Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Евро-2016: Коопсуздук башкы орунда


Париж Евро-2016 чемпионатына даярданууда. Эйфель мунарасы. 2016-жыл
Париж Евро-2016 чемпионатына даярданууда. Эйфель мунарасы. 2016-жыл

Бүгүн, 10-июнда Францияда Европа чемпионаты башталат. Теракт коркунучтарынан улам Евро-2016 чемпионатына эл аз келери айтылып жаткан. Ага карабастан билеттердин дээрлик баары сатылганы кабарланууда.

Спорт жаатындагы эң ири иш-чаралардын бири Европада катары менен жасалган теракттардын изи сууй электе өтүүдө.

Франция төрт жылда бир келүүчү майрам, быйылкы Европа чемпиондугун өткөрүүгө акыркы даярдыктарын көрүп бүттү.

Бир ай бою 24 команданын 51 оюнуна 2,5 миллионго чукул адам келери күтүлүүдө. Оюн бүтүндөй Франциядагы 10 стадиондо өтөт.

Мындан тышкары көчөнүн көрүнүктүү жерлеринен экрандан да оюн көрүүгө болот. Албетте, анын ичинде Эйфель мунарасына эбегейсиз, жүз миңге чейин киши көрө ала турган экрандар коюлду.

10-июндан 10-июлга чейин коопсуздукту камсыздоо үчүн 90 миң полиция, жоокерлер жана жеке күзөтчүлөр тартылат.

Париж полициясынын башчысы оюн өткөрүлгөн маалда коопсуздук мындан да катуу күчөтүлөрүн айтып, непадам чабуул болуп калса анын мизин майтарууга даярдыгына ишендирүүдө.

Өткөн жылдын ноябрында координацияланган теракттардан Францияда 130 адам набыт болгон. Ошондо өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал ушуга чейин алына элек. Франция, АКШ жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү жоочулардын чабуулу турнирлер учурунда да болушу ыктымалдыгын эскертишүүдө.

Анткен менен француз башкалаасына келген миңдеген турист, күйөрмандар азыр коопсуздук жаатында анчейин чочубагандай. Ата-энеси менен оюн көргөнү келген хорватиялык Ана Видич:

- Жакшы болорунан үмүт кылып атам. Менин атам согушта болгон. Ошон үчүн эч кандай көйгөй көргөн жокмун. Биз мындан чочубайбыз.

Ал эми АКШдан студенттерди жетектеп алып келген Кори Парсонс:​

- Мен бул жерде өзүмдү коопсуз сезем. Дегеле өзүм көп саякаттайм. Коопсуздук жаатына кыжалат деле болбойм. Башка баарына караганда көчөнүн бир жээгинен экинчи жагына өтүү коркунучтуу. Азыр бул жерде, бул чоң шаарда көңүлдүү эле жүрөбүз.

Азиялык орто жаштагы Куен Ченг айым:

- Бул жерде жүрүү коопсуз эле. Анткени күзөтчүлөр көп. Мен Гонконгдон келдим. Бу жерде тынч эле болот деп ойлойм,- деп ойлорун бөлүштү.

Өлкөнүн ички коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы 19-майда “Ислам мамлекети” террордук тобу тарабынан адамдар көбүрөөк топтолгон жерлерде жардырууларды уюштурабыз деген коркутуулар бар экенин белгилеген.

Коопсуздук боюнча эксперттер жана полиция кызматкерлери ресурс жетишсиздигинен эл көп топтолгон аймактарды коргоо көйгөйлүү болорун айтышкан.

Теракт коркунучунан улам эл келбей стадиондор толбой калат деген божомолдор болгон эле. Ага карабай ушу тапта билеттердин 99 пайызы сатылды деп УЕФАнын аткаруучу директору Мартин Каллен 9-июнда билдирди.

Чемпионат “Стар де Франс” стадионунда Франция-Румыния беттеши менен ачылат.

XS
SM
MD
LG