Жыйын Ирандын өзөктүк программасы боюнча узактан берки талашты жөнгөрүүгө негиз болуучу келишимге жетүү үчүн мерчемделген акыркы мөөнөт аяктардан бир күн мурда өтүп жатат.
Дипломаттардын айтымында, тараптар келишим түзүлөрүнө үмүт артып турушат, бирок келишим 31-мартка карата түзүлөрү белгисиз.
Швейцариянын Лозанна шаарындагы бүгүнкү сүйлөшүүлөргө АКШ, Британия, Германия, Кытай, Франция, Ирандын тышкы иштер министрлери түгөл чогулду.
- Биз бул жерге келишим түзүлөт деп ишенгенден улам келдик. Келишим түзүлүүсү баарынын кызыкчылыгындагы маселе, бирок ал келишим Иранды өзөктүк бомбага жеткирбеши абзел. Бул маселеде эч кандай мунаса болбойт. Эгер биз алдыдагы бир нече саатта келишимге жетише тургандай болсок, Иран терең дем алып туруп, ошол кызыл сызык аткарыларын кепилдөөчү катаал чечимдерди кабыл алуусу талап кылынат, -деди британ тышкы иштери министри Филип Хэммонд.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия же P5+1 тобу менен Ирандын мындай министрлер деңгээлиндеги акыркы жолугушуусу былтыр ноябрда өткөн эле.
Анда сүйлөшүүлөргө тартылган тараптар келишим түзүү үчүн өздөрү мурда мерчемдешкен мөөнөттө муну жасай алышкан эмес жана кийинки мөөнөт катары 31-мартты белгилешкен болчу.
Британдык Financial Times басылмасы жазгандай, демек министрлер деңгээлиндеги азыркы жолугушуу “чечүүчү учурга” туш келди.
Өзү 26-марттан бери Лозаннада АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүп жатышкан.
Мөөнөт келип калганына байланыштуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтонго кайтуусун токтотту. Канча убакыт талап кылынса Швейцарияда калууга даяр экенин иран тарап да билдирүүдө.
Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдө түзүлөрүнө үмүт артылып жаткан келишимдин маңызы тууралуу мындай дейт:
- Биздин баарыбыздын тынчызданганыбыз жалгыз нерсе. Биринчиси-келишим түзүү, экинчиси - жакшы келишимди түзүү. Мен айткандай, жакшы келишим Иран өзөктүк куралга ээ болушуна жана өзөктүк куралды жасоосуна жол бербейт. Ал келишим өзөктүк куралдын жайылтылбашына, аймактын жана дүйнөнүн коопсуздугуна да салым кошот. Келишимге жетүү аймактык коопсуздук жана стабилдүүлүк үчүн да маанилүү. Биз бул маселеде европалыктар эле эмес, эл аралык коомчулук катары да бирбиз.
Акыркы кездери негизинен АКШ жана Иран ортосунда жүрүп келген сүйлөшүүлөрдө “олуттуу прогресс”, ошол эле учурда “ажырым бардыгы” да такай айтылып келинди.
Батыш маалымат агенттиктери сүйлөшүүлөргө катышкан дипломаттарга шилтеме берип кабарлагандай, тараптар мунаса табуу үчүн бири-бирине чегинүүлөргө барчудай.
Алсак, Тегеран эң талаш маселелердин бири - уран байытуучу жабдуу - центрифугалардын санын азайтууга жана байытылган уран корунун басымдуу бөлүгүн чет өлкөдө сактоого макул болуп жаткандай.
Ал эми Батыш өкмөттөрү өз тарабынан Иранга медициналык максатта уранды чектелген өлчөмдө жана көзөмөл астында байытууга мүмкүндүк берүү жагын караштырууда.
Жогорку деңээлде байытылган уран өзөктүк отун менен катар өзөктүк курал жасоодо да колдонулуучу зат. Аны байытуучу центрифугалардын санын чектөө жана байытылган уранды өлкөдөн чыгарып кетүү Иран өзөктүк курал жасоого жарамдуу материал өндүрүшүнө тоскоолдук кылышы керек. Тегеран болсо Батыш өлкөлөрүнүн ал өзөктүк курал жасоону көздөйт деген шек саноосун такай четке кагып келет.
Бул маселе боюнча талаш-тартыштар уланып жатканына быйыл 12 жылга аяк басты. Эгер тараптар 31–мартка карата талашты жөнгөрүүгө негиз болуучу келишимге жетишсе, жыйынтык келишимге 30-июнга барып кол коюлушу керек. Бирок ушул сааттарда 31-мартка чейин мунаса табылар-табылбасы анык эмес.