Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Обаманын Бирмага тарыхый сапары


Бирма. Обама менен Аун Сан Су Чжи жолугушууда. 2012-жылдын 19-ноябры.
Бирма. Обама менен Аун Сан Су Чжи жолугушууда. 2012-жылдын 19-ноябры.

АКШ президенти Барак Обама Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүнө болгон сапарында Бирманын оппозиция лидери Аун Сан Су Чжинин үйүнө баш бакты.

Барак Обама Таиланддагы сапары жыйынтыкталаар замат коңшулаш Бирмага 19-ноябрь күнү таң эртелеп келди. Ал көптөгөн жылдар бою аскерий бийлик өкүм сүргөн Бирмага иш-сапар жасаган АКШнын алгачкы президенти болуп калды. Америкалык президенттин келишин өзгөчө Бирманын Янгон шаарынын миңдеген карапайым тургундары көчөлөргө чыгып күтүп, Обама бараткан автоунааны көрүүгө кызыккандар көп болду.

Обама Бирманын президенти Тейн Сейн менен жолугушкан соң журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, “Бирма узак жолго эми гана алгачкы кадам таштады” деп белгиледи. Ал президент Сейн баштаган демократиялык жана экономикалык реформалар жакшы натыйжа берээринен үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Обама менен Бирманын президенти Тейн Сейн кездешүүдө
Обама менен Бирманын президенти Тейн Сейн кездешүүдө
Президент Тейн Сейн дагы тараптар “Мьянмада демократия, адам укугу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү” жаатында кызматташуу тууралуу макулдашканын билдирди.

Андан соң Обама Бирманын айтылуу оппозиционери Аун Сан Су Чжи менен анын үйүндө кездешти. Оппозиционер лидер менен жолуккандан кийин Обама буларды айтты:

- Биздин максатыбыз - демократиялашуунун импульсун сактоо. Ал деген ишенимдүү өкмөттүк мекемелерди куруу, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, этностук чатактарды басуу, ошондой эле өлкө жарандарынын билим алуу, дарылануу жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

Аун Сан Су Чжи 15 жылдай үй камагында отуруп, 2010-жылы эркиндикке чыккан. Ага 1991-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Обама Янгонго келер алдында Бирмада 50дөй саясый туткун абактан чыкты. Бирок Бирма өкмөтү дагы 200дөй саясий айып тагылган адамды түрмөдө кармап турганын айрым укук коргоо уюмдары билдирет. Президент Обама менен жолугушкан соң Аун Сан Су Чжи мындай деп айтты:

- Өткөөл мезгилдин кыйынчылыгы - ийгиликтин алдыда тургандай көрүнгөнү. Мындай кезде биз өтө кылдат болуп, ийгиликтин караанына алданбай, биздин элдер жана эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоо үчүн чыныгы жетишкендиктерге ээ болуу үчүн иштейбиз”

Обаманын сапары Бирманын президенти баштаган саясий реформаларды колдоого алуу максатында болду деп сыпатталууда. Бирок бир нече жыл аскерий бийлик өкүм сүргөн Бирмада дагы деле саясий туткундар абакта жатканын белгилеп, Обаманын сапары "эртерээк" болду деп сындагандар да бар. Ал эми Обама өз визитин “бул өлкөнүн өкмөтүн колдоо эмес, мамлекеттеги демократиялык процесстердин жанданганын таануу” деп атады.

Обаманын Түштүк-Чыгыш Азиядагы сапары Камбоджада соңуна чыгат. 20-ноябрда Пномпен шаарында Чыгыш Азия саммитине катышмакчы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG