Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Роуханинин Европадагы сапары


Ирандын президенти Хасан Роухани Швейцарияга келген учур. 2-июль, 2018-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани Швейцарияга келген учур. 2-июль, 2018-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани Батыш Европанын эки өлкөсүндө жүрөт. Анын иш сапарына тушташ Белгиянын бийлиги эки адамды камакка алганын жарыялады.

Кармалгандар "ирандык оппозициялык топтордун Франциядагы чоң жыйынында теракт жасоону көздөгөн" деп шек саналып жатышат. Иран президентинин Европадагы иш сапары 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимдин келечеги боюнча белгисиз абал сакталып турган учурга туш келди. Келишимден чыгып кеткен АКШ анын Иранга каршы экономикалык санкциялары жакын арада күчүнө кирерин эскертип жатат.

Белгиянын Башкы прокуратурасы менен чалгын кызматтары 2-июлда жарыялагандай, камакка алынган бир эркек менен бир аялга "теракт жасоого жана адам өлтүрүүгө даярдык көргөн" деген айып коюлмакчы.

Алар "Ирандын сүргүндөгү оппозициялык топторунун Франциядагы чоң жыйынына кол салууну көздөгөн" деп шек саналып жатышат.

Белгиянын билдирүүсүнө караганда, буга байланыштуу Ирандын Австриядагы элчилигинин дипломаты да Германиядан кармалып, кайра 2-июлда бошотулган.

Ушундан улам Франциянын өзүндө да кеминде үч адам камакка алынганы кабарланды.

Ирандын оппозициячыл топторунун Франциядагы жыйыны. 30-июнь, 2018-жыл.
Ирандын оппозициячыл топторунун Франциядагы жыйыны. 30-июнь, 2018-жыл.

Ирандын бозгундагы оппозициячыл топторунун башын кошкон,“Улуттук каршылык көргөзүү кеңеши” деп аталган бирикменин быйылкы жыйыны Францияда өтүп, анда “Эркин Иран”, “Ирандагы режимди алмаштыруу” деген ураан-чакырыктар илинип турган.

Бул жыйынга жана президент Хасан Роуханинин Европадагы сапарына тушташ жүргүзүлгөн камакка алуу операцияларын Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф "Твиттердеги" баракчасында “жалган операция” деп мүнөздөдү.

Күтүлгөн санкциялар

Роухани Европадагы иш сапарын 2-июлда Швейцариядан баштады. Андан кийин азыр Евробиримдикте төрагалык кылууга киришкен Австрияга барат.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимдин мындан аркы тагдыры арасат болуп турганда бул иш сапары Тегерандын ошол келишимди сактап калуу боюнча дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү катары каралууда.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

- Америкалыктар "Ирандын мунайын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербейбиз" деп жатышат. Бул бүткүл аймактын мунайы экспорттолбойт деген сөз. Алар өздөрү айтып жаткан нерсенин, "Иранга бир тамчы да мунай экспорттоого уруксат бербейбиз" дегенинин маңызын жакшы түшүнүшпөйт окшойт. Жакшы, колуңардан келсе ошондой кылып алгыла, анан жыйынтыгын көргүлө! - деди президент Хасан Роухани Берн шаарынан сүйлөгөн сөзүндө.

Ал иш сапарына чыгаарда Европа өлкөлөрү келишимди сактап калууга багытталган чаралардын топтомун кийинки күндөрү ачыкка чыгара турганын белгилеген.

Ирандын ИРНА жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, алардын жана 2015-жылдагы келишимге катышкан беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери Европанын сунуштарын жана келишимди коргоо боюнча башка чараларды ушул жума күнү Венада талкуулаганы жатышат.

АКШнын күтүлгөн санкцияларына өткөн аптанын соңунда Тегерандан Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи да комментарий берген. Ал санкцияларды “Иран элин бийликке каршы коюу аргасы” катары мүнөздөгөн.

АКШнын санкциялары күчүнө кирсе деле Ирандан мунай сатып ала берерин Тегерандын ири соода өнөктөрүнүн ичинен буга чейин Индия жана Түркия ырасташкан.

Ал арада Вашингтон Иран менен соода кылган тараптарга анын экономикалык санкциялары август айынан тартып жандана баштай тургандыгын эскертүүдө.

Брайан Хук.
Брайан Хук.

- Биздин стратегиянын чечүүчү бөлүгү - болушунча дипломатиялык жана экономикалык кысым көрсөтүү. Санкцияларыбыздын биринчи баскычы 4-августта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автомобиль секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат. Санкциялардын калган бөлүгү 6-ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат. Биз Ирандан чийки мунайды импорттогон өлкөлөр анын көлөмүн мүмкүн болушунча нөлгө түшүрүүсүнө жетишүүгө көңүл буруп жатабыз. Ал эми мунай базарындагы туруктуулукту камсыз кылыш үчүн башкы оюнчулар, өндүрүшчүлөр жана керектөөчүлөр менен да иштешүүдөбүз. Банк секторундагы санкциялар да 4-ноябрдан тартып калыбына келет. Биз анын жоболорун колдонуу менен Ирандын четтеги активдерин камакка алууга, Иран режимин эркин конвертацияланган валютадан ажыратууга жигердүү киришебиз, - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Брайан Хук 2-июлда Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Иранга каршы эл аралык экономикалык санкциялар ал 2015-жылдагы көп тараптуу келишимде өзөктүк программасын чектөөгө көнгөндөн кийин токтотулган.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG