Азыркы президент Николя Саркози Париждеги шайлоо штабында чогулган партиялаштары, жолдоочуларына кайрылып, француздар демократиялык шайлоо аркылуу жаңы президентин тандашканын айтты:
- Францияда республиканын жаңы президенти шайланды. Ал демократиялык жана республикалык принциптерге төп келген шайлоодо тандалды. Франсуа Олланд – республиканын президенти, муну урматташ керек. Мен азыр эле аны менен телефондон байланыштым. Бардык кыйынчылыктарда ага ийгилик каалагым келет.
Ошентип, бул ирет да добуш берүүнүн алдындагы сурамжылоолор так болуп чыкты. Жарыштын башынан эле социалисттик партиянын мурдагы төрагасы, 57 жаштагы Олланд жеңет деп айтылып жүрдү.
Бирок мартта Тулуз шаарынын аймагында исламчыл радикал Махмуд Меррахтын колунан 7 бейкүнөө киши ажал тапкандан кийин тараза ташы иммиграцияга бөгөт коюу саясатын жактаган Саркози тарапка оошу мүмкүн деген ойлор айтыла баштаган. Анын үстүнө Олланд келгиндерге шайлоо укугу берилиши керек деген көз караштан тайбай келатат. Бирок Тулуздагы окуя Саркози менен Олландга келгенде, шайлоочулардын пикирин анча өзгөрткөн жок көрүнөт.
Биринчи айлампада Олланд атаандашынан 500 миң көп добуш алган. Соңку күндөрү Саркози ажырымды кыскартууга жетишти. Шайлоодо ат салышкан калган 8 талапкердин ичинен бешөө Олландды колдошоорун билдиришкен. Эң таң калычтуусу, адатта, оңчулдардын идеяларын бөлүшкөн чордончул "Модем" партиясынын лидери, биринчи турда 9% добуш алган Франсуа Байру жактоочуларын тигил же бул талапкерге добуш бергиле деп үндөбөсө да, жеке өзү социалистке артыкчылык берээрин шаршемби күнкү теледебаттан кийин билдирген.
Дагы бир салт боюнча ашынган улутчулдардын “Улуттук фронттун” шайлоочулары экинчи айлампада консерватор Саркозини колдошот деп болжолдонгон. Биринчи айлампада алардын лидери Марин Лө Пен партия үчүн реккорддук 18% алып, марага үчүнчү болуп келген.
Бирок Лө Пен да тарапкерлерин эч кимге үгүттөгөн жок. Өзү болсо эч кимге добуш бербей турганын айтып, шайлоо участкасында сөзүнө турганын ырастап, "Баягы күнү актай бюллетень таштаарымды айтпадымбы. Мен өз оюмду тез тез өзгөртүп турган адам эмесмин", деди.
Байкоочулар, катардагы француздар бул жолу шайлоо өнөктүгү өтө узак болгонун айтышууда. Талапкерлердин катышуусунда айрым темалар талкууланганда, радикалдуу ойлор да айтылып кетип атты.
Социалист Олланд жумушсуздукту кыскартуу, экономикалык өсүштү камсыздоо багытында аракеттенип, Саркози көтөргөн пенсия жашын акырындык менен ылдыйлатууга убада кылып келатат. Ал эми эң биринчи чара катары күйүүчү майдын баасын убактылуу көтөрбөө жана мектеп жашындагы балдардын ата-энелерине берилчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралган. Баса, Олланд үгүт кампаниясын “Азыр өзгөрөлү!” деген ураан астында жүргүзүп келди.
Байкоочулар тойдун эртеси да болоорун эскертип, эми Елисей сарайынын жаңы кожоюну ошол убадаларды аткарабы? деген собол коюшат. Жаңы президенттин чабал жактары катары анын эч качан жооптуу мамлекеттик кызматты ээлебегинин айтышууда.
Олланддын жеңиши менен башкарууга социалисттер кайтып келишти. Акыркы жолу 1981-жылы Франсуа Миттеран оңчул Валери Жискар д'Эстенди жеңген.
Жаңы шайланган президент Миттерандын шакирти болуп эсептелет. Айрымдар Олланд жадагалса устатынын баскан-турганын, сүйлөгөнүн туурайт дешет.
Ошондон уламбы, кээ бир журналисттер акыркы күндөрү аны маркум президент менен алмаштырып алган күлкүлүү учурлар көп эле болду.
Олланд президенттик шайлоого 1 жыл калганда 15 килограмм арыктап, оратордук чеберчиликке үйрөткөн белгилүү адистен сабак алып жүрдү. Дагы бир кызыгы 2007-жылдагы президенттик шайлоодо Саркози Олланддын мурдагы жарандык жубайы Сеголен Руайял менен таймашып, аны 2-айлампада 6% көп добуш менен жеңген. Олланддын учурдагы айымы "Пари-Матч" журналынын таанымал журналисти Валери Триервайлер.
Кыргызстандагы “Ата-Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев социалисттердин Франциядагы жеңиши Европадагы, жалпы эле дүйнөдөгү социалисттер үчүн маанилүүлүгүн белгилейт:
- Акыркы глобалдык кризистерден кийин мамлекеттин ролу жана социалисттик көз караштар дүйнөдө кайрадан жаңылана баштады. Акыркы кризис соңку кезде эле Европада ондон ашуун өлкөнүн жетекчилерин алмаштырууга аргасыз кылды. Европа шериктештиги чоң сыноонун алдында турат. Франциядагы шайлоо мунун айкын мисалы.