Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

АКШ Израилдин "чагымчыл аракетин" сындады


Иерусалимге жакын жерге жөөттөрдүн жаңы түшкөн конуштары 6.12.2012
Иерусалимге жакын жерге жөөттөрдүн жаңы түшкөн конуштары 6.12.2012

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти башкы өнөктөшү Израилдин жаңы конуштарды куруу пландарына иренжигенин билдирди. Соңку жарыяларга караганда, Израил пландаган жаңы конуштар палестин тарап өз аймагы деп эсептеген жерлерге түшөт.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд Вашингтондон сүйлөп жатып, Израил лидерлеринин соңку кадамдарын тынчтыкка дилгирлигинен күмөн санаткан “чагымчыл аракет” деп атады:

- Конуштарды кеңейтүү маселеси боюнча акыркы билдирүүлөргө, жериндеги иштерге келсек, Израил чагымчыл үлгүдөгү аракетин улантууга көшөрүп алганына абдан иренжидик. Жаңы курулуштар боюнча пландар, утур-утур жарыялар тынчтык аракеттерге карама-каршы келет. Израилдин лидерлери эки мамлекет түзүү чечимин колдошоорун такай айтып келе жатышат. Бирок азыркы кадамдар бул максатты тобокелчиликке гана кириптер кылат.

Расмий Вашингтондун жогорудагыдай сөздөрү БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө европалык өлкөлөр: Франция, Британия, Германия, Португалия баштаган Кеңештин башка мүчөлөрү Израилдин курулуш пландарын айыптаган жаңы билдирүү даярдап жаткан маалда айтылды.

Израил Иордандын батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимде миңдеген турак үйлөрдү куруу боюнча жаңы пландарын өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинанын макамын “мүчө эмес байкоочу өлкө" кылып көтөргөн соң жарыялаган.

Бул жарыяны практикалык чаралар менен бекемдеп, жөөт бийликтери ушул дүйшөмбү күнү Чыгыш Иерусалимдин Рамат-Шломо деген районунда 1,5 миң үй курууга уруксат беришти.

Мындан сырткары жаңы планга ылайык, Израил Иордандын батыш жээгиндеги башка калктуу пункттарда 3 миңден ашуун үй түшүрүүнү көздөйт.

Палестина Израил конуш курууну пландаган Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары санайт.

Ал эми Израилдин көз карашында, Иерусалим толугу менен алардын түбөлүк борбору болуш керек.

Израил өз курулуш пландарын эл аралык коомчулуктан утур-утур айтылып жаткан эскертүүлөргө карабай улантууда.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ай башында Израилдин жаңы конуштары Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын келечегине сокку болорун, анткени Палестин мамлекетин түзүүнү турмушка жарамсыз кыларын белгилеген.

Айрым талдоочулар АКШнын Израилди 18-декабрдагы зекигени адаттагыдан катаал экенине көңүл бурушту.

Бирок Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд Вашингтондогу басма сөз жыйында белгилегендей, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Израилдин курулуш пландарына жооп чара катары даярдалып жаткан резолюция долбоорун АКШ колдобойт.

АКШ жанаша жана тынчтыкта жашаган эки мамлекет түзүү чечимине жетүүнүн жалгыз жолу - эки тараптын тикелей сүйлөшүүлөрү экенин кайталады.

Андыктан америкалык өкүл эки тарапты тикелей сүйлөшүүлөргө чакырып, бир тараптуу аракеттерден карманууга үндөдү:

- Биз Израилди да, палестиналыктарды да кайрадан тескери натыйжа бере турган иштер менен бир тараптуу аракеттерди токтотуп, тикелей сүйлөшүүлөргө кайтуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасоого чакырабыз.

Израил АКШнын Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөшү жана Кошмо Штаттардан жылына миллиарддаган доллар жардам алат.

Палестин автономиясынын БУУдагы макамы көтөрүлгөндө, АКШ менен Израил кошулуп, 9 мамлекет каршы чыккан.

Айтор талаштуу жерлерде жаңы конуштарды куруу боюнча жарыялар Израилдин саясатчылары 22-январда өтчү шайлоого даярданып жаткан кезде жасалууда.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, оңчул өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху жана анын өнөктөштөрү шайлоодо жеңип чыкчудай.

Израил менен Палестинанын тикелей сүйлөшүүлөрү акыркы эки жылдан бери токтоп калган эле.

Палестиналыктар болсо сүйлөшүүлөр башталганга чейин курулуш токтотулушун талап кылса, Израил бул талапты аткаруудан баш тартып келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG