Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Дүйнөдө динчилдердин саны азаюуда


Коомдук пикирди иликтөө менен алектенген уюмдардын эл аралык түйүнү бул ирет 57 мамлекетте жүргүзгөн сурамжылоо мына ушундай тыянак берген.

Коомдук пикирди изилдегендердин WIN Gallup International түйүнү өзүнүн соңку иликтөөсүндө камтыган 57 өлкөнүн арасында дүйнөнүн калкы көп деп эсептелген мамлекеттеринен Кытай менен Индиядан тышкары АКШ, Орусия, Бразилия, Германия, Франция бар.

Иликтөөгө араб дүйнөсүнөн Сауд Аравия, Жакынкы Чыгыштан Ирак, Түштүк Азиядан Пакистан, Борбор Азиядан Өзбекстан, Кавказдан Армения менен Азербайжан тартылган.

Жалпысынан дүйнө калкынын 77% түзгөн 57 өлкөдөн 50 миңден ашуун адам суралган. Суралгандардын ошондой эле жаш курагы, билим деңгээли, тапкан кирешеси ар башка болгон.

Бул жолку жыйынтыктар WIN Gallup International түйүнү 2005-жылы өткөргөн сурамжылоого салыштырмалуу дүйнөдө өзүн динчил деп эсептеген адамдар саны 9% төмөндөп, ошол эле учурда нукура атеисттер саны 3% көбөйгөнүн көрсөттү.

Башкача айтканда, сурамжылоого тартылган дээрлик 52 миң кишинин 59% өзүн динчил, 23% динчил эмес, 13% чыныгы атеист деп мүнөздөшсө, 5% жооп бере алышкан эмес.

Кыргызстандык теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, динчилдик деңгээлинин өсүп же түшүп турушу табигый эле көрүнүш. Мында психологиялык фактордун да салымы болгондуктан ал көбүнесе адамдын жеке өзүнүн, коомдун, өлкөнүн абалына көз каранды:

- Себеби динге берилгендик кантип көрүнөт? Ал сөздөн эле эмес, салттарды, диний ырым-жырымдарды кармануудан көрүнөт. Белгилүү бир мөөнөттө адамдын жашоо шарты жакшырып кетсе, анын динчилдик деңгээли, диний ырым-жырымдарды аткарууга кызыгуусу азаят. Бул - табигый жараян. Динчилдиктин деңгээли адамдын, коомдун абалына салыштырмалуу көтөрүлүп, же төмөндөп турат. Адамга канчалык оор жана кыйын болсо анда динге, Кудайга болгон муктаждык жогорулайт. Адам жакшы социалдык пакет менен камсыздалып, экономикалык өнүгүүсү көтөрүлсө, ал динге азыраак берилет.

Ким динчил, ким атеист?

Коомдук пикирди изилдегендердин WIN Gallup International түйүнүнүн сурамжылоосунун жыйынтыгы да дүйнөдө өзүн динчил деп санагандар, сурамжылоого тартылгандардын тапкан кирешеси жогору тобундагыларга караганда, төмөнкү тобундагылар арасында 17% көп экенин көрсөткөн.

Эл аралык сурамжылоого Кыргызстан тартылган эмес, бирок өлкөдө динчилдердин саны көбөйгөнүн күнүмдүк турмушта баарына эле даана көрүнүп турат.

Теолог Кадыр Маликов “Азаттык” менен маегинде адамдын ички дүйнөсүндөгү жараянды социологиялык сурамжылоо аркылуу баалоо кыйындыгын, бирок андай сурамжылоолор жалпы тенденцияны берерин белгиледи.

Кадыр Маликов кошумчалагандай, социологиялык сурамжылоо болбогондуктан Кыргызстан боюнча кандайдыр бир сандарды айтыш кыйын. Бирок ал динге ишенгендер катмарын мындайча чечмеледи:

- Биздеги жараяндар динге ишенген мусулмандар категорияга бөлүнөрүн көрсөтүүдө. Диний жөрөлгөнү сейрек жасагандар, мисалы, намазга сейрек жыгылгандар, жума намазга барып тургандар же күндө окугандар. Бизде азыр жаштардын эсебинен дааватка, исламга чакыруулардын натыйжасында, кээ бирлер балким моода катары кабылдагандыктан, сан жагынан чоң өсүш бар. Бирок сапат жок. Мечиттер көбөйүп, алардын ичи жаштарга толгону менен көпчүлүгү ислам жөнүндө билишпейт. Атеисттер жөнүндө айтсак, алар ар коомдо бар жана болушу керек. Кыргызстанда Кудайга да, шайтанга да ишенбеген атеисттер 1-2% пайыз, иш жүзүндө жок деп эсептейм. Мурдагы мамонт-коммунисттерден, балким, бирин-экин калгандыр. Азыр баары динге ишенип калбадыбы. Кыргыздардын бир бөлүгү теңирчилер. Алар Кудайга өзүнчө ишенет. Дагы бир бөлүгү протестанттык багыттагы христианчылыкка өтүп кетишти. Негизи Кыргызстанда азыр бир парадокс өкүм сүрүүдө: динчилдиктин өтө жогору, жарылып кетчүдөй болгон деңгээлине карабай эл арасында мораль, ыйман деградацияланууда. Бир учурда, бирок өз ара шайкеш келбеген эки жараян жүрүп жатат.

Эл аралык сурамжылоого караганда, өзүн динчилмин деп санагандар эң көп он өлкөнүн алдыңкы экөө - Африканын Гана жана Нигерия мамлекеттери, үчүнчүсү Армения.

Бул тизмеде Жакынкы Чыгыштан Ирак бар, бирок мусулмандардын эң ыйык жайлары жайгашкан Сауд Аравия жок.

Сауд Аравияда өзүн динчил деп санагандар суралгандардын 75% түзсө, 19% динчил эместигин, 5% атеист экендигин айткан.

Ал эми коңшу Өзбекстандан суралган 500 адамдын 79% өзүн динчил, 16% динчил эмес, 2% атеист деп сыппаттаган.

Сурамжылоо боюнча өзүн атеист деп эсептегендер эң көп он өлкөнүн көч башында Кытай турат. Бул жерде суралгандардын 47% өзүн атеист катары мүнөздөгөн. Атеисттер арбындардын тизмесинен кийинки тогуз орун ирети менен Жапония, Чехия, Франция, Түштүк Корея, Германия, Нидерландия, Австрия, Исландия, Австралия, Ирландияга таандык.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG