Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:20

Дарбазачылар парады


Тим Крул костарикалыктар тепкен 2 топту кармап калды. 5-июль, 2014-жыл
Тим Крул костарикалыктар тепкен 2 топту кармап калды. 5-июль, 2014-жыл

Шаршембиде жарым финалда Германия-Бразилия жана Аргентина-Голландия беттешмекчи. Голландия Коста Рика менен оңой эмес матчты пенальти боюнча жеңип алды. Ал оюнда дарбазачылар өзгөчө айырмаланды.

Алдыңкы айлампадан айырмаланып, чейрек финалдагы беттешүүлөрдө биринчи гол өзүн күттүргөн жок. Ал эми эки матчта бир топ ыңгайлуу жагдай жаралганы менен, бирден голго гана күбө болдук. Ошентип Франция германиялык Хюммел киргизген топко жооп кайтара албай, жарыштан чыгып калды.

Бразилия-Колумбия таймашы 2-1 эсеби менен аяктап, келээрки шаршембиде 2001-жылкы дүйнө биринчилигинин финалынын катышуучулары беттешмей болду.

Эртеси ойногон Аргентина менен Бельгиянын матчында Игуаин 8-мүнөттө гол киргизип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина үчүнчү наам үчүн күрөшүн улантмай болду. Алардын жарым финалдагы атаандашы Голландия менен Коста Риканын беттешүүсүндө аныкталды. Чейрек финалдагы алдынкы матчатардан айырмаланып, бул жолу жеңүүчү пенальтиден кийин гана белгилүү болду.

Ал оюндун чыныгы жылдыздары эки дарбазачы болуп калды. Костарикалык Навас голландиялыктардын чабуулдары учурунда бир нече ирет дарбазасын сактап калса, Тим Крул пенальтиде эки жолу топту кармап калды.

“Тактиканын генийи”. Бразиия чемпионаты башталгандан бери Голландиянын машыктыруучусу Ван Гаалдын дарегине бир нече жолу ушундай сөздөр айтылып келди.

Дарбазачыны пенальтинин жуп алдында, 120-мүнөттө алмаштырган машыктыруучу “оюнчуларды жөндөмдөрүнө жараша пайдаланыш керек” – деп түшүндүрдү.

Талаага жаңы күч чыгаруу убактысы эбак эле бышып жеткенине карабай, Ван Гаал акыркыга чейин оюндагы акыркы көзүрүн сактап келди жана пенальтинин алдында дарбазачыны алмаштырган биринчи машыкытруучу болуп калды.

Бразилиядагы чемпионатта буга чейин бир оюнга чыга элек Крулдун статистикасы арийне мыкты деп атоодон алыс. Алсак, 2010-жылдан бери Премьер Лигадагы 20 пенальтиден ал 2 жолу эле топту кармап калган.

Голландиянын курамында дагы бир дарбазачы – "пенальти киллер" деген атка конгон Мишель Ворм да бар. Бирок машыктыруучунун планы башкача болчу жана ал өзүн актады. Эми жарым финалда Голландия менен Аргентина беттешмекчи.

Дегеле Бразилиядагы чемпионатта дарбазачылардын жылдызы жангандай. Айрымдары тууралуу сөз кыла турган болсок, Бразилия менен матчта мексикалык Гильером Очоа Фред, Тияго Силва, Неймардын биринин аркасынан биринин чабуулдарына катуу туруштук берип, алкыштарга татыды. Футбол адистри анын рефлекс жөндөмүн өзгөчө белгилешет. Азыркы клубундагы контракты 1-июлда аяктаган таланттуу дарбазачыга кызыккандар албетте көбөйдү.

Нигериялык Винсен Энейяма биринчи айлампада 18 жолу топту токтотуп калып, чемпионаттын рекордун жаңыртты. Ал Месси менен Франция командасына гана туруштук бере алган жок.

Ал эми америкалык дарбазачы Тим Ховард Бельгия менен матчта 16 жолу өз дарбазасын коргоп калды. 1966-жылдан бери бир да дарбазачы мындай ийгилик жараткан эмес. Коушмча убакытта Ховард 93 жана 105-мүнөттөрдө гана багынды.

Адистерди таң калтырган дагы бир дарбазачы – Раис М‘Болинин ысымын ышкыбоздор Алжир-Германия беттешүсүнө чейин анча жакшы билчү эмес. 11 жолу немис футболчулары тепкен топту токтотуп калган дарбазачынын жардамы менен дүйнөнүн 3 жолку чемпиондору чейрек финал үчүн күрөштү кошумча убакытта улантышты.

XS
SM
MD
LG