– Алгач кеп башын балалыгыңыздан, айылыңыздан баштасак?
– Балалык мага сагындырган, кусаландырган, алыста калган сүрөт сыяктуу элестейт. Айылга барган чакта тоону, сууну карап, бала күндөрдү көз алдыман өткөрөм.
Биздин балалыктын бир арманы – Кызыл-Жазы айылыбыз Токтогул ГЭСи курулганда суунун алдында калды. Ал айыл аралчадай болгон көркөмдүү жер эле.
Анан суу баскандан кийин Кара-Жыгачка көчтүк.
Жаңы көчүп келген конушубуз анда какыр жер болчу. Өскөн жер болгондон кийин какыр экенине карабай сагынып, эңсеп турат экенбиз.
Ал жер тууралуу мындай саптарым бар:
Кара-Жыгач какырыңда кызыл кум,
Сагынганда санаам болуп сызылдың.
Бир тал жыттуу шыбагыңча бар бекен,
Бир сап ыры мендей жаман кызыңдын!
– Адабиятка болгон алгачкы кызыгуулар, таасирлер качан башталды экен?
– Ыр дүйнөгө болгон кызыгуум окуучулук кезден башталды. Адабият сабагын жакшы көрүп окуп, дил баян жазганды зарыгып күтөр элем. Ошондо эле ички тартылуу бар окшойт менде. Бирок анда акын акын болом деген кайдагы ой? Мугалим болом деп ойлочумун.
– Акын айымдардын коомдогу орду, түйшүгү тууралуу кандай пикир айтасыз?
– Негизи эле аялдын түйшүгү көбүрөөк да. Эркек киши чыгармачылык болобу, башка кызмат болобу, айтор үйгө келсе эс алат. Аял киши үйгө келсе күнүмдүк үй түйшүгү даяр. Менде деле ошондой эле көрүнүш. Бирок чыгармачылыктын табышмактуу касиетинен улам бул күнүмдүк түйшүктөр акынга жолтоо болбойт. Мисалы ошол эле иш кылып жаткан маалда да ичиңден бир ойлорду бышырасың, көңүлдө саптар пайда боло калат.
Негизи эле аял-эркек деп шылтоо кылган деле болбойт деп ойлойм. Өнөр – бул Кудай берген шыбага. Аны аткаруу керек, аткарбаса менимче күнөө.
Акын Бактыгүл Чотурованын "Фейсбуктагы" барагы - өзүнчө бир ыр казынасы.
– Азыр көптөгөн баалуулуктар алмашкан учур. Ааламдашуу заманы окурмандардын адабиятка болгон кызыгуусуна да таасир бердиби?
– Заман бир орунда тура бербейт экен. Бул заман да өтөт кези келгенде. Компьютердин заманы деле жакшы экен. Бирок баары бир менин жүрөгүмө китеп жакын. Техниканын ашкере өнүккөн убагында деле акындарды окушат экен. “Окурман жок” дегенге кошулбайм.
Өзүмдү мисалга алсам, мага ааламтордон ыр сурап чет жерде жүргөн кыргыздар көп кат жазат. Окурман качан жок болот? Акын начар жазганда жок болот. Мыкты китептердин өмүрү түбөлүктүү. Мисалы Алыкул Осмоновду канчалаган муун окуп келе жатат. Дагы да кийинки муун окуй беришет. Анткени ырлары менен артына өчпөс из калтыра алды.
– Сүйүү - чыгармачыл адамдын музасы дешет. Сиз сүйүүгө кандай аныктама берер элеңиз?
– Мага чейин эле канчалаган олуялар, залкарлар “сүйүү өлбөс тема” деп айтып келишти. Сүйүү, өмүр, жашоо-турмуш темасы бүтпөс, эскирбес тема. Анткени адамзат сүйүү үчүн, эмгектенүү үчүн, бирөөнү бактылуу кылуу үчүн жана бирөөдөн бакыт көрүү үчүн жаралган. Курсак тойгонго кубанып эле өмүр өткөрө берсек анда айбандардан айырмабыз кайсы?
Жадагалса айбанаттардын ортосунда да өздөрүнө таандык сезимдери бар. А алардын жанында биз акылы менен айырмаланган адам болгондон кийин, бул темага өтө терең маани беришибиз керек. Сүйүүнү айтса эле, мыйыгынан күлгөндөр да бар. Түшүнгөнгө биз пенделер бактылуу болуу максатында бул жашоодо тынымсыз жан үрөп келебиз.
– Достуктун сиздин жашооңуздагы орду кандай болду?
– Жаш кезде жакшы сүйлөгөндүн баары эле дос болуп сезиле берет. Азыр жашыбыз 60тан ашып, башыбыздан көп нерсе өттү да. Жашоодо кээде дос санаган адамың сатып кеткен учурлар болот экен. Андайда бир сынасың. Пендечиликте кээ бир дос дегендер көралбастык кылып, болбогон бир майдачылыкка барган учур болот экен, андайда дагы бир сынасың.
Көрсө адам баласынын турмушунда достук өзү этияттап айтыла турган аярлуу нерсе экен. Мисалы бир тууган менен жашоодо бир оош-кыйыш болсо, бир ата-энеден туулгандыктан баары бир боору кетпейт экен. Достук капыстан болгон жаңылыштыктан, ишенимден кеткен учурдан улам урап калуу ыктымалдыгы бар. Жашоодо менимче ар бир адамда бир-эки гана чыныгы дос болушу мүмкүн.
– Поэзияда да, драматургияда да талыкпай эмгектенип келе жатасыз. Эмгекчил болуунун сырын бөлушсөңүз...
– Менин бир билгеним ушул: Жүрөгүм каалаган нерсени кагазга түшүргүм келет. Ансыз тынч ала албайм. Эмгекчилдик адамга албетте керек. Ата-энем да: “Адамдын биринчи досу эмгек” деп көп айтаар эле. Кээде кандай түйшүк болсо да таштап коюп иштеген учур болот. Мен көбүнчө түндө иштегенге көнгөм. Ал учурда баары тынч, жазганга ыңгайлуу.
– Соңку убакта жарык көргөн китептериңизге токтолсоңуз.
– Жакын арада үч китебим чыкты. Бири Фридрих Шиллердин белгилүү “Мария Стюарт” пьесасын орус акыны Борис Пастернактын котормосунан кыргызчаладым. Ага чейин Уильям Шекспирдин “Макбет” пьесасын которгом. Аны Кыргыз драма театрынын жамааты сахналаштырышты.
Анан балдар үчүн “Чыпалак бала Чыныбек” деген пьеса жаздым эле. Аны Муса Жангазиев атындагы куурчак театры эки жылдан бери балдарга коюп келишти. Эми ошону орус-кыргыз тилинде китеп кылып чыгардым. Орус тилине кызым Эркингүл Тургунбекова которду.
– Мейли, жаран катары, мейли акын катары болсун, азыркы учурда өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга көз карашыңыз?
– Максим Горькийдин айтканы бар: “Коомдо жашап туруп андан четтеп кеткенге мүмкүн эмес” деп. Кээ бир нерселерге жүрөгүм ооруйт. Эгемендикти алгандан бери далай терс окуялар болуп өттү. Элдин ишеними кетип калган учурлар көп эле болду бизде.
Азыр жаңы келген бийликке көпчүлүк үмүт артты, бирок жалпы эл эми мурдагыдай алданбайт. Үмүт арткан элдин ишенимин актап кетүү бийлик башындагыларга милдет болуп жүктөлдү.
– Маектешкениңизге ыраазычылык билдирем. Эми кептин аягын сиздин каалоо-тилектер менен жыйынтыктасак.
– Кыргыз эли да дүйнөдөгү өнүккөн элдердин катарына кошулса экен. Бизде да жетишкендиктер көп болуп, өндүрүштөр кымгуут иштеп, маданият, адабият өсүп, башка элдер сыймык менен карагыдай эл болсок экен деген менин аруу тилегим бар. Эң башкысы – элибиз аман болсун, эл ичинде биз аман бололу.
Кыска маалымат.
Бактыгүл Чотурова Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында 1955-жылы 29-сентябрда туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөндө.
Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1972-жылдан башталган.
1997-жылдан азыркы мезгилге чейин «Кыргыз Туусу» гезитинин бөлүм башчысы болуп эмгектенип келет.
1989-жылы «Кызыл ат» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн.
1989-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
2004-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына ээ болгон, ал эми 2011-жылы "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамына татыган.