Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Нью-Йорк: коронавирустун коркунучтуу кулачы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ коронарирус жагдайынан улам чакан ишкерликке жана медициналык жайларга 500 миллиарддай доллар жардам берет. Бейшембиде Өкүлдөр Палатасы буга байланыштуу мыйзам кабыл алды.

Ушул эле күнү Европа Биримдигинин лидерлери COVID-19дун айынан экономиканын чыгашага баткан секторлоруна бир триллион евро жардам берүү тууралуу макулдашты.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирус жугузуп алгандар дүйнө жүзүндө 2,7 миллион адамдан ашты. Оорудан 191 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Бир катар себептерден улам бул сан алда канча көп болушу ыктымал жана илдеттин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кеңири тарап жатканы далайларды кооптондура баштады.

АКШда чакан ишкерликти жана медициналык мекемелерди колдош үчүн 484 миллиард доллар бөлүп берүү тууралуу мыйзам долбоорун Өкүлдөр Палатасынын 388 мүчөсү колдоп, бешөө каршы чыкты. Палатанын спикери Нэнси Пелоси өлкө оор жоготууга учурап жатканын белгиледи:

Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

«Бул чынында эле өтө, өтө, өтө кайгылуу күн. Бизде оорудан каза болгондор 50 миңге жетти».

Каражаттын бир бөлүгү чакан ишкерлердин чыгымын жабууга, жумушчулардын маянасын жана ижара акысын төлөп берүүгө жумшалат. Андан сырткары ооруканаларга 75 миллиард доллар берилет. Вируска каршы тесттерге 25 миллиард доллар сарпталат.

Президент Дональд Трамп Сенат эчак эле макулдугун берген бул документке кол коюуга убада берген.

АКШда ошентип коронавирус каатчылыгын жоюуга ушуну менен төртүнчү ирет каражат бөлүндү жана жалпы суммасы үч триллион долларга чамалады. Өлкөдө карантин чараларынан улам соңку беш аптанын ичинде 26 миллион адам ишсиз калды.

Ал арада оорунун очогуна айланган Нью-Йорк штатында 2,7 миллион адам коронавирус жугузуп алган болушу ыктымал деген иликтөө жарыяланды. Бул лабораторияларда тест аркылуу аныкталган сандан 10 эсе көп.

Штаттын губернатору Эндрю Куомонун айтымында, иликтөөгө тартылган үч миңдей адамдын дээрлик 14% организминде вируска каршы антитело иштелип чыкканы аныкталган. Бирок алардын көбүндө оорунун белгилери байкалган эмес.

Эндрю Куомо.
Эндрю Куомо.

«Штатта жашагандардын 13% оору жугузуп алган, - деди ал. - Бул 2 миллион 700 миңге чукул адам. Бизде азыр көз жумгандардын саны 15 500гө жетти. Бул илдетке кабылгандардын жалпы санынын 0,5 пайызын түзөт».

АКШда коронавирус жуккандар жалпысынан 890 миң адамдан ашты, 50 миңден көп киши көз жумду.

Европа өлкөлөрүндө оорунун жайылышы басаңдап, COVID-19дан көз жумган кишилер азайып жатат. Буга байланыштуу Чехия, Австрия, Дания өңдүү өлкөлөр карантин эрежелерин жумшарта баштады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дарылоонун натыйжалуу ыкмасы табылып, вакцина даяр болгуча карантин эрежелери сакталышы керек экенин, болбосо оору кайрадан жайылып кетиши ыктымал экенин эскертип келет. Ушул тапта Британия менен Германияда COVID-19га каршы вакцинаны клиникалык жактан чукул сыноо башталды.

Азыр Бразилияда, Түркияда жана Түштүк Африкада оору эң кеңири тарай баштады.

Ал ортодо Мароккодон тартып Индонезияга чейинки бир катар мусулман өлкөлөрүндө карантин шартында Рамазан айы башталды.

Бир топ мамлекеттерде мечиттер жабылган жана жамааттык иш-чараларга, коомдук жайларда тамактанууга тыюу салынган. Бирок Пакистан жана Бангладеш сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө адамдар мечиттерге чогулбай турууга көнгөн эмес жана бул коронавирустун жайылышын күчөтүшү ыктымал деген кооптонуу бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG