Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

СССРди жойгон күн


Леонид Кравчук, Станислав Шушкевич, Борис Ельцин КМШны түзүү келишимине кол койгондон кийин. 8-декабрь, 1991-жыл.
Леонид Кравчук, Станислав Шушкевич, Борис Ельцин КМШны түзүү келишимине кол койгондон кийин. 8-декабрь, 1991-жыл.

8-декабрда мурдагы Советтер союзу - СССР биротоло жоюлушуна алып барган Беловеж келишими түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Бул датаны утурлай аталган окуянын түздөн түз катышуучулары совет аймагынын 270 миллиондой калкынын тарыхында жаңы баракты ачкан чечимге кантип жана кандай жагдайда барганын эскеришүүдө.

1980-жылдардын аягына келип эң ириде экономикалык жана саясий, ошондой эле башка чөйрөлөрдө да кризиске кабылган Советтер союзунун тарашына акыр-аягында анын курамындагы үч славян республикасы: Орусия, Беларус жана Украина лидерлеринин Беловеж токоюндагы макулдашуусу түрткү берген эле.

1991-жылдын 8-декабрындагы келишимге алты кызмат адамы: аталган үч республиканын ошол кездеги президенти же парламент төрагалары жана өкмөт башчылары кол койгон.

Беловеж келишимине Орусиядан кол койгон эки адамдын бири - орус өкмөт башчысынын ошол кездеги биринчи орун басары Геннадий Бурбулис Вашингтондо, Атлантика кеңеши деген аналитикалык борбордогу жыйында 25 жыл мурдагы кырдаалды мындайча эскерди:

- Беловеж консенсусу мурдагы Советтер союзунун аймагындагы кырдаал хаос мүнөзүндөгү коркунучка айланып бара жаткан кезде жана мына ушуга байланыштуу гана мүмкүн болду. 1991-жылдын декабрына карата, союздук деңгээлдеги бийлик жана башкаруу органдарынын бири да иштебей калган. Коркунуч акырындык менен кетип бара жаткан чачыроодо эле эмес, Советтер союзунун мурасын кандуу жол менен бөлүштүрүүдө да турган.

Тарыхтын жаңы барагын ачкан бул окуя боюнча СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев да өз пикирин билдирди. Орусиялык “Интерфакс” агенттиги менен маегинде Беловеж келишимин ага кол койгон саясатчылар менен кызмат адамдарынын “жеке амбицияларын жана бийликти эңсөөсүн” гана жетекчиликке алган кадамы деп сыпаттады.

Михаил Горбачев жана Борис Ельцин, Москва, 1991-жыл.
Михаил Горбачев жана Борис Ельцин, Москва, 1991-жыл.

СССРдин мурдагы президентинин пикиринде, союзду сактап калууга мүмкүн болчу, аны таратууну “орус жетекчилиги баштап, андан украин жетекчилиги да кем калышкан жок”.

Келишимге Беларус тараптан кол койгон ошол кездеги парламент төрагасы - Станислав Шушкевич Атлантика кеңешиндеги жыйынында Горбачевдун таарынычынын төркүнүн мындайча чечмеледи:

- Биз Борис Ельцинге Жорж Бушка (АКШнын 1991-жылдагы президенти) телефон чалып, эмнеге кол коюуну көздөп жатканыбызды айтууну тапшырдык. Ельцин менен Кравчук мырза болсо мага Горбачевго телефон чалып, биз эмнеге кол коюуну каалап жатканыбызды түшүндүрүүнү тапшырышты. Мен Ельцин Бушка телефон чалганга чейин, Горбачевго биринчи болуп чалдым. Бирок Горбачевдун жардамчыларына менин төө эмес экенимди узакка түшүндүрүүгө туура келди. Ельцин мен алар менен узактан сүйлөшүп жатканымды көрүп, Бушка телефон чалды. Ушундан улам Горбачев "мага Буштан кийин чалгансыңар" деп таарынып жатпайбы, бул чындык эмес.

Станислав Шушкевичтин ырастоосунда, ал 1991-жылдын ошол декабрь күндөрү алгач Беловеж токоюна аңчылыкка Орусия президенти Борис Ельцинди гана чакырган. Анда Беларусту кышта Орусиянын отун газы менен камсыздоо көйгөйү талкууланмак. СССРди жоюу маселесин макулдашууну эч ким мерчемдеген эмес. Бирок беларус лидери коңшу Украина обочодо калбашы үчүн бул өлкөнүн президенти Леонид Кравчукту да чакырган. СССРди жоюу жөнүндөгү сунуш сүйлөшүү учурунда орус өкмөт башчысынын биринчи орун басары Геннадий Бурбулистен түшкөн:

- Биз ким экенибизди, эмне жасай аларыбызды талкуулай баштаганда, ал капыстан эле, "силер СССР геосаясий реалдуулук жана эл аралык укуктун субъектиси катары өкүм сүрүүсүн токтотот деген сөздөрдүн алдына кол коюуга макулсуңарбы?" деп сурап калды.

Шушкевичтин айтымында, ушундан кийин СССРди жоюу идеясы жөнүндө Ельцинге билдирилгенде, ал бул жакшы ой экенин белгилеп, бирок келишимде тараптардын бири да тынчтыкка коркунуч келтирбей турганы, эл аралык милдеттенмелердин баарын, анын ичинде адам укуктарын сактоого даярдыгы жазылуусун талап кылган. Ушул жүйөдөн улам ошол эле түнү эксперттерге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги - КМШны түзүү тууралуу токтомду даярдоого көрсөтмө берилген.

КМШ декларациясы кабыл алынган учур. Алматы, 21-декабрь, 1991-жыл.
КМШ декларациясы кабыл алынган учур. Алматы, 21-декабрь, 1991-жыл.

Үч славян республикасынын КМШ түзүлгөнү тууралуу жарыясынан соң 1991-жылдын 13-декабрында Борбор Азиядагы беш республиканын лидерлери Ашхабадда чогулуп, КМШга кошулуу ниетин ачык билдиришкен.

Андан кийин 21-декабрда Алматыда эски Совет аймагынын 11 республикасынын лидерлери КМШнын максаты жана принциптери чагылдырылган декларацияны кабыл алышкан.

Михаил Горбачев СССР президенти кызматынан 1991-жылдын 25-декабрында чегинген.

Ишмердигине оң дагы, терс дагы баа берилип келе жаткан КМШга азыр ага эски совет аймагынын 11 өлкөсү мүчө. Ага эң акыркы болуп кошулган Грузия кайра эң биринчи болуп чыгып кетти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG