Швеция сотунун чечими Жулиан Ассанждын алты жылдан бери уланып келаткан юридикалык тирешүүсүн дагы узартып, эми Лондон полициясы аны кийинки айда суракка тартууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу адвокаты Пер Самуэлсон 16-сентябрда билдирип, кардарынан апелляциялык арыз берүү тапшырмасын алганын кошумчалады.
- Мен аны менен жарым сааттай мурун сүйлөштүм. Швеция бийлигинин жана Швеция сотунун ал төрт жылдан бери жашап келаткан жашоо шартын көз жаздымда калтырганына ызаланганын айтты. Ал дал ушул сөздү колдонду. Ошондой эле Швециянын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз менен кайрылууну айтты.
Австралиянын 45 жаштагы жараны Ассанж бул Скандинав өлкөсүндө зордуктоо үчүн айыпталып жатат.
Соттун билдирүүсүндө белгиленгендей, Швеция прокуратурасы 2010-жылы эле козголгон кылмыш ишти өтө жай териштирүүдө. Ушул күнгө чейин Ассанж бир да жолу суракка алына элек. Бирок процесстин коомдук маанисин эске алуу менен аны камакка алуу ордерин күчүндө калтыруу чечими кабыл алынды.
Ошол эле маалда Швеция сурак жөнүндө макулдаша алды. Ассанж экстрадициядан коркуп, 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашырынып жүрөт. Аны эквадордук прокурор суракка алмакчы.
- Биз алты жылдан бери сурак жүргүзүүгө үндөп келгенбиз. Негизинен бул кабарды жакшы кабыл алдык, бирок ал кечиккендей болуп калды. Балким, Ассанждын адилет сот укугуна түбөлүккө көлөккө түштү, - деди адвокаты Самуэлсон.
Ассанж дооматтарды четке кагып, камакка алынса швед бийлиги аны АКШга өткөрүп берерин айтат. Ал жакта «Викиликстин» түптөөчүсү жашыруун документтерди шардана кылгандыгы үчүн соттолмокчу.
Ошол эле маалда Ассанж Америка бийликтеринин колуна түшүп берүү шарттарын атады. Ал үчүн АКШ президенти Ассанжга купуя маалыматтарды өткөрүп берип турган Челси Мэнингдин күнөөсүн кечүүгө тийиш. АКШ армиясынын мурдагы офицери, 35 жаштагы Мэнинг өтө сырдуу документтерди ачыкка чыгарып салгандыгы үчүн 35 жылга соттолуп, ушу тапта жазасын өтөп жатат.
Февралда Улуттар уюмунун комиссиясы Ассанждын Эквадор элчилигинде жашырынып келатышы камоого барабар деп таап, аны кое берип, компенсация төлөө керек деген бүтүм чыгарган. Ошондон кийин ал ордерди жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылган.
“Викиликс” сайты 2010-жылдын жайында АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарына байланыштуу жашыруун аскерий документтерди, ошондой эле америкалык дипломаттардын Мамдепартаментке жөнөткөн купуя каттарын жарыялап, эл аралык деңгээлде ызы-чуу салган.