Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Назарбаев менен Трамп тил табышты


Нурсултан Назарбаев менен Доналд Трамп.
Нурсултан Назарбаев менен Доналд Трамп.

Кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен кездешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү 7 жарым миллиард долларлык 20 инвестициялык жана соода-экономикалык келишимге кол коюшту.

Жарандык активисттерэки президенттин сүйлөшүүсүндө Казакстандагы адам укуктары маселеси козголорунан буга чейин эле күмөн санап келишкен.

Үч күндүк расмий иш сапарын баштап жатып, Назарбаев 16-январда Трамп менен кездешти.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

- Казакстан жакшы өнүгүп жатат. Башка өлкөлөргө караганда артыкчылыктары бар экенин айта кетүү зарыл. Антсе да кыйын жагдайларга кептелген учурлар жок эмес. Бирок өлкөнүн президенти - өтө урматтуу адам. Бир топ жакшы иштерди жасап келатат. Сиз менен жолугушуу чоң сыймык, - деди Дональд Трамп.

АКШ президенти Казакстан аймактагы коопсуздук маселесинде маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Астанага Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштөгү көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Назарбаев болсо өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Вашингтонго рахмат айтты.

- Казакстан АКШ менен ар дайым жакшы саясий байланышта болуп келген жана биздин өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн Америка колдоп жатканын баалайт, - деди Нурсултан Назарбаев.

Иш сапарынын жүрүшүндө тараптар 7 жарым миллиард долларлык 20 инвестициялык жана соода-экономикалык келишимге кол коюшту.

Ак Ордонун билдиргени боюнча кол коюлган документтер авиация жана космосту изилдөө, нефтехимия жана айыл чарбасы, инфраструктураны өнүктүрүү тармактарын камтыйт.

Буга чейин Назарбаев Астана «Боинг» учактарын сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ошондой эле Казакстан АКШнын жарандары үчүн виза режимин алып салганын белгилеп, буга жооп иретинде кадам жасалат, эки өлкө ортосунда түз авиакаттам киргизилет деген үмүтүн ортого салды.

Назарбаев АКШнын энергетика министри Рик Пэрри менен кездешүүдө АКШнын ири мунай компаниялары Казакстанда иш алып барып жатканын белгилей кетти.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

- Газ жана мунай чөйрөсүндөгү кызматташуубуз кызуу жана ийгиликтүү жүрүп жатат. Америкалык компаниялар мунай кендерин өздөштүрүүгө 50 миллиард доллар сарптаган. "Шеврон" ушу тапта 2-фазанын үстүнөн иштеп жатат. Ири Кашаган кенинде мунай өндүрө баштадык. Ал жакта "Эксон-Мобил" компаниясы иштеп жатат, - деди Назарбаев.

Иш сапарына чейин эле казакстандык бир катар укук коргоочулар менен саясат таануучулар Ак үйдөгү жолугушууда Казакстандагы адам укуктары боюнча маселе козголорунан күмөн санап келишкен.

Парламенттин мурдагы мүчөсү Зауреш Батталова "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда мындай кездешүүлөрдө адатта экономикалык маселелер сөз болорун, «адам укуктары болсо экинчи планда каларын» айтты.

Назарбаев өлкөнү башкарып келаткан 26 жыл ичинде оппозициялык күчтөр жок кылынган, жарандык активисттер менен укук коргоо уюмдары куугунтукталып келатат.

Баса, 77 жаштагы Назарбаев ушуну менен америкалык 5-президент менен расмий түрдө жолугушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG