Business Insider басылмасы Америка кошмо штаттарынын Ак үйүнө гана тиешелүү мурда-кийин ачыкталбаган 15 сырды жарыялап, окурмандардын кызыгуусун туудурду. Бул макаланы заматта он миңдеген киши окуп, дагы миңдеген кишилер пикир калтырышты. 18 акр, 132 бөлмө, 35 жуунуучу жайы, 6 кабат, 412 эшик, 3 лифт жана 5 ашпозчусу бар бул жайдын ичиндеги сырлардын башында АКШнын алгачкы президенти Жорж Вашингтон Ак үйдө жашабаганы болду. 1791-жылы имараттын курулушу башталып, 232 372 долларга салынган. Бул азыркы акча менен 4 миллион доллардай каражатка барабар. 1800-жылы президент болгон Жон Адамстан тарта Ак үйдө өлкө башчысы жашап, иштегени салтка айланган. 1915-жылы президент Вудроу Уилсондун уруксаты менен алгачкы ирет имаратта кино тартылган. Бул жайдын аты башында “Ак үй” болгон эмес. 1901-жылы Теодор Рузльвет ушул ысымды ыйгарганга чейин Президенттин үйү, Президенттин сарайы деп аталчу. Аврам Линкольндун арбагы дале басып жүрөт деген имиш кептер да бар. Актер Том Хенкс 2004-жылы Ак үйдө кофе кайнатуучу машине жок экенин көргөндөн кийин, досу Стивен Спилберг менен эрчишип барып, эки кофе кайнаткыч машине тартуулаган. Ак үйдөн кетип жаткан президенттин администрациясы ага зыян келтирген учурлар да болгон. Маселен, Билл Клинтондун кызматкерлери Жорж Буштукуна болжол менен 40 миң доллардык чыгым “тартуулашкан”. Компьютердин 62 клавиатурасынанан W тамгасын жулуп салышкан, шакабалаган телефондук билдирүүлөрдү жаздырышып, сурмаларды клейлеп чаптап коюшкан. Мына ушул сыяктуу сырлар Business Insider журналынын окурмандарынын кызыгуусун жаратты.
Кыргызстан –Борбор Азиядагы журналисттердин бейиши
Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда журналисттердин эркин иштөөсү, коопсуздугу жана кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттар жакшы деп жазат Eurasianet басылмасы. Чек арасыз кабарчылар уюмунун 2016-жылдагы көрсөткүчү боюнча Борбор Азия көз карандысыз журналистика, маалыматтын эркин агымы чектелген аймак. Маселен, Түркмөнстан, Өзбекстан бул көрсөткүчтө Түндүк Корея жана Эфиопия сыяктуу өлкөлөр менен бир катарда турат. Тажикстанда да кысым мурда болуп келген, ал эми 2015-жылдан тарта кырдаал курчуп, журналисттер өлкөнү таштап кете башташкан. Eurasianet басылмасы Бишкекти байырлап калган коңшу өлкөлөрдүн үч журналистинин баяны менен акыбалды чагылдырууга аракет кылган. Биринчиси Тажикстандан 2010-жылы Бишкекке Deutche Welle радиосунун семинарына келип, калып калган 27 жаштагы Диана Рахманова. Ал сөз эркиндиги кысылган мекенине кайткысы келбей, Кыргызстандан бүлө күтүп толук отурукташып калды. Ал эми Бухарадан Бишкекке көчкөн Эльёр Нематовдун достору алгач ага аябай таң калышкан. Сүйлөшкөн кызына жакын келүүнү эңсеген Эльёр кийин Кыргызстандын фотограф журналист үчүн да иштөөгө эркин өлкө экенин билген: “Мен чек араны билбей деле калдым. Мындан аркы журтум Кыргызстан болгону менен Борбор Азияны чагылдырамын”, - дейт. Китепканалары 2005-жылдан тарта тыйылган Түркмөнстандан Бишкекке окуганы келген дагы бир журналист Ольга азыр да куугунтуктан чочулап турат. Бирок ал Борбор Азиядагы Америка университетинин босогосун аттары менен китептен башын көтөрө албай калган. Ага маалыматты эркин алуу жана каалаган китебин окуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө жаккан. 33 жаштагы Ольга азыр саясий аналитик кызматын аркалоодо. Ал эркин Кыргызстанды репрессиялуу Түркмөнстанга салыштыра албастыгын, мекенине кайтууну ойлоно электигин кошумчалады.
Жөөттөргө мусулмандардын жардамы
АКШнын Миссури штатындагы жөөт көрүстөндөрүн белгисиз адамдар талкалап кетишкен. Кыйраган бейиттерди калыбына келтирүүгө жергиликтүү мусулман активисттер 91 миң доллар каражат чогултушканын The Telegraph гезити кабарлады. Вице-президент Майк Пенс өткөн жумада Сент Луис шаарындагы бул бейиттерге барып, аны тез арада калыбына келтирүүгө жана диндер аралык жек көрүүнү козутпоого жергиликтүүлөрдү чакырган. 170тей көрүстөндү антисемиттик маанайдагы адамдар талкалап кетишкен. Мусулмандар коомчулугунун веб сайтында: “Жөөт америкалыктар мындай жапайы кемсинтүүгө учурап жатканда, мусулман америкалыктар четте карап тура албайт. Алар колунан келген жардамын берет”, - деген билдирүүнү көрсө болот. Жардамга деп бир аптанын ичинде үч миңдей адам 91 583 доллар чогултушкан. Саамалыкты жергиликтүү активист, либерал саясатчы Линда Сарсур менен “Мээримдүүлүк майрамы” аттуу Мухаммед пайгамбардын өмүрү тууралуу сабак берген, бейөкмөт уюмдун директору Тарек аль-Мессиди уюштурду.