Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:44

Барак менен Мишелдин сүрөтү музейге коюлду


Президент Барак Обама аялы, биринчи канайым Мишель Обама жана эки кызы менен. 2011-жыл
Президент Барак Обама аялы, биринчи канайым Мишель Обама жана эки кызы менен. 2011-жыл

Вашингтондогу Улуттук портрет галереясы АКШнын биринчи ынды кара президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обаманын портрети менен толукталды. Бул эки сүрөт АКШ президенттеринин расмий портреттерин тартуу салтына чоң жаңылык киргизди.

Кехинде Уайли. Эми Шерлад. Бул эки сүрөткердин аты 12-февралдан тарта Кошмо Штаттардын тарыхынан өчпөйт. Себеби, бул күнү алардын кыл калеминен жаралган АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жана анын жары, биринчи канайым Мишел Обаманын портреттери Вашингтондогу Улуттук портрет галереясынан орун алды.

Бул окуя Америка үчүн эмнеси менен маанилүү? Биринчиден, Улуттук портрет галереясы 50 жылдык тарыхында биринчи жолу АКШнын биринчи ынды кара лидери Барак Обаманын расмий сүрөтүнө эгедер болду. Экинчиден, АКШнын президентин жана биринчи канайымынын береги музейге илине турган расмий портреттерин биринчи жолу ынды кара чеберлер тартты.

Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обаманын портрети
Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обаманын портрети

Ошентип, Барак Обама жана Мишел Обама Улуттук портрет галереясында портрети илинген биринчи афро-америкалык жубайлар гана эмес, алардын ысымы өздөрүнүн расмий портреттерин биринчи жолу афро-америкалык сүрөтүн тарттырган биринчи президенттик үй-бүлө катары АКШнын тарыхына чегилди.

Вашингтондогу Улуттук портрет галереясы Лондондогу портрет галереясынын үлгүсүндө 1962-жылы АКШ Конгресси тарабынан “Кошмо Штаттардын тарыхына, өнүгүүсүнө жана маданиятына олуттуу салым кошкон эркектер менен аялдарды” даңазалоо жана элесин элге көрсөтүү максатында негизделген. Ошого Смитсон музей-институтуна караштуу бул галереядан өлкө тарыхында ысымы мөөрдөй басылган акын-жазуучулар, художниктер, инженер ойлоп тапкычтар, коомдук ишмерлер, көзү ачыктар, атүгүл атактуу аферисттер менен уурулардын сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Барак жана Мишел Обаманын портреттери музейден орун тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:06 0:00

Улуттук портрет галереясынын короосунда 12-февралда өткөн салтанатта Барак Обама оболу аялы Мишел Обаманын портретине кайрылып, өмүрлүк жарынын cуйсалган сүрөтү купулуна толгонун жашырбады.

- Бул аябай сонун болуптур! Сизге мен сүйгөн аялдын сулуулугун, нарк-насилин, интеллектин, ажарын, назын ушунчалык таамай сезгениңиз үчүн алкыш.

Маралдай керилген биринчи айым балтиморлук ынды кара художник Эми Шерлад тарткан портретте оң колу менен ээгин жөлөгөнсүп турат. Сол колу кайчылашкан буттарынын үстүнө жеңил ташталган. Жеңсиз, этек жагы кенен ак темгил көйнөгү өңү көк сур кылып тартылган Мишел Обаманын ажарын ого бетер ачкан. Композициялык жактан алганда художник форма менен өңгө көп маани бергендей.

Барак Обаманын 213х152 өлчөмүндөгү портрети болсо ачык боёктор менен тартылгандыктан, бул галереядагы өзүнө чейинки АКШнын 43- президентинин сүрөттөрүнөн кескин айырмаланат.

Барак Обама жасалгалуу жыгач орундукта тизесинде кылдат кайчылашкан колдоруна таянып-таянбай алга тигилет. Моюнунда жагоосу жок, ак көйнөк, кара костюмчан. Ойлуу көздөрү, бет булчуңдары, ак аралаган чачтары дале да болсо бийлик жүгүнүн изиндей туюлат.

Арт жагындагы жашыл жалбырактар жана ар жерде бажырайган хризантема жана жасмин гүлдөрү Обаманын көркүн ого бетер ачат. Ар бир гүлдө катылган маани бар. Ак жасмин гүлү Обама төрөлүп, чоңойгон Гавайи аралдарынын символу.

