Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

"Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып"... Мекенчил акын келбес жайга узады


Гүлжамила Шакирова.
Гүлжамила Шакирова.

Кыргыз адабияты менен журналистикасы талантуу кызынан айрылып турат. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Гүлжамила Шакирова 68 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Калемгер соңку 30 жылдан бери УТРКнын Кыргыз радиосунда эмгектенип жаткан. Замандаштары аны мекенчил калемгер катары сыпатташат.

"Шатыра-шатман жүрүп, жакшы дем менен эмгектенди"

68 жашында өмүрдөн өткөн Гүлжамила Шакирова бир топ жылдан бери эле астма оорусу менен күрөшүп жүргөн. Жакындарынын маалыматына караганда 25-июнга караган таңда акынды өнөкөт оорусу алып тынган.

Калемгер менен 1993-жылы УТРКга бирге келип, ушул мезгилге чейин радионун адабий бөлүмүндө бирге иштешкен кесиптеши, акын Элмира Ажыканова Гүлжамила Шакированын радиодо көтөргөн жүгүн кеп кылды.

Элмира Ажыканова.
Элмира Ажыканова.

“Көпчүлүгүбүз жасай албаган публицистикалык макалаларды биз эжеге тапшырып койчубуз. “Сиз көркөм тилди жакшы билесиз, сиз даярдап бериңиз” деп талап койчубуз. Кыргыз радиосунда элге кеңири белгилүү “Бейпил түн” деген уктуруубуз бар. Ал укканга жеңил болгону менен даярдай келгенде чынында оор уктуруу. Гүлжамила эже ушундай көркөм тексттерди талап кылган берүүлөрдү ойлонуп-толгонуп даярдап, тандап алган темаларын ар тараптуу ачып бергенге аракет кылчу. Мээнеткеч кесиптешибиз өз жумушуна жоопкерчилик менен мамиле жасайт эле”.

Элмира Ажыканованын айтымында, маркум кесиптеши Шакирова улутка күйүп-бышкан аялзат эле. Өзү да кийинки жылдары уктурууларында улуттук маселелерге кайрылып, нарк-насил, салт-санаа, кыргыз айымдары тууралуу темаларды көтөрүп келген. Акындык түйшүктүү экенине карабай, радиодон өзөктүү теамаларды козгоп, жумушун аксаткан эмес. 1996-жылы “КТРКнын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

“Радионун жумушу жеке чыгармачылыкка көп учурда жолтоо болот. Анткени бул тармакка болгон күч-кубатыңды, эргүүңдү жумшап коёсуң. Бирок ошол эле учурда радиодо иштөө энергия, идея да берет. Жумушуңда таланттуу адамдар менен маектешесиң. Жакшы сөздөрдү угасың. Гүлжамила эже да дал ушул чыгармачылыктын тегирменинде жүрдү. Ар убак көңүлдүү иштеди, улгайдым деп чөккөн жок. Өмүрүнүн соңуна чейин шатыра-шатман жүрүп, жакшы дем менен эмгектенди”, – деп эскерет Ажыканова.

Гүлжамила Шакирова.
Гүлжамила Шакирова.

Шакирова 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда “Нуска”, “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” аттуу программаларды даярдап эфирге чыгарган.

Мындан 3 ай убакыт мурун УТРКда пенсия жашындагы бир топ кызматкерлер иштен кыскартылган. 70 жашка таяган калемгер Шакирова да жаш курагынан улам бул кыскартууга учураган. Бирок кесиптештери аны бул талапты туура кабыл алганын, штаты кыскартылганы менен уктуруулары сакталганын айтышат. Алардын маалыматына караганда, ал алдыдагы айлар үчүн да иш пландарын даярдап койгон экен. Бирок ошол темаларын алып чыгууга үлгүрбөй калды.

“Кол өнөрчүлүгү да керемет эле"

Гүлжамила Шакированын ысымы 1970-жылдардын экинчи жарымында кыргыз поэзиясына жаңы ысымдар келип, окурманы көп болуп турган учурда угулду. Анын алгачкы ырлар жыйнагы 1987-жылы “Сапардагы каркыра” деген ат менен басылып чыккан.

Кийин 1990-жылы “Даанышман кеп”, 2004-жылы “Дилазык”, 2012-жылы “Карайлаба, кан Манастын тукуму” аттуу китептери жарык көргөн.

Акын алгачкы китептеринде турмуштук, лирикалык ырларга басым жасаса, соңку эмгегинде мекен, эл, улуттук намыс темасына кайрылып, граждандык лирикага, публицистикалык маанайга өткөнү байкалат.

Эл акыны Кыялбек Урманбетов калемдешин ар тараптуу өнөр адамы катары сыппатайт.

Кыялбек Урманбетов.
Кыялбек Урманбетов.

“Шакировадан кыргыз аялзатына тиешелүү мыкты сапаттарды көрчүбүз. Кол өнөрчүлүгү да керемет болчу. Калпак баштаган кийим-кече тикчү, шырдак шырчу. Аны ар ким эле жасай албайт да. Ырды да катыра жазып, башкаларга окшобогон өзүнүн өзгөчө дүйнөсү бар эле. Анан кыргыз үчүн өзгөчө күйчү. Кыргызга сөз тийгизгендерге өз оюн ыр менен да жазып жооп берип турар эле. Менимче, элге-жерге күйгөн адамдардын ысымы өчпөйт. Аялзатынын үй жумушу да өтө көп болот эмеспи, ошого карабай ал баарына кантип жетишип жүрдү, таңкалам”.

Шакирова менен жаштайынан курбалдаш, санаалаш болуп, аны жакындан жакшы билген дагы бир Эл акыны Бактыгүл Чотурова калемдешин өз доорунан эрте кеткенин айтып кейип турат:

Бактыгүл Чотурова.
Бактыгүл Чотурова.

“Мен ага кээде ооруганымды айтсам, тамашалап урушчу эле. Эми өзү көптөн бери алпурушкан оорусуна жеңилип кете бергени ичибизди сыйрып турат. Бала чактан бери чыгармачылык аркылуу жакын болуп кеттик эле. Кален Сыдыкова баштаган тең чамалаш акын кыздар болуп жакын курбулардан элек. Аны арабызда биз Гүкүш эле деп койчубуз. Жашоону сүйүп жашачу. Ачык айрым, бетке айткан мүнөзү бар эле. Адамдардан тазалыкты көрө билчү. Кылыктанган, митаамданган кишилерди жек көрчү. Ырларын болсо көпчүлүк билет. Патриоттук дух билинип турат. Ырларын окуганда да жан дүйнөгө жеткирип окучу”.

Гүлжамила Шакирова мекенчилдиги, чечкиндүүлүгү, чынчылдыгы менен замандаштарынын эсинде калды. Айрым замандаштары аны улуттук дөөлөттөрдү, нарк-насилди жар салган мыкты журналист, акын эле эмес, коомдук-саясий турмушка да аралаша билген, өз позициясынан тайбаган адам катары эскерет.

Жедигер Саалаев.
Жедигер Саалаев.

“2020-жылы “Чоң казат" партиясы менен парламентке аттанам деп да жүрдү. Анткени анын акындык жүрөгү элге чындык келди деп ишенди окшойт. Кадимкидей талапкерлердин катарында эл аралады. Менимче, “Чоң казаттын” гимни катары ырдалып жүргөн ырдын да автору болсо керек. Эже турмушта шайдоот, өзүнө ишенимдүү жашады. Колунда бар нерсеге топук кылды. Жылтырак-жултурак нерселерге жулунбаган жакшы инсан катары эсимде калды. Професиионал акын да, журналист да болду. Эми анын “Кыргыз” радиосунун алтын фондундагы уктуруулары, чыгарган китептери артында мурас болуп кала берет”, - дейт акын Жедигер Саалаев.

"Чыркырап күйгөн эл үчүн, чындыкты беттеп жан турсун!"

Маркум Гүлжамила Шакированын ырларынан:

Азыркы кыргыз анты

Нур Ата, Умай Эненин,
Манастай Айкөл дененин,
урпагы болуп келаткан,
Улуу Эл - Кыргыз - белегим!
Өмүрдүн өзүн туу кылып,
өзүңө Антым беремин!

Чыркырап күйгөн эл үчүн,
Чындыкты беттеп жан турсун!
Элиме кастык жасасам,
Эзелки Манас Анты урсун!
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү эл кыргыз бар үчүн,
Кырылган сайын күчөгөн,
Кыраакы намыс, ар үчүн!
Курууга кыргыз ордосун,
Азабын, жанын арнаган,
Атылган кыргыз каны үчүн!

Акыл-эс болуп орногон,
Атабыз - Манас Шер үчүн!
Абалтан бизге сакталган,
Акактай таза жер үчүн!
Башатын наркын жолдогон,
Байыркы Кыргыз эл үчүн!

Убада бузуп, ант бузуп,
Урааны боло албасам.
Кыйналып турган элиме,
Кырааны боло албасам.
Арамдык, ач көз иштерге,
Нээтимди бузуп алдасам,
Эзелки сөздүн күчү урсун!
Эненин эмчек сүтү урсун!
Жарыбай укум-тукумум,
Жакшылык көрбөй өмүрүм,
Жардаган элдин көзү урсун!
Жараткан Теңир өзү урсун!

Бейтаанышым

Бейтаанышым,
Жан термеп жарк этип караганын,
Жаздагы шоокумдай самап алдым.
Жазыксыз кармалган карлыгачтай,
Жан-дүйнөм жай албай сабаладым.

Бейтаанышым,
Кылчактап,кыйылып караганын,
Кыйнады жүрөктү, жараладын.
Бир кызык сезимге кабылдым да,
Билгизбей бараттым, ал абалым.

Бейтаанышым,
Сүйдүрүп андагы караганын,
Сүрөттөй каректи кадаганын.
Сезимден эч өчпөй кала берип,
Сүйүүнүн гүл багын араладым...

Бейтаанышым,
Өнүттөн ок жеген ак маралдай,
Өзүмө келе албай чалажаным.
Өчпөгөн элеске айландырып,
Өзүндү энсөөдөн жадабадым...

Өрт салып өзөккө караганын...

Болгон жакшы

Саматып издериң болгон жакшы,
Сагынган кучагың толгон жакшы.
Бактысыз турмушка басынганча,
Баалаган жанга жар болгон жакшы.

Жакшылык бактыга жетелетет,
Жаштыкка өмүрдү тетелетет.
Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып,
Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт.

Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы,
Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы.
Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо,
Жакшыга жанашкан жолдор жакшы.

Сырдашар курдашың болгон жакшы,
Сыйлашып кармашкан колдор жакшы.
Билбеске бирикпей кор болгончо,
Билгендин бийиги болгон жакшы.

68 жашында акка моюн сунган акын, журналист, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, Республикалык кыргыз тили коомунун "Эне тил" гезитинде кабарчы болуп да иштеген.
Чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги үчүн 2017-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болгон. 30дан ашык ырына обон чыккан. Калемгер менен коштошуу зыйнаты 27-июнда өзү туулган Жаңы-Тилек айылында өтөт.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG