааттай жууйсуң, самын эрип, суу агарып, көбүксүз болуп калат, ошону менен кир кетпейт. Самын да көп кетет",- деп түшүндүрү Махаббат.
"Бул маселе совет доорунан бери эле келе жатат. Түздүктө жашагандар аздыр-көптүр таза суу ичет, бийик тоолордо жашагандар кир суу ичет. Жаан-чачында суу ылайланып, сел болуп агат. Союз убагында бул жерде ар бир үйгө суу жетчүдөй түтүктөр курулган. Бирок СССР тарагандан кийин бардык иштер токтоп, көзөмөл болбой калды. Жакында эле эң бийик булактан түтүктөрдү түшүрдүк. Бирок каражат аз болгондуктан, мектептерге гана жеткирүүгө чама-чаркыбыз жетти. Албетте, бардыгын суу менен камсыздоо пландары бар, бирок каражат такыр жок. Бир кезде Араб фонду бизге 300 миң сом бөлүп берген. Бирок ал жетпей калып, ойлоно баштадык. Эң арзан түтүктөрдү сатып алып, баарына суу жеткирүүгө аракет кылдык. Азыр маселе чечилгени менен баары акчадан гана көз каранды,-дейт Гүлчө айыл өкмөтүнүн орун басары Бактыбек Осмонов.
Ажар
Ажар бул айылда көптөн бери жашайт. Буга чейин ал үй-бүлөсү менен айылдан 20 мүнөт жердеги тоо койнундагы конушта турчу.
“Мурунку жашаган жерибиз "кызыл зона" деп эсептелип, жашоого жараксыз болгондуктан Будалыкка көчүп келип, үй салганбыз. Суу ал жакта абдан алыс эле. Албетте, азыр жакыныраак, бирок абдан кир”, - дейт Ажар.
Ажар тамак жасаганды жакшы көрөт, бирок анын ырахатына караганда түйшүгү көбүрөөк. Айылда жашагандардын баары нанды көп бышырат.
Камыр жуурганга чайнектерге сууну эки-үч жолу кайнатып, ылайды тундуруш үчүн сууга ун себишет.
“Мисалы, сорпо ичкенден кийин табактын түбүндө майда таш же топурак жүрсө бизге таң калыштуу эмес, ага көнүп калганбыз”, - дейт Ажар.
Ажар кызы экөө биздин алдыбызга жаңы бышкан нан коюшту.
“Демөөрчүлөр чыкса, балким баары ойдогудай болмок”
Ажардын айтымында, илгери суу чыгарууга айылдагы ар бир түтүндөн 2000 сомдон чогултушкан. Анда элүүдөй үй бар эле. Айылдыктар өздөрү 60 метр кудук казышкан, бирок андан кийин ал жердеги суу тоңуп калган.
Ажар кызы экөө кудукту үч күн казышкан, бирок түтүктөрдүн баары тоңуп, тамчы суу чыкпай койгон. Андан кийин түтүктөрдүн баары жарылып, эл эми сапаттуусуна алмаштырабыз деп дагы терең казышкан.
"Кудук казууну ким чыгарганын билбейм. Бүт айылды чогултуп, казууга киришкенбиз. Кээ бир үйдө адам күчү көп болгондуктан, кудуктан түз эле үйлөрүнө жол салып алышкан. Башкалары кышында түтүк тоңуп калбасын деп кудуктун үстүн койдун терис, чопо менен жабышты",- деди Ажар.
Баарын эл өзү жасап, цемент, түтүктөр, кранды өздөрү сатып алган. Айылдын башында жана аягында эки кудук бар болчу. Суу берүүчүлөр келип, баарын өлчөп, сууну киргизүү үчүн 10 миллион сомго жакын акча сарпталарын айтышкан. Айылдыктар эң көп дегенде бир миллион сом чогулта алышмак. Демөөрчү чыкканда балким баары ойдогудай болмок.
Азыр Ажар менен Махабаттын үй-бүлөсү мал кечкен арыктан суу ичет. Ажардын үйүнүн жанында жаандын суусун чогулта турган чоң челеги да бар.
Үч жыл мурун кыргыз бийлиги 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген. Ал убада айтылган мөөнөттө ишке ашабы же жокпу, азырынча белгисиз. Бирок азыркы убакта карапайым эл кир суу ичип, ден соолугунан айрылып, өмүрүн тобокелге салууга аргасыз.
Жамиля Асанова, Борбор Азиядагы Америка университети