Кызгылт жана ток сары хризантемалар Чикаго шаарынын расмий гүлү. Улуу максатка шыктандырган Обама 1985-жылы Нью-Йорктогу майлуу-сүттүү кызматын таштап, жалчыбаган акчага Чикагого келип, жамааттар үчүн түрдүү коомдук иштерди уюштуруучу болот. Ушу Чикагодон үч жолу Иллийнос штатынын парламентине сенатор болуп шайланат. Ушу Чикагодон Конгресске шайланып, кийин президенттикке аттанат. Ал эми кырмызы лилиялар - Барак Обаманын ата-теги Африкадан экенин жышааналайт.

Барак Обама 12-февралдагы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө өзү сыяктуу эле Кехинде Уайлинин да апасы ак америкалык жана аталары африкалык экенин, экөө тең атасыз чоңойгонун жана аларды апалары асырап бакканын белгилей кетти.

- Экөөбүздүн айрым окшош жактарыбыз бар экенин билдик. Экөөбүздүн тең энелерибиз бизди жанындай аздектеп өстүргөн жана колдогон америкалык болгон. Экөөбүздүн тең аталарыбыз Африкадан, биз аларды көрбөй өстүк жана биз аларды издеп тапмакчы болуп, сапарга да чыкканбыз...

Кехинде Уайли кырктын кырында. Анын түрдүү боёкторду кайнар булактай оргуштатып, рококо стилинде тарткан өңү ынды кара же кара күрөң кишилердин портреттерин АКШнын көптөгөн музейлеринен көрүүгө болот.

Сөз кезеги Мишел Обамага келгенде, мурдагы биринчи канайым “бир аз толкундап”, портрети ал күтпөгөндөй жакшы болгонун баса белгиледи жана өзүнүн портрети музейге келген ынды кара кыздарды чоң максаттарга шыктандырат деген тилегин айтты:

- Мен бардык жаштар, өзгөчө, кыздар жана ынды кара кыздар жөнүндө да ойлойм. Алар алдыдагы жылдары бул жерге (музейге) келип, өйдө карап, бул дубалга өздөрүнө окшош адамдын образы илинип турганын көрүшөт.

Бул жерде Барак Обаманын 2009-жылы АКШнын биринчи ынды кара президенти болуп шайланып, эки мөөнөт мамлекетти жетектегени, биринчи канайым Мишел Обаманын расмий жагдайларда өзүн абдан татыктуу алып жүрүүсү да афро-америкалыктар түгүл, өлкөдөгү азиялыктар менен Түштүк америкалыктардын да жашоосуна күчтүү импульс бергенин белгилей кеткен оң.

Мишел Обама жана Эми Шералд
Мишел Обама жана Эми Шералд

Муну 44 жаштагы Эми Шералд да “Нью-Йорк Таймска” 12-февралдагы салтанаттан кийин берген видеоинтервьюда белгилеген.

- Ооба, муну (портретти) мен тарттым. Бул маанилүү. Себеби Мишел Обаманын сүрөтүн тартуу чоң сыймык. Мен ал турган турпаты менен бул өлкөгө көп нерсени берди деп ойлойм. Ал бизге жакшы болууга жана (ишти) жакшы жасаганга багыт көрсөттү деп эсептейм. Ушул нерсени сүрөттө көрсөткүм келди.

Ал эми Кехинде Уайли президент Обаманын ал тарткан портрети жөн эле боёк эмес экенин, мааниси андан да кенен жана чоң экенин белгилеп, сүрөттүн жаралышын мыйзам ченемдүүлүк катары сыпаттады галереядагы салтанатта.

- Бул (портрет) биз коом катары майрамдаганы жаткан инсан. Бул биздин адамгерчилигибиз. Бул биздин “мен жасай алам”, мен бул жерде болдум деп айта турган жөндөмүбүз. Кошмо Штаттардын биринчи афро-америкалык президентин сүрөткө тартканга жөндөмдүү биринчи афро-америкалык художник болуу чексиз сыймык.

Баса, АКШнын 43-президенти Жорж Буш менен зайыбы Лаура Буштун, ошондой эле 42-президенти Билл Клинтон менен Хиллари Клинтондун Улуттук портрет галереясындагы сүрөттөрү салттуу классикалык стилде тартылган. Жорж жана Лаура Буш сүрөттө үйдө эс алып жайма-жай отурат. Билл Клинтон болсо Ак үйдүн очогунун жанында тигинен турса, Хиллари айымдын күчтүү эгосу портреттен даана сезилет.

Барак Обама менен Мишел Обаманын Улуттук портрет галереяда турчу портреттери АКШнын президенттеринин бул музейде сакталчу расмий сүрөттөрүн тартуу стилине олуттуу жаңылык киргизери күмөнсүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG