Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Секта мүчөлөрү өлүм жазасына тартылды


Токионун метро станцияларынын бири 1995-жылдын 20-мартындагы теракттан кийин. Архивдик сүрөт.
Токионун метро станцияларынын бири 1995-жылдын 20-мартындагы теракттан кийин. Архивдик сүрөт.

Жапонияда өкмөт өлкө тарыхындагы эң ири теракт үчүн айыптуулар өлүм жазасына тартылганын ырастады. "Аум Синрикё" деген сектанын лидери Сёко Асахара менен бул топтун башкы алты жактоочусуна чыгарылган өкүм бүгүн эртең менен аткарылган.

Өлүм жазасына тартылгандар Токионун метросунда 1995-жылы жасалган террордук чабуул жана башка кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылган. Жапония - "Чоң жетинин" тобунан өлүм жазасын колдонгон эки өлкөнүн бири.

1995-жылы 20-мартта Токионун метросунда зарин газы колдонулган террордук чабуул болгон. Андан кеминде он үч кишинин өмүрү кыйылып, 6000ден ашуун адам ар кандай деңгээлде жабыркаган. Анда "Аум Синрикё" сектасынын мүчөлөрү поездге уулуу газ толтурулган желим баштыктарды алып киришкен. Кол чатырлардын жардамы менен тешилген пакеттеги газ саналуу секундаларда эле тарап кеткен. Адамдар ууланып, айрымдарынын көзү көрбөй, шал оорусуна кабылган.

Сектанын ушул жана башка кылмыштары, жалпысынан 27 адамдын өлүмү үчүн жоопкер деп табылган мүчөлөрүнүн акыркы сот иштери быйыл январда гана аяктады. Аларды өлүм жазасына кескен алгачкы сот өкүмү 2004-жылы эле чыккан.

- Коомчулуктун басымдуу бөлүгү өзгөчө оор кылмыш үчүн өлүм жазасын колдойт. Мыкаачылык менен жасалган кылмыштар, киши өлтүрүү болуп жаткан азыркы шартта Жапония өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасынан кача албайт, - деди өлкөнүн юстиция министри Йоко Камикава өкүм аткарылганын ырастап.

Йоко Камикава.
Йоко Камикава.

Жапон министри ошондой эле мындан 27 жыл мурда болгон террордук чабуулдун таасири кандай болгонун эске салды:

- Бул мурда болуп көрбөгөн, өтө катаал жана келечекте эч кайталанбай турган кылмыштуу аракет эле. Ал Жапонияны эле эмес, бүткүл дүйнөнү да нес кылган. Мындан сырткары алар химиялык куралды колдонуп, жарандарды тандоосуз бутага алуу менен дүйнөнүн үрөйүн учурган кылмышка барган.

Бийлик жарыялагандай, 6-июлда эртең менен "Аум Синрикё" сектасынын жол башчысы, 63 жаштагы Сёко Асахара же өзүнүн чыныгы аты Тадзуо Мацумотону кошкондо өлүм жазасына жети киши тартылды. Алардын арасында сектанын аскер министри, заринди даярдап берген эки окумуштуу, аны метрого алып келген адамдардын бири да бар.

Өлүм жазасына жалпысынан "Аум Синрикёнин" 13 мүчөсү кесилген, демек дагы алтоо өкүмдүн аткарылышын күтүп жатат.

Сёко Асахараны полиция суракка алып келе жаткан учур. 25-сентябрь, 1995-жыл.
Сёко Асахараны полиция суракка алып келе жаткан учур. 25-сентябрь, 1995-жыл.

"Чоң жети" тобунан өлүм жазасы сакталган эки өлкөнүн бири болгон Жапония буга чейин БУУнун Кыйноого каршы комитети тарабынан өкүмдү ишке ашыруудагы ыкмалары үчүн сынга алынган. Бирок өкмөттүн 2015-жылкы сурамжылоосу калктын 80% жазанын бул жогорку чеги сакталышын колдой турганын көргөзгөн:

- Ооба, өлүм жазасы боюнча эл аралык талкуулар болуп жатканын билебиз. Бирок сот мурда эле аяктап, иш жабылган да. Менимче, бул жолу Жапония өкүмдү аткаруудан баш тарта алмак эмес, - деди Токионун Такенари Хирошита аттуу тургуну.

2010-жылы Жапонияда өлүм жазасы боюнча өкүмдөрдү аткарууга коюлган мораторийдүн мөөнөтү аяктаган.

«Аум Синрикё» же кыргызчалаганда «Чындыктын окуусу» деп аталган секта Жапонияда 1984-жылы негизделген. Ага көптөгөн билимдүү жаштар тартылып, башында буддизмдин, индуизмдин окууларына негизделсе, кийин өзүнө христианчылыкты да камтыган.

Сектанын башчысы Сёко Асахара ал түгүл өзүн Иса пайгамбар деп да жарыялаган. Жапонияда анын жолун жолдогондордун саны 10 миңге, Орусияда 30 миңге жеткени айтылган.

"Аум Синрикё" сектасынын жолун жолдогондор. 19-июль, 1999-жыл.
"Аум Синрикё" сектасынын жолун жолдогондор. 19-июль, 1999-жыл.

2016-жылы эле Орусиянын полициясы Москва менен Санкт-Петербургда секта мүчөлөрүнүн үйлөрү жана сыйынган жайлары деп эсептелген жерлерде бир нече рейддерди жүргүзгөн.

- Менимче полиция жана бийлик алдын алуу чараларын көрүп жатат, - деди жапон өкмөтүнүн баш катчысы Йошиходо Суга 6-июлда секта мүчөлөрүнүн болжолдуу өч алышын эске алып.

Азыр "Аум Синрикёнун" ишине Жапониянын өзүндө, башка көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG