НАТО Орусиянын Калининградга "Искандер" ракеталарын жайгаштыруусун сынга алса, Москва өз кезегинде андай чара НАТОнун Орусия чек арасына карай кеңейүүсүнө каршы кабыл алынганын билдирди.
Орусия Балтика деңизинин жээгиндеги Калининград аймагына кемелерге каршы куралын жайгаштыруусун НАТО “агрессивдүү аскерий менмесинүү” деп айыптады.
"Ассошиэйтед пресске" жарыяланган НАТОнун билдирүүсүндө, альянска мүчө өлкөлөрдүн чек арасына жакын жерге ракеталарды жайгаштыруу “чыңалууну төмөндөтүүгө жана мамилелерди калыбына келтирүүгө жардам бербейт” деп аталган.
Кремл Калининградга курал жайгаштыруу боюнча өз аракетин коргоп, ал НАТОнун Орусия чек арасын көздөй кеңейип келатышына каршы көрүлгөн чара деп атады. Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 22-ноябрда буларды билдирди:
- Орусия өзүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн эмне зарыл болсо, баарын жасап жатат. Бул НАТО өлкөлөрүнүн Орусиянын чек арасына карай экспансиясынын алкагында жасалууда. НАТО чындыгында агрессивдүү блок. Мындай учурда Орусия эгемен өлкө катары өзүнүн бардык аймактарында коопсуздугун бекемдөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө укуктуу.
Армения "Искандерлүү" болду
Армения Орусиядан “Искандер” ракеталык комплексин алганын бышыктады. Армян президенти “коңшу Азербайжан куралданып жатканда Армения бул куралга муктаж” деп билдирди.
Дмитрий Песковдун мындай билдирүүсү чыккандан бир күн мурун Орусиянын Федералдык кеңешинин мүчөсү Москва абадан коргонуучу С-400 системасын жана ядролук дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү "Искандер" ракетасын Калининградга жайгаштырарын билдирген.
Орус парламентинин жогорку палатасынын коргонуу комитетинин төрагасы Виктор Озеров Орусия мындай чараны Кошмо Штаттардын Чыгыш Европада ракеталык системаларды орнотуусуна жооп иретинде кабыл алып жатканын айткан.
С-400 жана "Искандер" ракетасын НАТО мүчөлөрү Литва жана Польшанын чек арасына жакын жерге жайгаштыруу “Европанын коопсуздугун бузарын” Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби билдирди:
- Орусия өзүнүн аймагына конвенсионалдык жана ядролук куралдарды жайгаштырууга укуктуу экенин түшүнөбүз, "Искандер" жана С-400 ракеталарын Калининградга жайгаштыруу Европанын коопсуздугун дестабилдештирет. Орусия буга чейин да Европадагы ар кандай абалга байланыштуу Калининградга "Искандер" ракеталарын жылдырып келген, бирок ал абалдардын бири да андай аскерий жоопту талап кылган эмес. Биз Евроатлантикалык коопсуздукка доо кетире турган сөз жана аракеттерди жасабоого Орусияны чакырабыз.
Москва буга чейин Калининградга "Искандер" ракеталарын аскерий машыгуулар учурунда гана алып барып турган. Орусия менен НАТОнун мамилеси 2014-жылы Москванын Крымды аннексиялоосу жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосуна байланыштуу бузулуп, кансыз согуш мезгилиндеги деңгээлге түшүп кеткени маалым.
Учурда Кошмо Штаттарда жаңы президенттин шайланышы менен Вашингтон менен Москванын мамилеси жакшырып, ал жалпы эл аралык мамиленин оңолуусуна таасир этеби деген сөздөр бар.
Шайланган президент Дональд Трамп 23-ноябрда "Нью-Йорк таймс" гезитине курган маегинде Вашингтон менен Москва мамилесин оңдошу керек, өзгөчө Сирия маселесинде деп белгилеген. Ошол эле учурда Трамп америка-орус мамилесин жакшыртуу аракетин “перезагрузка” же “кайра жаңылоо” деп Хиллари Клинтон тушунда айтылгандай деп атоодон баш тарткан.
Дональд Трамп алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн күчтүү идеялар бар деп, бирок анын деталдарын айткан эмес. “Биз Сириядагы акылдан азган көрүнүштү токтотобуз. Ирактагы согуш АКШ тарыхындагы эң чоң катачылык болгон” деген пикирин кайталаган. Ал Америка менен Орусия эки тарапты бирдей тынчсыздандырган, терроризм сыяктуу маселелерде кызматташууга мүмкүнчүлүк табуу керек деп кошумчалаган.
Бул арада Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ядролук арсеналдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүнү улантууга Орусия жана АКШны 22-ноябрда чакырды. "Дүйнөдөгү атомдук куралдардын 95% ушул эки өлкөдө, мен аларды кыскартууга чакырам" деген Пан Ги Мун.