Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

БУУ Казакстандагы жагдайга кабатыр болду


Казак полициясы Алматыдагы нааразылык акцияларынын катышуучусун кармап кетип жаткан учуру. 12-июнь, 2019-жыл.
Казак полициясы Алматыдагы нааразылык акцияларынын катышуучусун кармап кетип жаткан учуру. 12-июнь, 2019-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Казакстандагы камоого байланыштуу кабатырлыгын билдирди. Уюм Астананы адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Казакстанда президенттик шайлоого нааразы болгон жүздөгөн жарандар көчөгө чыгып, ондогон адамдар камакка алынган. Андагы соңку жагдайга байланыштуу БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсесинин башчысы Ришард Коменда атайын билдирүү таратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун желеги.
Бириккен Улуттар Уюмунун желеги.

«Казакстанда президенттик шайлоо убагында жана анда кийин тынч митингге чыккандарга, активисттерге жана журналисттерге карата бийликтин мамилеси терең өкүндүрөт. Пикирин эркин билдирүү, тынч жыйындарга чогулуу коомдун ийгиликтүү жана тез өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анын баарын негизсиз, себепсиз чектөө туруктуулукка жана социалдык биригүүгө кедергисин тийгизет», деп жазылат билдирүүдө.

БУУнун башкармалыгы эркин маалымат булактары Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында 9-10-июнь күндөрү кеминде миңдей адам камакка алынганын, алардын арасында журналисттер да болгонун белгилеген. Ал казак бийлиги андан аз адам административдик жазага тартылганын билдирип жатканына токтолгон. Ошондой эле соттук териштирүү укук бузуу менен коштолгону тууралуу кабардар экенин маалымдаган жана кармап-камоого байланыштуу камтама болуп жатканын билдирген.

«Бул адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын алдындагы Казакстандын милдеттенмелерине каршы келет. Мен Казакстанды жарандардын ой-пикирин эркин билдирүү, укугун коргоо, тынч жыйындарга чогулуу, өлкөнүн саясий жашоосуна толук катышуу боюнча укуктук милдеттенмелерин аткарууга чакырам», деди Коменда.

Ушул тапта Казакстанда жүргөн норвегиялык Хелсинки комитетинин Борбор Азия боюнча өкүлү Мариус Фоссум каршылык акциялары мурдагыдан да күчөшү мүмкүн экенин эскертти:

«Шайлоо адилетсиз өттү. Режимдин талапкери административдик ресурс колдонду. Мындай мүмкүнчүлүк башка талапкерлерде болгон жок. Бир эле жарандын бир канча жолу добуш бериши сыңары көрүнүштөргө күбө болдук. Мен Алматы шаарындагы эски аянтта болдум. Ондогон адамдар негизсиз кармалганын өз көзүм менен көрдүм. Дүйнөнүн баары казак бийлиги тынч жыйынга чогулгандарга кандай мамиле кыларына күбө болду. Мунун кесепети кандай болорун айтуу кыйын. Бирок менимче жакында дагы митингдер болот».

13-июнда Казакстандын Башкы прокуратурасы Нур-Султан жана Алматы шаарларында санкцияланбаган нааразылык акцияларында жалпысынан 950дөн ашык адам административдик жазага тартылганын билдирди. Ага ылайык, 670 адам 6 суткадан 15 суткага чейин камалды. Дагы 115 адамга айыппул салынды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 9-10-июнь күндөрү эки ири шаарда полиция бөлүмдөрүнө 700 адам жеткирилди. Казакстандык укук коргоочулар болсо камалгандар алда канча көп экенин айтып, окуяны өз алдынча комиссия текшеришин талап кылып жатышат.

Нааразылык акцияларын чагылдырып жүргөн журналисттердин да кармалышы тууралуу 13-июнда ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев журналисттерге учкай жооп берди:

«Бизге журналисттерди атайын акмалоо, камоо тууралуу буйрук берилген эмес. Андай иш эч кайсы бөлүмгө тапшырылган эмес. Нааразылык акциялары өтүп жаткан жерлерге өзүңөр бардыңар. Биздин кызматкерлер өз милдетин аткарып жаткан жерде өзүңөр жүрдүңөр. Полиция кызматкерлери жаныңарда жүрдү».

Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо өтүп, анда Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алды. Ал 12-июнда ант кармап кызматка киришкен күнү да нааразылык акциялары өтүп, адамдарды кармап-камоо уланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG