Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Фейсбук саясий коопсуздугун күчөтөт


Фейсбук социалдык сайты саясий коопсуздукту күчөтүүдө. Буга АКШдагы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү негиз болгон. Компаниянын башкы директору Марк Цукерберг кара пиарды чектөө мүмкүнчүлүгүн алдыңкы бир нече айда иштеп чыгышарын билдирди.

Интернетте социалдык тармактардын ролу өскөнү алардын дүйнө өлкөлөрүндөгү түрдүү саясий процесстерге да таасири артканы белгилүү.

Маселен, Фейсбуктун бир айлык активдүү колдонуучулары акыркы маалыматтарга караганда 2 миллиардга жетти. Алардын арасында жүз миңдеген кыргызстандыктар бар жана ошондон улам бул сайт аркылуу тиги же бул талапкерди ашкере мактоо же көөлөп жамандоо жакшы натыйжага алып келиши мүмкүн.

Бул мүмкүнчүлүк өткөн жылкы АКШ шайлоосунда кеңири колдонулду. Анда фейсбукка АКШдагы талылуу маселелер боюнча чагымчыл жарнамалык материалдар да чыгарылып турду. Ал маалыматтарды орус бийлигине жакын тараптар ачкан аккаунттар жайылтты деген шек жаралды.

Марк Цукерберг
Марк Цукерберг

Жарнамадан жан бакканы менен анын жакшы-жаманын ылгабайт, муну менен АКШдагы шайлоого орус тараптын кийлигишүүсүнө аянт болуп берди делип Фейсбук сынга кабылган.

Мына ушундан улам, сентябрдын башында Фейсбук АКШ боюнча саясий реклама тараткан, Кремлге жакын делген 500гө чамалуу фейк аккаунттарды – же өз атынан катталбаган колдонуучуларды тапканын жарыялаган.

21-сентябрда болсо АКШ шайлоосуна оро-пара чыгарылган, сайтындагы 3 миңдей жарнаманы Конгресске жана күч түзүмдөрүнө өткөрүп берерин жарыялады.

"Мен кайсы бир тарап биздин инструменттерди демократияга каршы колдонушун каалабайм" деген Марк Цукерберг Кошмо Штаттарындагы шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөнү кубаттарын билдирди. Ошондой эле бир нече кадам менен сайтынын жарнама коопсуздугун бекемдей тургандыктарын белгиледи:

- Саясий рекламаны ачык-айкын кылабыз. Телеканал же башка маалымат каражаттары реклама аларда мыйзамга ылайык төлөгөн кишини ачыкташы керек эмеспи. Ошон үчүн биз да Фейсбуктун ачык- айкындуулугун дагы жогорку деңгээлге көтөрөлү деп жатабыз. Сиз ошондо кайсы баракчага акча төлөнгөнүн эле билип калбастан, жарнама берүүчүнүн баракчасына кирип, алар фейсбуктагылар үчүн колдонуп жаткан жарнаманы көрө ала тургандай кылабыз, – деди Фейсбуктун негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг.

Ал муну менен башка бир өлкөнүн шайлоосуна кийлигишкен же башка бир талапкердин башынан ылдый жугунду куйган жарнама жасоого татаал система түзүүнү ырастоодо.

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Интернетте бийликти социалдык тармак аркылуу сындагандарды чектөө аракети кызуу талкуу жаратты.

Ошол эле учурда Цукерберг коопсуздукка, өзгөчө саясий жараяндардын коопсуздугуна кам көрүшөрүн белгиледи.

- Эмки жылы шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн иштеген командабызды эки эсе көбөйтөбүз. Жалпысынан коопсуздук, коомдук коопсуздук жаатында иштеген командаларбызга 250дөн ашуун адамды кошобуз. Дүйнөдөгү бардык шайлоо комиссиялары менен өнөктөштүгүбүздү арттырабыз. Эми биз алардын конкреттүү шайлоосундагы интернет коркунучтары тууралуу шайлоо комиссияларына маалымат бере турган канал ачабыз.

Мындан тышкары, жасалма (фейк) аккаунттар тууралуу башка платформалар менен маалымат бөлүшөбүз дейт. Анткени Фейсбукка коркунуч жараткан бирөө башка да, маселен, Твиттерде деле ал кылыгын жасайт деген чочулоо бар.

Фейсбук коопсуздук кадамын алгач ушул дем алышта Германияда өтө турган шайлоодон баштоону пландоодо. Алар мамлекеттик органдар менен биригип миңдеген башка бир жасалма ат менен катталган колдонуучуларды ашкерелеп, өчүрүүдөн баштамакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG