Буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарда жогорку баага арзыган тасма Оскарга да көргөзүлгөн. Ошол эле маалда айрым байкоочулар фильмде бүгүнкү Орусиянын бийлиги сындалганын белгилеп, мындай тандоо таң калычтуу экенин айтышат.
Буга чейин орусиялык бир эле фильм – Сергей Бондарчуктун «Согуш жана тынчтык» киноэпопеясы 1969-жылы Алтын глобуска татыган. Сыйлык 1944-жылдан бери Голливудда иштеген журналисттердин башын бириктирген Чет өлкөлүк прессанын ассоциациясы тарабынан ыйгарылып келет. Алтын глобус кино дүйнөсүндө Оскардан кийинки экинчи маанилүү жана абройлуу сыйлык болуп саналат. Баса, режиссер Андрей Звягинцевдин драмасы декабрда чет тилдеги фильмдер категориясында Оскарга көргөзүлгөн 9 талапкердин тизмесине киргизилген. Бир нече күндөн кийин ошол тизмеден 5 фильм иргелип, жеңүүчү 22-февралда Лос Анжелесте белгилүү болмокчу.
"Левиафандын” бет ачары өткөн жазда Канн кинофестивалында болгон. Анда фильм эң мыкты сценарий үчүн сыйлык алган. Кийин Лондон жана Мюнхендеги фестивалдарда Гран-приге татыган.
Фильм Орусиянын түндүгүндөгү чакан шаарда жашаган аракка берилген Николай аттуу механик менен анын жерин тартып алып, өзүнө менчик үй курууга аракеттенген ач көз, коррупциялашкан, көп ичкен мэрдин тирешин баяндайт.
Үчүнчү каарман – механиктин аракеч адвокаты юридикалык мыйзамдарга шилтеме жасап эле убакытты бошко кетирген, аткаминерлер мазактаган, теңине албаган адам катары сүрөттөлгөн.
Николай мэрге туруштук берүү үчүн адвокаттын жардамы менен ага каршы компромат чогултууну максат кылат.
Фильмдин мазмунун эске алганда, орус бийлигинин анын бюджетинин 35 процентин каржылоосу, Орусиянын атынан Оскарга көргөзүлүшү таң калычтуу көрүнөт. Анын үстүнө маданият министри Владимир Мединскийдин өкмөт “шайланган бийликти сындабай эле, ачыктан ачык ага түкүргөн” фильмдерге акча бөлбөйт деп айтканы бар.
Байкоочулар жогорку бийлик өкүлдөрү “Левиафанда” путиндик Орусия сындалганын байкашкан жокпу же Кремль Оскар өңдүү абройлуу сыйлык алуу менен өз имиджин көтөрүүгө аракеттенүүдөбү дешет? Бул суроого жооп фильмдин өлкө ичиндеги прокатына көз каранды болмокчу. Азырынча Звягинцевдин драмасын Орусияда калың эл көрө элек.
Режиссер бийликтин колдоосуна өзү да таң калганын Эркин Европа/Азаттык радиосунун «Учур» программасындагы интервьюсунда айткан:
- Маданият министри менен биздин патриоттуулук түшүнүгүбүз, тилекке каршы, айырмаланат болуш керек.
Режиссер «коомдун көйгөлөрүн, кара тактарын жаап жашыруу, биз эң мыктыбыз, бизде бардыгы жакшы деген патриотизмди чындыкты билгиси келбеген, сабатсыз өспүрүмдүн позициясына» теңейт.
Ошол эле маалда Звягинцев фильмди акчалай колдоо чечимин эксперттерден турган топ кабыл алганын белгилейт.
- Бир топ эксперттер долбоор, сценарий менен таанышып, бардык жактарын жакшылап таразалап чыккандан кийин тасманы колдош керек деген коллегиалдуу чечим чыгарышкан. Мамлекет 30 же 35 процент каражат бөлгөн.
Режиссердун айтымында, тасма орусиялык улуу сатириктер жана коомдук сынчылар Салтыков-Щедрин, Достоевский, Чеховдун салттарына ылайык тартылган. Ошол эле маалда жакында «Экран» журналы менен маегинде Звягинцев сценарийге 2004-жылы АКШда жергиликтүү бийлик менен талашка кириптер болгон бир кишинин бульдозер менен мэрдин мурдагы үйүн жана шаар акиматын сүрдүрүп салган окуя булак болуп бергинин айтып берген.
Ал эми продюссер Александр Роднянский Алтын глобусту алып жатып, фильмде орус өкмөтү сындалганын четке какты.
“Кайдыгер мамлекеттик системага туш болгон жөнөкөй адамдын таржымалы универсалдуу көрүнүш”, - деди продюссер.