Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Оскар мода дүйнөсүн да жарыштырды


Голливуд. АКШ
Голливуд. АКШ

24-февралда Лос-Анжелесте Киноиндустриясынын абройлуу Оскар сыйлыгы тапшырылат.

Азем өтүүчү Долби театрынын алдында кызыл килем төшөлүп, Лос- Анжелестеги Голливуд бульвары жасалгаланып бүтүп калды. 24-февралда АКШнын Кино академиясы 91-жолу сыйлыктарын ыйгарганы жатат.

Бул жолку салтанат бир нече жагынан айырмаланмакчы. Биринчи жолу "Netflix" компаниясы мексикалык режиссер Алфонсо Куарондун “Рома” деген фильми менен 10 категорияда Оскарга талапкер болду.

Ушунча эле баалуу айкел үчүн Йоргос Лантимостун "Фаворитка" деген тарыхый комедиясы ат салышат. Башка талапкерлердин арасында “Жылдыз жаралды” жана “Богемия рапсодиясын” белгилей кетүү зарыл.

Дагы бир кызык жери - шоуну быйыл эч ким алып барбайт. Мындай окуя тарыхта буга чейин бир эле жолу – 1989-жылы болгон.

Комедиялык актер Кевин Харт анын бир кездери “Твиттерге” жазган гомофобиялык сөздөрү Интернетке чыгып кеткенден кийин өткөн декабрда алып баруучулуктан баш тарткан. Уюштуруучулар ошондон кийин сыйлыктарды тапшырган адамдар кечени алып барышат деп чечишкен.

Оскарды тапшыруу салтанаты – адатта фильмдердин гана жарышы эмес.

Жылдыздар үчүн бул кече бири-биринен ашып, дүйнөлүк бренддердин акыркы моделдерин, баалуу зергер буюмдарды тартуулоо мүмкүнчүлүгү.

Америкалык "Rent The Runway" деген компания 150 аялды акысыз кийинтүүнү чечти. Алардын кызматы айына 159 доллар турат.

Лос-Анжелестеги салтанатка ювелирдик белгилүү үйлөр да кызуу камданып жаткан кез. "Tiffany", "Harry Winston", "Neil Lane" жана башка бренддер жылдыздардын образына акыркы сүртүм катары асыл буюмдарын берүүгө даяр.

Швейцариялык "Chopard" эң баалуу чынжыр, сөйкө, шакектерин Лос-Анжелеске жыйнап келди. "Отелдердин биринде атайын бөлүнгөн бөлмөдө чектелүү сандагы, тандалма коноктор жылтыраган бриллиант, сапфир, рубиндерди көрө алышат", - дейт компаниянын коомдук байланыштар боюнча директору Дезире Галлас.

- Бул жердеги баалуу зергер буюмдары дүйнөнүн чар тарабынан – Нью-Йорк, Женева, Майами, Гонконгдон алып келинген. Эң мыкты деген моделдерибизди чогулттук. Эми бардыгы жылдыздардын колунда.

Алдыңкы дизайнерлердин акыркы моделдерин кийип, кымбат ювелирдик буюмдарды тагынган актерлор, башка атактуулар кызыл килемден өтүп, сыйлык ээлери белгилүү болгондон кийин салт боюнча «Губернатордун балы» өтөт. Журналисттер сый тамактын менюсу менен да таанышууга үлгүрүштү. 25 жылдан бери дасторкон үчүн ашпозчу Волфганг Пак жооп берет.

- Биз 30 миң кишиге эсептелген салттуу тамактар менен катар жаңы саамалыктарды сунуш кылабыз. Ашканада 300 ашпоз, залда 600 официант тейлейт. Иш-чара бир саатка созулат, кааласаңар 20 түрдүү тамактын даамын тата аласыңар. Бардыгы болуп 30-35 түрүн даярдайбыз.

Артып калган тамак-аш үй-жайы жоктор менен иштеген соопчулук уюмуна берилмекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG