Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуштардын 99 пайызы саналып бүткөндөн кийин Путинге добуш бергендердин саны 76,67 пайызды түздү.
Активисттер шайлоодо жүздөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешүүдө. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок деген баасын берди. Ал арада Кытай жана КМШ мамлекеттеринин лидерлери Путинди жеңиши менен куттуктаганга үлгүрдү. Шайлоодо экинчи болуп келген талапкер Павел Грудинин жекшембидеги добуш берүүнү "ыплас шайлоо" деп атады.
Сталиндин жолу менен
Владимир Путин эми Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алдын ала эсеп боюнча ага добуш бергендердин саны 76,67 пайызды түздү.
Кайра шайланган Владимир Путин жакын арада конституциялык реформа жүргүзбөй турганын, дагы бир жолу шайлоого катышуу ниети жоктугун билдирип, премьер-министрди жана өкмөт курамын алмаштырууну инаугурациядан кийин чечерин маалымдады:
- Мен азырынча эч кандай конституциялык реформа жүргүзүүнү караган жокмун. Ал эми өкмөттүн төрагасына жана жалпы өкмөткө келсек, буга чейин эле айткам. Албетте мен булар жөнүндө ойлонуп жатам. Бүгүнтөн баштап ар бири тууралуу дагы ойлоном. Анткени шайлоонун жыйынтыгын күтүү керек эле да. Бирок бардык өзгөрүүлөр инаугурациядан кийин болот.
Конституцияга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого катыша албайт.
Путинди алгачкылардан болуп жакында эле экинчи ирет шайланган жана бийликте калуу мөөнөтүн чектеген беренени жоюуга жетишкен Кытай төрагасы Си Цзинпин куттуктады.
Ошондой эле казак президенти Нурсултан Назарбаев, Беларус лидери Александр Лукашенко, Египеттин башчысы Абдел Фаттах ал-Сиси жана башкалар куттуктоо жолдошкон. Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Путин менен бүгүн телефондон сүйлөшкөнү да кабарланды.
Чыңалган дипломатия, сыналган мамиле
Ушул сааттарга чейин батыш мамлекеттеринен шайлоодогу жеңиши менен Орусия президентин эч кимиси куттуктай элек.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму болсо, Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок деген баасын берди.
“Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин тарытты, бул чыныгы атаандаштыкты жок кылды, - деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы жана атайын координатору Майкл Жорж Линк.
Ал эми украин президенти Петро Порошенко эл аралык коомчулукту аннексияланган Крымда добуш берүү уюштурган орус бийлигине жана ага катышы бар адамдарга санкцияларды күчөтүүгө чакырды.
- Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздү Кремлге санкциялык басымды күчөтүүгө чакырабыз. Бул өлкөгө Украинага жасаган агрессиясы үчүн гана эмес, жалпы европалык жана евроатлантикалык коомчулукта гибриддик согуш жүргүзгөнү, чет жердеги саясий өлтүрүүлөргө барганы жана өзүндөгү демократияны басмырлаганы үчүн санкция киргизүү зарыл.
18-марттагы президенттик шайлоо Кремлдин Батыш менен алакасы сыналып турган учурда өттү. Украина чыгышындагы кризис, Сириядагы согуш өңдүү маселелерде Орусия менен Батыш мамлекеттери эки башка позицияны карманат. Орус медиасы Москванын Крымды каратып алышын жана Сириядагы аскердик аракеттерин пропаганда катары пайдаланып келет.
Вашингтон АКШдагы 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкен деп орусиялык юридикалык тараптарга жана Кремлге жакын бизнесмендерге акыркы санкцияны шайлоонун алдында - 15-мартта жарыялаган.
Шайлоого жакын мурдагы орус тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипал жана анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Британия Кремлди айыптап, 23 орус диломатын чыгып кетүүнү талап кылган.
Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры тууралуу суроого Путин мындай жооп узатты:
- Бул болбогон кеп, нонсенс. Орусияда кимдир бирөө шайлоонун жана футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алдында андай ишти жасабайт. Бул ойго келбеген нерсе.
Скрипал кызы экөө 4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон бул үчүн расмий Москваны айыптап, Орусиянын 23 дипломатын Британиядан чыгара турганын билдирген.
Талдоочулар Батыш менен чыңалган алака шайлоочулар арасында Путиндин Орусиянын коргоочусу деген имиджин жана "Орусия чет өлкөлүк душмандардын курчоосунда калды" деген ойду бекемдешкенин белгилешүүдө.
Путиндин ишенимдүү жеңишине карабастан Орусияда өзгөрүүнү күткөндөр да болду. Москва шаарынын тургуну Анна Иванова буларга токтолду:
- Шайлоодон кандай таасир болмок эле? Албетте, мен өзгөрүүнү каалайм, бирок кандайдыр бир өзгөрүү болорунан күмөнүм бар. Мен бийликтеги адамдардын алмашуусун каалайм, бирок баягылар эле калып жатат.
Ошол эле кезде байкоочулар жана активисттер шайлоодогу жүздөгөн мыйзам бузуулар тартылган видео жана сүрөттөрдү жарыялашты. Буга чейин добуш берүүгө байкоо салган "Голос" көз карандысыз кыймылы аймактарда бюллетендерди тобу менен салуу, байкоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу өңдүү көрүнүштөр катталганын маалымдаган.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына караганда, Путинден кийинки орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудинин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Калган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтогон.