Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Эрөөлгө жеткирген эт чыры


Орус президенти менен Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов.
Орус президенти менен Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов.

Росгвардия жетекчисинин оппозиционер Навальныйга байланыштуу үч күн мурдагы видеотасмасы дале талкууда. Генерал Золотовдун эрөөлгө чакыруусун коркутуу, маскаралык, кылмыш дегендер менен чыныгы мырзалык кадам катары сыпаттагандардын талашы басыла элек. Атургай депутаттардын бири мыйзам долбоорун сунуштап жиберди

- Мен сизди беттешке чакырам. Рингби, татамиби, кайда болбосун... -деген генерал Виктор Золотов андан ары Навальныйды “бир нече мүнөттө эле жанчып салам” деп улайт. Жети мүнөттүк тасманын өзөгү ушул.

64 жаштагы Золотов узак жылдар президент Путиндин күзөт кызматын жетектеген. Эң жакын адамдарынын бири болуп саналат.

Аны буга чейин Алексей Навальный коррупцияга, мыйзамсыз баюуга айыптап чыккан:

- 2017-жылдын ноябрында эттин килограммын 311 рублден алышкан. Үч айдан кийин Росгвардия андан сапаты начар, жарактуу мөөнөтү да аз этти 40% кымбат, 436 рублден алып жатат. Эң тозогу капуста алганы. Анткени дүкөндө капуста 14 рубль, 89 тыйын. Ал 46 рублдан сатып алып атат.

Росгвардия миллиарддаган рублга азык-түлүктү кымбат сатып аларын документтер менен көрсөткөн.

Мекеме айыптоону четке каккан. Золотов кагаздар менен каршы аргумент көрсөткөн жок.

Алексей Навальный “системалуу эмес оппозициянын” өкүлү эсептелип, аты-жөнү орус мамлекеттик телеканалдарында айтылбайт. Президент Владимир Путин да анын ысымын оозанбай, башка маанини колдонот.

Муну талдоочулар жана журналисттер бийлик Навальныйды кепке алып, тең көргүсү келбейт деп чечмелеп жүрүшөт. Ал эми генералдын атайын кайрылуусун бирлери Навальныйды өзүнө теңеди дешсе, бирлери генерал төмөнкү деңгээлге түштү деп баалашты. Мурдагы депутат Владимир Рыжков түз эле кылмыш кылды деген ойдо:

- Мырза Золотов чынында министрдей эле. Бирден бир чоң күч структурасы, менимче 400 миң киши – бүтүндөй армия - Росгвардияны башкарган адам мындай билдирүү жасабашы керек. Кайсы гана демократиялуу өлкө болбосун ушул сөздү айткан күндүн аягына чейин иштемек эмес. Өлкө башчысы кызматтан алмак, парламентке чакырылмак же өзү эле кетип калмак. Дасыккан жоокер "көзүңдү тазалайм" деп коркутуп атат. "Сенден котлет жасайм" деп түз эле айтып жатпайбы.

Виктор Золотовдун Навальныйга кайрылуусу.

Бирок Кремлдин пикири андай эмес. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков “кээде жалган ушак менен кандай гана ыкма болбосун күрөшсө болот" деп жооп узатты.

Ал эми Мамдума депутаты Сергей Иванов Ак падышанын доорундагы эрежени калыбына келтирели деп, “дуэль кодекси” жөнүндө мыйзам сунуштады. Депутат генералдын билдирүүсү ага шык бергенин айтууда.

Ал орус империясынын учурундагы мыйзамды аз-маз гана оңдоп, жаңылап сунуштоодо. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер, жетекчи катардагы жаранды дуэлге чакыра албайт. Ал үчүн жетекчисинин кагаз жүзүндөгү уруксаты керек.

Ивановдун сунушу Думадан колдоо табары же таппасы азырынча белгисиз. ЛДПР партиясынын депутаты мурда "сарымсак жеген жарандарды коргоо" жөнүндөгү сунушу менен белгилүү.

Араздашкан тараптардын дуэль же жекеме жеке чыгып, атышып же кылычташып маселе чечкен эрежеси 21-кылымда колдонулбайт.

Навальныйдын аялы Юлия генералдын билдирүүсүн “жазасыз каларына ыракаттанган бетпак бандиттин коркутуусу” деп кабыл алды. "Күйөөм түрмөдө, жооп бере албасынан пайдаланды, коррупцияга айыптоолордун бирине да жооп бере албады, коркок" деп генералды Инстаграм барагы аркылуу чымчыды.

Административдик абакта жаткан Навальныйдан албетте жооп боло элек. Эрөөлгө чыгам дейби же башка пикир айтабы 10 күндөн кийин билинет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG