"Семиз кодоо" же "айныган чал"
Сөздөн чалынган, же атайылап эле кычаштык менен күчөтүп айткан учурлар быйыл деле аз болбоду. Анын үстүнө согуш, санкциялар дегендей оор кырдаалдар буга өбөлгө түзүп атпайбы.
Өзгөчө Америка Кошмо Штаттарын Доналд Трамп жетектей баштагандан тарта көндүм дипломатияга сыйбаган көп сөздөрүн угуудабыз. Өзгөчө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу далалатынын артында санкцияларды салгандан тышкары "Түндүк Кореяны жок кылып иебиз" деп чамынып, Улуттар Уюмунун трибунасынан ал өлкөнүн лидерине ат коюп ийгенге да жетишти.
- Кошмо Штаттар эбегейсиз күч жана чыдамкайлыкка ээ. Бирок өзүн же өнөктөштөрүн коргоо зарылдыгы келип чыкса, биз Түндүк Кореяны толугу менен жок кылгандан кайра тартпайбыз. "Ракета-киши" жеке өзүн жана бийлигин жок кылчу жанкечтиге айланды. АКШ аны жок кылганга даяр, ага кудурет, күчү жетет, бирок андай зарылдык келип чыкпайт деп үмүттөнөбүз.
Албетте, быйыл эле жыйырмадан ашуун ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да жасаган Пхеньяндын жоругу мактай тургандардан эмес. Бирок, бул үчүн дипломатия чегинен тыш ачуу сөз айтуу же жетекчилигинин жоругу үчүн бүтүндөй өлкөнү "жок кылып коебуз" деп ачуулануу кантип болсун деп көп саясатчы аң-таң болду.
Ага чейин деле өзүнө душман эсептегендерди ар кандай шыбап келген Түндүк Корея Трампка жооп бербей калган жок. Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо ошол эле трибунадан:
- Бийликте турган сегиз айында ал Ак Үйдү бакылдаган базарга айлантты. Эми ал Улуттар Уюмунун аренасын акчанын эрежеси менен кан төгүү кадимки иш саналган бандиттердин уясына айландыргысы келет, - деген кызуу кандуу кайым айтышууга улай кийин түндүк кореялыктар лидерине тил тийгизгени үчүн АКШ президентин өлүм жазасына кыйып ийгенин да жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ал тургай “акылдан айныган чал” деп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын каяша айтты.
Сүйлөгөндөн да билдирүүлөрүнүн көбүн "Твиттерге" жазып жүргөн Трамп буга: “Неге Ким Чен Ын мени “кары” деп, келекелейт? Мен аны эч качан “семиз кодоо” деген жокмун го? деген такмазасын Интернет аркылуу жылдырды.
Ошентип өткөн жылдын аягынан тартып кайра күчөгөн өзөктүк курал маселеси боюнча чыңалуу дале жазыла элек.
"Э-эй Трамп!..", "Көзүңдү ала качпа!"
Өзү негизи көп талаш, кайым айтышуу АКШ жана анын президентинин сөзүнө, саясатына байланыштуу болуп келди. Маселен, Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанганы ага карата ачуу сөздөрдү жаадырды. Анын бири Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган болду. Бу киши да кызуу сүйлөйт эмеспи.
- Палестина 1947-жылдан тарта оккупацияда болуп келди. Израил - баскынчы өлкө. Израил – террорчу өлкө. Э-эй, Трамп, сен жасаган жаңылыштыкты биз жасабайбыз.
Буга Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху "өз жарандары күрттөрдү бомбалап, террорчуларга жардам берип аткан Түркия бизге акыл үйрөтпөсүн" деп дароо каш кайтарды.
Айтмакчы, “эй” деп сөөмөй кезегендей мындай дипломатияга сыйбаган кайрылуулар быйыл ага чейин да болду.
Эсиңиздеби, Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Владимир Сафронковдун 12-апрелде Коопсуздук кеңешиндеги күрөөздүгү да сөзсүз дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна түштү эле:
- Кептин баары "биз Кошмо Штаттары менен кызматташабыз" дегенде силердин коркуп, түн уйкудан безип калганыңарда. Муну Улуттар Уюмундагылардын көбү билет. Ушундан коркосуңар. Ошол кызматташтык үзүлүшү үчүн баарын кыласыңар. Бери кара! Эмне көзүңдү ала качып жатасың? Дал ошон үчүн сен бүгүн саясий процесс тууралуу эч нерсе айткан жоксуң!
Ооба, анда ал жанында отурган Британия өкүлү Мэтью Рикрофтко опурулган. Андан мурда Рикрофт "Орусия Коопсуздук кеңешиндеги вето укугун кыянат пайдаланып, Сириядагы режимди жана химиялык курал колдонууну жактап атат, Москва ишенимди жоготту" деген болчу. Улуттар Уюмундагы бул институтта курч сындар көп эле айтылып турат, бирок "сен" деп туруп адамдын жеке өзүнө асылуу дипломаттарга таптакыр жат көрүнүш.
Атамбаевдин ачуусу
Албетте, Кыргызстандын президенти, тагыраагы быйылдан тартып экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин деле катуу айтып алмайы, ага кийин же ошол эле билдирүүлөрүнүн соңунда өкүнүп, кечирим сурамайы бар. Саясий оппоненттерине, сынчыл журналисттерге жана активисттерге карата көп пикирлерине каяша болбогону менен октябрда Казакстандын президентине каршы айтканы эки өлкө ортосундагы чыңалууга алып келди.
Анда Атамбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусуна ачууланган эле. Аны Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап, катуу сындаган.
- Казакстандын ички дүң жыйымы Кыргызстандыкынан 20 эсе көп. Ар бир жаранга орточо алганда киреше Кыргызстандагыдан он эсе көп туура келет. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсия он эмес, бир жарым гана эсе жогору?! Тарифтер беш эсе жогору?! Эмнеге?! Анткени Казакстандын байлыгын уурдап атышат. Ал казак элине жетпей атат. Ошон үчүн биз алар үчүн терс үлгү көрсөтүп жатабыз. Атамбаев акыйкат бийликтин үлгүсүн көрсөтүп атат. Бабанов менен жолуккандагы Назарбаевдин "Кыргызстан үчүн жаш президент болгону жакшы" деген сөзүн колдойм. Бирок бизде президенттикке талапкерлердин эң аксакалы Назарбаевден 20 жаш кичүү. Мен 16 жашка кичүүмүн. Демек, жаш президент кимге керек?! Бизгеби же Казакстангабы?
Коңшулардын реакциясы көп күттүргөн жок. 10-октябрдан тартып чек арада текшерүү кескин күчөдү. Кийин Казакстан Кыргызстандын айрым товарларды артка кайтара баштады. Атамбаев муну "казак тараптын блокадасы" деп атап, 2010-жылы да ушундай болгонун эске алды. Ошентип эки айдан ашуун өтүү кыйындап турган чек ара маселеси жаңы президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенден кийин гана чечилди.
Чындык аралаш саясий тамаша
Албетте, саясат татаал, ары оор жумуш дешет. Бирок ортодогу мамилелер канчалык солгун болбосун тамаша аралаштырып деле маселе чечилип келатат. Жогоруда Орусия өкүлүнүн Британияныкына күпүлдөгөнүн мисал кылбадыкпы. Бирок дайыма эле андай эмес. Маселен, жакында Москвага келген британ тышкы иштер министри Борис Жонсонго кызык суроо узатылды.
- Орусияга келер алдында парламентарийлердин бирөө сизге "сак болуңуз, тыңшабасы үчүн телефон албаңыз, арак ичпеңиз, тамакты этияттап жеңиз, лифтке жалгыз түшпөңүз" деп кеңеш берди эле. Бул жер чын эле сизге коркунучтуу бекен?
Анда Жонсон:
- Бул менин ишенимимди билдирет. Бул жакка келерим менен пальтомду, кол кабымды, чөнтөгүмдө болгондун баарын тышкы иштер министри Сергей Лавровго бердим. Ал киши аларды кайтарарын, эч нерсени жоготпосун билдим. Мен бу айтканымдын башкы маанисин кайталай кетейин - биздин өлкөлөрдүн ортосунда айрым кыйынчылыктар бар, байкалат. Бирок биз чогуу иштей ала турган көптөгөн маселелер бар. Азыр ишенимди өстүргөнгө бардык себептер бар.
Лавров: - Мен айтат элем, Бористин пальтосунун чөнтөгүндө эч нерсе деле жок экен..
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканы азырынча "британ министри мамилени оңдой турган конкреттүү бир нерсе алып келбеди" дегенди туюндурган сыяктанды.
Путинден анекдот
Албетте, чоң эле жыйындарда, эл алдында анекдот айтып, күлдүргөн деле лидерлер бар. Алардын бири Орусиянын президенти Владимир Путин:
- Бир олигарх жакырлана баштаптыр. Анан аялы менен сүйлөшүп атат дейт: "Мерседести" сатып, "Лада" алыш керек болуп жатат.
Аялы: - Макул.
Рублевкадагы хансарайдан Москвадагы батирге көчүш керек.
Аялы: - Аныңа да дакул.
- Сен мени сүйө бересиңби?
Аялы: Сүйө берем, сагына да берем... дептир. Анын сыңары мен силерди көпкө сагындырбайм.
Ошентип Путин бийликтен кетпесин тээ октябрда тамашага салып кыйытты эле. Эми ошол оюн бекемдеп, 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышканы турат. Ал кишинин жеңишинен көпчүлүк күмөн санабай турат, Орусияны дагы алты жыл башкармакчы. Андай эле болсо дагы көп анекдотторун угарбыз.
2018-жыл да саясий чоң окуяларга бай. Саясатчылар, өзгөчө өлкө тагдырын чечкен адамдар тилден жаңылбаса дейли.