Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Меркел коалицияга жакындады


Канцлер Ангела Меркел Христиан-демократиялык союздун курултайында. Берлин, 26-февраль, 2018-жыл.
Канцлер Ангела Меркел Христиан-демократиялык союздун курултайында. Берлин, 26-февраль, 2018-жыл.

Германияда канцлер Ангела Меркелдин партиясы - Христиан-демократиялык союздун Социал-демократиялык партия менен түзүлө турган коалициялык келишимин колдоду.

Муну менен Меркелдин канцлердик кызматта төртүнчү ирет калышына жол ачылды. Бирок эң ири эки партия коалиция куроодо парламенттик башкаруу боюнча бай тажрыйбалуу Германия үчүн адаттан тыш ыкмаларга барууда.

Акыркы он эки жыл катары менен Германия бийлигинде биринчиликти бербей келе жаткан Христиан - демократиялык союзу тарыхый атаандашы - Социал-демократтар партиясы менен “чоң коалициянын” келишимин дүйшөмбү күнү (26-февраль) Берлиндеги курултайында көпчүлүк добуш менен жактырды:

- Федералдык шайлоодон беш айдан кийин биздин бул жерде туруп, коалициялык келишимге добуш берип жатканыбыз, мурда белгисиз болгон татаал жагдайга кептелгенибизди көргөздү. Германия менен Европанын тагдырын өз колубузда калтырып, аныктайбызбы же башкаларга карматабызбы, бул бизге гана көз каранды. Биз өз тагдырыбызды колубуздан чыгарып, башкаларга бергибиз келбейт, - деди Меркел курултайда сүйлөп жатып.

Ал эми курултайга чейин Берлиндеги басма сөз жыйында курагы алтымыштан ашканына токтолгон Меркел партияга жаңы дем берүү үчүн болочок өкмөт мурдагыдан жашарганын айткан.

- Алтымыштан ашкан жалгыз эле менмин. Калгандарынын баары менден бир аз же кыйла жаш. Ушул команда менен биз келечектин милдеттерин чечебиз, алдыбызда көп нерсе турат.

Берлиндеги курултайында Христиан-демократтар союзу партиянын баш катчылык кызматына, 63 жаштагы Меркелдин эң жакын саясий өнөгү, Саарланд жеринин премьер-министри Аннегрет Крамп-Ка́рренбауэрди шайлады.

55 жаштагы бул саясатчы айымды Германияда “кичи Меркел” деп атап коюшат.

Канцлер Ангела Меркел жана Христиан-демократиялык союздун баш катчылыгына шайланган Аннегрет Крамп-Ка́рренбауэр. Берлин, 26-февраль, 2018-жыл.
Канцлер Ангела Меркел жана Христиан-демократиялык союздун баш катчылыгына шайланган Аннегрет Крамп-Ка́рренбауэр. Берлин, 26-февраль, 2018-жыл.

Ошентип, парламенттик башкаруунун бай салты орногон Германияда башкы эки саясий партиянын бири акыркы шайлоодон беш айдан кийин коалициялык келишимди курултайда бекитсе, Социал-демократиялык партия мунун жообун өз мүчөлөрүнөн күтүүдө.

Немистердин бул экинчи ири саясий партиясынын жетекчилигинде буга чейин макулдашылгандай, коалициялык келишимдин тагдыры анын каттоодогу 460 миңден ашуун мүчөсүнүн добушу аркылуу чечилүүсү керек.

Почта аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-мартта жарыяланганы жатат.

Христиан - демократиялык союз менен Социал-демократиялык партия 2013-жылдан бери коалицияда.

Бирок алардын коалицияга кайрадан биригүү боюнча сүйлөшүүлөрү Меркелдин өкмөттү башка майдараак партиялар менен коалиция куроо аракети оңунан чыкпаган соң башталган.

Мындан улам социал-демократтардын Меркел менен бир коалицияга кирбей турганын айтып жүргөн лидери Мартин Шульц кызматтан кетти.

Эгер Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү добуш берүүдө коалицияны колдобой койсо, Германияда кайра шайлоо өтүшү керек же азчылыктын өкмөтү түзүлөт.

Талдоочулар кайра шайлоодо ашынган улутчул, антимиграциялык “Германия үчүн альтернатива” (AfD) партиясынын туруму азыркыдан чыңдаларын болжолдошот.

Аталган партия парламентке 12, 6% добуш менен былтыр 24- сентябрдагы шайлоонун натыйжасында алгачкы ирет кирди.

Анда Меркелдин Христиан-демократиялык союзу 26,8%, Социал-демократиялык партия 20,5% добуш алган.

Бул Германиянын эки ири партиясы үчүн тең Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG