Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда болгон окуяны милиция териштире баштады. 31-марттан 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасынын 1-кабатынын терезелерин толугу менен талкалап кетишкен.
Учурда иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү кодексине катталып, Түп райондук ишки иштер бөлүмү карай баштаганы маалым болду.
Муну менен катар 1-апрелде социалдык тармакта ат минген бир нече адам милиция кызматкерлери менен жөөлөшүп жаткан видео тарады.
Биз барган тушта айылда кырдаал тынчып калган экен. Терезелери талкаланган имаратты милиция кызматкерлери кайтарып турганын көрдүк.
УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн беш-алты адамды алып кетишкени кабарланды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, ызы-чуу өкмөттүн бул айылдагы балдар лагерин жана лицейдин жатаканасын коронавируска шек саналгандар үчүн обсервация кылуу боюнча чечиминен кийин чыккан.
Буга чейин 30-мартта эки тургундан коронавирус аныкталгандан кийин райондук штаб алар менен байланышта болгон 27 кишини Ысык-Көл айылындагы лицейде ачылган обсервацияга жаткырууну чечкен.
Бирок жергиликтүү тургундар каршы чыгып, аларды киргизбей коюшкан. Мындан улам карантинге алынгандар Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген.
Республикалык штаб 1-апрелде Ысык-Көл айылында үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынганын билдирген. Алар чет өлкөлөрдөн (Орусия, Түркия) кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган.
Бирок бул адамдарды эртең менен лицейдин жатаканасына жаткырыш үчүн алып баратканда жергиликтүү эл дагы каршылык көрсөткөн. Учурда сегиз тургун дагы Караколдогу ооруканага жаткырылды.
Жергиликтүүлөр каршылык маанайын аталган эки жай тең обсервациянын талабына жооп бербей турганы менен түшүндүрүштү. Алар көлгө жакын, нымдуу жерде вирус тез таркап кетет деп чочулашууда.
Айыл аксакалы Турдубек Жүдөмүшов: «№2 лицейге тиешелүү жатакананын шарты обсервациянын талабына жооп бербейт. Бул имаратта мен 40 жылдан ашуун иштедим. Дааратканалары салынганы менен ишке берилген эмес. Буга айылда суу маселеси толук чечилбегени себеп болгон. Ал маселе азыр деле бар. Сегиз айылдашыбызды обсервацияга жаткырабыз деп чечишти. Бул туура эмес. Ичинде суу жок болсо, даараткана иштебесе, тегереги тосулбаса кантип жаткырышат? Көлдүн жээгинде шамал болсо, нымдуу абада инфекция тез жайылып кетпейби!» - деди.
Атын атагысы келбеген дагы бир тургун мамлекет обсервация кылардан мурда шарт түзүшү керек болчу деген ойду айтты:
«Союз убагында деле ушул жерде кыйратып суу чыккан эмес. Ичи суук. Тегерек-чети тосулган эмес. Мал-жан ачык эле оттоп жүрөт. Көлгө да жакын. Жаткырбай эле койсо жакшы болот эле. Мына көрдүңөр, үйлөр жакын турат. Изоляция жок да! Эл нааразы. Терезелерди ким сындырганын деле билбейбиз. Бирок бул нааразылык маанай да. Айылдын өзүндө суу эки саат эле чыгат. Ошол убакытта жетишип алып калабыз. Лагерде тамакты казанга бышырат. Ысык суу жок».
Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев аталган жайларды обсервация кылуу райондук бийликтин чечимин болгонун айтууда:
«Түп району боюнча төрт обсервация имараты бар. Анын ичинен Талды-Суу айылынын ооруканасы, Түп аймактык ооруканасы, Ысык-Көл айылындагы №2 кесиптик лицейдин жатаканасы жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерь обсервация болмок. Бул район жетекчилигинин чечими менен аныкталган. Ал жерди керектүү, зарыл нерселер менен камсыз кылышмак».
31-мартка карата облус боюнча 96 адам обсервацияда экени кабарланган. 18-31-мартта Кыргызстанда коронавируска 107 адам чалдыкты, алардын үчөө айыгып кетти. 107 адамдын экөө Ысык-Көл облусунда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.